Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
1,048 Бардыгы / «Супер ТВ» медиасынын журналисти Шаиста Шатманова Райымбек Матраимовго байланыштуу маселени көтөрбөө тууралуу телефон аркылуу эскертүү болгонун «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Мындай сунуш президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен видеомаек (#Саясий коктейл) уюштуруу максатында суроолорду аталган дарекке алдын ала жөнөткөндөн кийин берилген. Журналисттин жазганына караганда Мамытовго берилчү суроолордун арасында Матраимовго байланыштуу, анын ичинде Матраимовдордун кызыкчылыгын […]
1,049 Бардыгы / «Супер ТВ» медиасынын журналисти Шаиста Шатманова Райымбек Матраимовго байланыштуу маселени көтөрбөө тууралуу телефон аркылуу эскертүү болгонун «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Мындай сунуш президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен видеомаек (#Саясий коктейл) уюштуруу максатында суроолорду аталган дарекке алдын ала жөнөткөндөн кийин берилген. Журналисттин жазганына караганда Мамытовго берилчү суроолордун арасында Матраимовго байланыштуу, анын ичинде Матраимовдордун кызыкчылыгын […]
ЖУРНАЛИСТ ШАИСТА ШАТМАНОВА: ДЕПУТАТ МАТРАИМОВ БАСЫМ ЖАСАДЫ
20.01.2021 / Автор orozalieva

1,050 Бардыгы /
«Супер ТВ» медиасынын журналисти Шаиста Шатманова Райымбек Матраимовго байланыштуу маселени көтөрбөө тууралуу телефон аркылуу эскертүү болгонун «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
Мындай сунуш президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен видеомаек (#Саясий коктейл) уюштуруу максатында суроолорду аталган дарекке алдын ала жөнөткөндөн кийин берилген.
Журналисттин жазганына караганда Мамытовго берилчү суроолордун арасында Матраимовго байланыштуу, анын ичинде Матраимовдордун кызыкчылыгын коргоп жүргөн адвокаттын Мамытов тарабынан «судья кылып дайындалышы тууралуу да суроолор бар болчу».
Журналист «Азаттыктын» тактоочу суроолоруна жооп берип жатып бул дал келүүбү же чын эле Матраимовдордун бийликке таасири дагы эле күчүндөбү билбей тургандыгын айтты. Ал ошондой эле телефон чалган «Райымбек Матраимовдун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов» экенин бышыктады:
«Ал: «Кечке эле Матраимов деген темага жабышып эле калдыңар. Кыргызстанда башка маселе, башка тема калбай калганбы?» деген сөздөрдү айтты. Буйрук берген жок, албетте. Бирок «Башка тема жокпу?» деген суроонун өзүн басым көрсөтүү деп ойлойбуз».
Депутат Искендер Матраимов журналистке телефон чалганын «Азаттыкка» тастыктады, бирок басым көрсөтпөгөнүн, ошондой эле байланыштын Талант Мамытовго тиешеси жок экенин билдирди.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупциялык чуулуу иштери тууралуу буга чейин бир катар журналисттик иликтөөлөр чыккан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Райымбек Матраимовго 2020-жылдын октябрында кылмыш ишин козгоп, 20-октябрда кармаган.
Тергөө маалыматтарында Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнү, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганы кабарланган.
Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.
Кийинчерээк ал бюджетке 2 млрд. сом төлөгөнү расмий кабарланган. Каражаттын 1 млрд. 400 млн. сому акчалай, калганы бир соода борбору, тогуз батир түрүндө төлөнгөн.
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 6-январдагы жарлыгы менен дайындаган судьялардын арасында Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жана Ысмайыл Матраимов фондунун кызыкчылыктарын коргоп келаткан адвокат Лейла Байдаева да бар. Мамытовдун басма сөз кызматы «судьяны бекитпей коюуга эч кандай негиз жок болчу» деп учурунда билдирген.
WWW
Автор orozalieva
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
22.10.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО 6 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ
-
22.10.2025 / Автор anarkan_kg КЕПИЛДИК ФОНДУ: АЯЛ ИШКЕРЛЕР 1,5 МЛРД. CОМДОН АШЫК НАСЫЯ АЛЫШТЫ
-
-
-
13.11.2024 / Автор anarkan_kg ЭШИГИН КӨРҮП ТӨРҮНӨ ӨТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.