Аймак

«ФЕЙСБУК» КЫРГЫЗСТАНДА ЖАЛГАН МААЛЫМАТ ТАРАТКАН ЖҮЗДӨН АШУУН АККАУНТТУ ЖАПТЫ

«ФЕЙСБУК» КЫРГЫЗСТАНДА ЖАЛГАН МААЛЫМАТ ТАРАТКАН ЖҮЗДӨН АШУУН АККАУНТТУ ЖАПТЫ

 561 Бардыгы /

«Facebook» Кыргызстанда жалган маалымат тараткан жүздөгөн аккаунттарды жапканын маалымдаган баяндама таратты.

Жабылган социалдык тармактардагы түйүн 2020-жылдагы парламенттикжана 2021-жылдагы президенттик шайлоо учурундагы үгүт маалында бир катар саясатчыларды колдосо, айрымдарын тынбай сындап турган.

«Фейсбуктун» баяндамасында жергиликтүү медиа мекемеге байланышы бар деп эсептелген «Фейсбуктагы» 121 аккаунт, 46 баракчажети топ жана«Инстаграмдагы» 41 аккаунт болгон.

Алар өздөрүнө ыңгайлуу кабарларды көбүрөөк таркатыш үчүн «Фейсбукка» чыккан жарнамалык материалдарга 1250 доллар сарпташкан. Бул социалдык тармактардагы топторго жүздөгөн аккаунттар катталган.

Компаниянын иликтөөсүнө ылайык, жабылган аккаунттардын, баракчалардын, топтордун айрымдары мурда-кийин маалымат айдыңында жүргөндөргө, өкмөттө иштегендерге жана «Media Center»аттуу медиага байланышы болгон.

«Media Center» мекемесин 2019-жылдын аягында мурдагы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун парламенттеги депутат иниси Асылбек Жээнбеков төрага болуп турганда спикердин басма сөз катчысы болгон Нуркан Керимбаев ачкан.

Керимбаев бир кезде «Кабар» улуттук маалымат агентигинин жетекчисинин орун басары болуп да иштеген. Асылбек Жээнбеков былтыр октябрдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого«Биримдик» партиясы менен барган.

Керимбаев экс-спикер Асылбек Жээнбековдун жакшы таанышы экенин танбайт. Бирок шайлоодо кайсы бир саясий күчтөрдүн пайдасына Интернетте тролль, фейк өнөктүгүн жүргүзбөгөнүн айтууда. Керимбаев «Media Center» сайты былтыркы парламенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) расмий каттоодон өтүп, партиялардын үгүт материалдарын жайгаштырып иштегенин билдирди. Ачылганына бир жыл жетип-жетпеген медиага капчыктуу партиялар жарнама берген.

«Биз «Бир Бол», «Республика», «Кыргызстан» жана «Биримдик» партиялары менен иштештик. Алар берген материалдарды сайтыбызга жайгаштырып берип жаттык. Мен муну мындай божомолдоп жатам: төрт партиянын өзүнүн пиар компаниясы бар. Алардын СММ (SMM) командасы бөлүшөт, социалдык тармактар аркылуу таратат. Балким ошондон да болушу мүмкүн», – деди Керимбаев.

Мындан сырткары «Facebook» дагы бир топ ондогон аккаунттарды өчүрдү. Ал негизинен саясий партияларга байланыштуу маалыматтарды жарыялаган, комментарий берүүгө адистешкен баракчаларды жапты.

«Клооп» басылмасынын редактору Рустам Халиловдун айтымында, айрыкча кайсы бир медиада журналисттик иликтөөлөр жарыяланган учурда сайттын баракчалары троллдор армиясынын чабуулуна кабылат.Халилов кожоюндарын улам алмаштырып, буюртма алып иштеген туруктуу фейктер бар экенин айтты:

«Анча тажрыйбасы жок Интернет колдонуучу ал маалыматтарга ишенип алышы мүмкүн. Бирок бизге фейк экени белгилүү эле болчу. Алар бири-бири менен социалдык тармактарда дос, андыктан байланыштуу экенин түшүндүк. Биз бул бир эле адамдар деп так айта албайбыз, бирок бир эле топко ар кайсы саясий күчтөр алардын кызыкчылыгы үчүн иштеп берүүнү өтүнүп кайрылышы мүмкүн экенин билебиз».

«Клооп» басылмасы Интернеттеги шектүү аккаунттар боюнча «Facebook» компаниясына кайрылып келген. Кыргызстанда саясий күчтөр айрыкча шайлоо мезгилинде социалдык тармактарда каршылашын сындап, кожоюнун мактап-жактаган троллдор фабрикасын колдонору жаңылык болбой калды. «Kaktus media», «Temirov Live», «Клооп» жана «Азаттык»медиалары социалдык тармактарды каптаган фейктер, троллдор жана боттор жөнүндө байма-бай иликтөө жүргүзүп келишет.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17