Аймак

НООКАТТА ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДА КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

НООКАТТА ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДА КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

 696 Бардыгы /

ОШ. Ноокат районунда жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча “Бирдиктүү алдын алуу күнү” өткөрүлдү. Бул жөнүндө Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Ошентип Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө жайгашкан беш билим берүү мекемесинде Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, жашы жете электер инспекциясынын, милициянын аймактык тескөөчүлөрү жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо максатында бирдиктүү алдын алуу күнүн өткөрүштү. Анын жүрүшүндө Ноокат районундагы мектеп окуучулары менен атайын жолугушуулар өткөрүлүп, алардын сабакка катышуусу, ата-энеси миграцияда жүргөн окуучулардын абалы менен жакындан таанышып, алардын укуктарын коргоо боюнча көзөмөл күчөтүлүп, аларды караган жакындарына түшүндүрүү иштери дагы жүргүзүлдү. Ал эми абдан аз камсыз болгон үй-бүлөлөдөгү өспүрүмдөрдүн жашоо-шарты, үй-бүлөлүк ал-акыбалы дыкаат текшерилип, маалыматтар райондогу социалдык жактан коргоо мекемесине жиберилди.

Буга улай Ноокат жергесинде мектеп окуучуларына кылмыштуулукту алдын алуу боюнча видео роликтер көрсөтүлүп, таажы илдетинен кантип сактануу боюнча сабактар дагы өткөрүлдү. Мындай иш-чара аталган аймакта ар жуманын шаршемби күнү такай өткөрүлүп келатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17