Аймак

АЛА-БУКА РАЙОНУНДА 12 ЧАКЫРЫМ ЖОЛГО АСФАЛЬТ ТӨШӨЛӨТ

АЛА-БУКА РАЙОНУНДА 12 ЧАКЫРЫМ ЖОЛГО АСФАЛЬТ ТӨШӨЛӨТ

 720 Бардыгы /

Райондун “Водохранилище-Шекафтар-Пап” жолунун 12 чакырым аралыгына асфальт төшөлөт. Учурда  жол тегиздөө иштери жүрүп, ага 18 атайын техника тартылган.

Жумуш аткарууну “Амантур-Сервис Строй” ЖЧКсы тендер аркылуу утуп, анын жалпы баасы 124 миллион сом деп бааланган. Сарпталуучу каражат райондун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн.

Асфальттоо иштери бүткөрүлсө Ала-Бука районун 1-Май, Көк-Таш, Көк-Серек жана Чаткал районунун Сумсар айылдарынын 30 миңден ашуун калкынын райондун борборуна баруучу каттамы жеңилдейт.

Байканбек САДЫКОВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17