Аймак

БАТКЕНДЕ АЙЫМДАР ИШКЕРДИГИН ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕСИ КАТУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

БАТКЕНДЕ АЙЫМДАР ИШКЕРДИГИН ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕСИ КАТУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

 741 Бардыгы /

БАТКЕН. Баткен облусунун  Исфана шаарында – 200, Сүлүктү  шаарында 100гө чукул айымдардын катышуусунда “Өз ара жардамдашуу мезгили” аталышындагы конференция ишин аяктады.

Бул иш-чарага Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова катышып, айымдардын, өзгөчө үй кожойкелеринин жашоо-шартын мындан ары жакшыртуу максаттары, заман талабына жараша кирешелүү жумуш менен алек болуусу, тилектерин жүзөгө ашыруу менен, аны өнүктүрүү жаатындагы ойлору, сунуш-пикирлери менен тең бөлүшүп, кеңири баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.  Конференциянын максаты аялдардын ишкердигин илгерилетүү, айымдардын экономикалык деңгээлин, ошондой эле алардын руханий, инсандык, кесиптик өнүгүүсүн жогорулатуу эле. Мындан тышкары ишкер аялдардын дараметин жогорулатуучу аянтчалар колдонулуп, ошондой эле өз тажрыйба  алмашуу дагы кызуу жүрдү. Маселен, биогумус өндүргөн агроном Райхан Салиеванын тажрыйбасы үлгү катары көрсөтүлүп, катышуучуларга органикалык биогумус өндүрүүнүн жол-жобосу түшүндүрүлдү.  Ошондой эле аймакты органикалык бренд облуска айлантыруу максатында ар бир үйдө сөөлжан багуу жана органикалык жер семирткичти өндүрүү максатталды. Мындан ташкары ишкердикти баштоо, аны бара-бара ырааттуу түрдө өнүктүрүү жолдору жөнүндө кеп-кеңештер айтылды. Конференциянын алкагында  «Керемет жашоонун сырлары» аталышында тренинг өтүп, анда кыялдарды жүзөгө ашыруунун түркүн сырлары тууралуу айтылып, айымдардын ишкердик, экономикалык, саясий, лидерлик жөндөмдөрүн арттырууга багытталган мастер-класстар өткөрүлдү.

Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнүн демилгеси аркасында уюштурулган «Керемет жашоонун сырлары» кербени мындан ары облустун бардык район-шаарларында улантылаары мерчемделди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17