Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
679 Бардыгы / 2020-жылы Кыргызстандан Өзбекстанга ири мүйүздүү жана майда мал жандыктын экспорту 9,2 эсеге көбөйгөн. Маалыматка караганда, өткөн жылдын 11 айында Кыргызстан коңшу өлкөгө 10,4 миң баш ири мүйүздүү жана 36 миң баш майда мал жандык экспорттогон. 2019-жылы ири мүйүздүү мал үчүн бул көрсөткүч 574ү, майда малдыкы 4,4 миңди түзгөн. Өткөн жылы Кыргызстандын мал экспортунун […]
680 Бардыгы / 2020-жылы Кыргызстандан Өзбекстанга ири мүйүздүү жана майда мал жандыктын экспорту 9,2 эсеге көбөйгөн. Маалыматка караганда, өткөн жылдын 11 айында Кыргызстан коңшу өлкөгө 10,4 миң баш ири мүйүздүү жана 36 миң баш майда мал жандык экспорттогон. 2019-жылы ири мүйүздүү мал үчүн бул көрсөткүч 574ү, майда малдыкы 4,4 миңди түзгөн. Өткөн жылы Кыргызстандын мал экспортунун […]
БЫЛТЫР ӨЗБЕКСТАНГА ЭКСПОРТТОЛГОН МАЛ ДЭЭРЛИК ОН ЭСЕГЕ КӨБӨЙГӨН
22.01.2021 / Автор aymak681 Бардыгы /
2020-жылы Кыргызстандан Өзбекстанга ири мүйүздүү жана майда мал жандыктын экспорту 9,2 эсеге көбөйгөн.
Маалыматка караганда, өткөн жылдын 11 айында Кыргызстан коңшу өлкөгө 10,4 миң баш ири мүйүздүү жана 36 миң баш майда мал жандык экспорттогон. 2019-жылы ири мүйүздүү мал үчүн бул көрсөткүч 574ү, майда малдыкы 4,4 миңди түзгөн.
Өткөн жылы Кыргызстандын мал экспортунун 98% Өзбекстанга туура келген. Бирок ишкерлер Улуттук статистика комитетинин бул маалыматы чыныгы сандарга дал келбейт деп эсептешүүдө. Алардын айтымында, аткезчиликти эске алганда, фермерлер 2020-жылы бир нече эсе көп мал сатышкан.
«Мен бул сандарга көп ишене бербейм. Биз да базарга анализ жүргүзүп турабыз, бул маалыматтар чыныгы сандар менен дал келбейт. Экспортко тыюу салынганы аткезчилер үчүн жакшы болду. Алар буга чейинкиден да активдүү иштей башташты», — деди «Кыргызленд» экспортерлор жана импортерлор бирикмесинин төрайымы Ленара Ниязбекова.
2020-жылы ноябрда өкмөт малды сыртка сатууга убактылуу тыюу салган. Айыл чарба министрлиги муну азык-түлүк коопсуздугу менен түшүндүргөн. Бирок бул чектөө айрым фермерлерди нааразы кылган. Бир жумадан кийин мекеменин башчысы Тилек Токтогазиев массалык аткезчиликке даттанган. «Бизге өлкөнүн түштүк райондорунда мал аткезчилик жол менен чыгарылып кетип жатканы боюнча көптөгөн билдирүүлөр келип түшүүдө. Бодо малды эле алсак, күн сайын 1000 башка чейин чыгарылып кетүүдө», — деген ал.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымды түзсө, анын 15% тактала элек. Ала-Бука районунун тургуну айрым такталган жерлерде да эч кандай тосмо жок болгондуктан, малды коңшу өлкөгө айдап өтүү өтө жеңил экенин билдирди:
– Өзбекстандан сатып алуучулар өздөрү келишет же аларга алып-сатарлар жардам беришет. Алар 30-40тан баштап 100 башка чейин сатып алышат. Ала-Бука, Аксы, Чаткал жана Өзгөн райондорунда ачык жерлер көп, малды жайыттардан түз эле айдап кетсе болот. Аны эч ким текшербейт. Текшерсе да өзү жайып жүргөн мал экенин айтып кете беришет.
Расмий статистика боюнча Кыргызстанда 2020-жылы азык-түлүк 17,6%, эт 26,3% кымбаттаган. Жылдын экинчи жарымына чейин 350 сомдон ашпаган эттин баасы жыл соңунда 450-500 сомго чейин жогорулаган.
WWW
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
-
30.05.2023 / Автор anarkan_kg ӨЗБЕКСТАН КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ ДУБАЛДЫ БУЗДУ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.