Аймак

ЧАТКАЛДАГЫ КЕНДИН САРКЫНДЫЛАРЫ ДАРЫЯГА КОШУЛУП КЕТКЕНДЕН КИЙИН ЭЛГЕ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

ЧАТКАЛДАГЫ КЕНДИН САРКЫНДЫЛАРЫ ДАРЫЯГА КОШУЛУП КЕТКЕНДЕН КИЙИН ЭЛГЕ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

 1,362 Бардыгы /

23-январь күнү Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында кен казуучу фабриканын тундурмасынан саркынды суулары ашып, дарыяга кошулуп кеткенден кийин элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Терек-Сай суусуна болжол менен 60 метр куб саркынды кошулуп кеткен. Аны тазалоо иштерине кенди иштеткен «Эти Бакыр» фирмасынан 2 жүктөгүч, райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылды. 23-январь күнү тартылган техникалардын жардамында тосмо калыбына келтирилген. 24-январда саркынды суунун зыяндуулугун текшерүү үчүн жарандык коргонуу комиссиясы суудан жана агып түшкөн массадан анализдерди алып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына экспертизага жөнөтүшкөн.

Мындан сырткары жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгы чыкканга чейин Терек-Сай, Эшалы болуш, Ак-Терек айылдарынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу жана комиссиянын актысында көрсөтүлгөн сунуштарды толугу менен аткаруу «Эти Бакыр» фирмасына милдеттендирилди.

Окуя тууралуу:

23-январда саат 15:30 чамасында Чаткал районунун Терек-Сай аймагында алтын ылгоочу фабрика иштеткен жай ачылып кетип, фабрикадан иштетилип чыккан калдыктар дарыя суусуна кошулуп кеткени кабарланган.

Жергиликтүүлөр арасында «Дарыядагы сууну ичпей тургула дамба жарылып кетти. Сууга цианид кошулуп кетти, химикат кошулду» деген тасмалар да тараган.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17