Аймак

БИШКЕК-МОСКВА БАГЫТЫ БОЮНЧА 67 МИҢ 800 СОМ СУММАСЫНДАГЫ АВИАБИЛЕТ ТУРОПЕРАТОР ТАРАБЫНАН ЖАСАЛМА ЖОЛ МЕНЕН КӨТӨРҮЛГӨНДҮГҮ АНЫКТАЛДЫ

БИШКЕК-МОСКВА БАГЫТЫ БОЮНЧА 67 МИҢ 800 СОМ СУММАСЫНДАГЫ АВИАБИЛЕТ ТУРОПЕРАТОР ТАРАБЫНАН ЖАСАЛМА ЖОЛ МЕНЕН КӨТӨРҮЛГӨНДҮГҮ АНЫКТАЛДЫ

 1,167 Бардыгы /

Авиабилеттердин баасынын негизсиз көтөрүлүп кетишинин фактыларын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кызмат Орусияга авиабилеттердин баасынын негизсиз көтөрүлүп кетүү фактысы боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө.

“Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө ЭККМКнын кызматкерлери Бишкек шаарындагы авиакассалардын биринен Бишкек-Москва багыты боюнча 67 миң 800 сом суммасындагы авиабилетти текшерүүчү сатып алууну жүргүзүштү, анда учуунун наркы туроператор тарабынан жасалма жол менен көтөрүлгөндүгү аныкталды, ал жогорку суроо-талаптан пайдаланып, авиабилеттердин наркын мыйзамсыз жогорулаткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат”, – деп жазылат маалыматта.

Учурда республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо иштери жүрүп жатат.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17