Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,099 Бардыгы / Ислам Каримовдун бюстуПоделиться Print Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда мектеп мугалимдери маркум президент Ислам Каримовдун бюстуна акча чогултууга мажбурланууда. Бул тууралуу жергиликтүү мугалимдердин «Озодлик» радиосуна жөнөткөн кайрылуусунда жазылган. «Биз мугалимдердин атынан кайрылып жатабыз. Жакында мектеп директору облустук акимчиликтен Каримовдун бюстун алып келди. Ал анын баасы 450 миң сум (50 доллар) экенин, ар бир мугалим 10 […]
1,100 Бардыгы / Ислам Каримовдун бюстуПоделиться Print Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда мектеп мугалимдери маркум президент Ислам Каримовдун бюстуна акча чогултууга мажбурланууда. Бул тууралуу жергиликтүү мугалимдердин «Озодлик» радиосуна жөнөткөн кайрылуусунда жазылган. «Биз мугалимдердин атынан кайрылып жатабыз. Жакында мектеп директору облустук акимчиликтен Каримовдун бюстун алып келди. Ал анын баасы 450 миң сум (50 доллар) экенин, ар бир мугалим 10 […]
ӨЗБЕКСТАНДА МУГАЛИМДЕР ИСЛАМ КАРИМОВДУН БЮСТУ ҮЧҮН АКЧА ЧОГУЛТУУГА МАЖБУРЛАНУУДА
25.01.2021 / Автор orozalieva1,101 Бардыгы /
Ислам Каримовдун бюстуПоделиться
Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда мектеп мугалимдери маркум президент Ислам Каримовдун бюстуна акча чогултууга мажбурланууда. Бул тууралуу жергиликтүү мугалимдердин «Озодлик» радиосуна жөнөткөн кайрылуусунда жазылган.
«Биз мугалимдердин атынан кайрылып жатабыз. Жакында мектеп директору облустук акимчиликтен Каримовдун бюстун алып келди. Ал анын баасы 450 миң сум (50 доллар) экенин, ар бир мугалим 10 миң сумдан чогултса, топтолгон акчаны акимчиликке жеткирип берерин айтты. Биз пандемия шартында ансыз деле араң жашап жатсак, акча чогултууга мажбурлап жатышат. Мындай акча чогултуулардан тажадык», — деп жазылган мугалимдердин кайрылуусунда.
Облустун Чиракчин районундагы бир нече мектептин директору мугалимдердин бул билдирүүсүн ырасташты.
– Бир нече күн мурда райондогу 10 чакты мектепке Ислам Каримовдун бюсттарын таштап кетишти. Ар бир директордон аны сатып алып, руханият сабактары өткөн класстарга коюу тууралуу тил кат жаздырып алышты. Азыр акча чогултуп жатам, дагы 100 миң сум керек. Бул сумма топтолгондон кийин облустук акимчиликке жеткирип берем», — деди райондогу директорлордун бири.
Райондук акимчиликтин кызматкери мектептерге Каримовдун бюстун таратып берүү буйругу облустук администрациядан келгенин билдирди.
Бирок Кашкадарыя облустук акимчилиги бул маалыматты четке кагууда.
– Биринчиден, туңгуч президенттин бюстун таратуу облустук билим берүү башкармалыгы менен макулдашылып ишке ашырылууда. Облус боюнча бир нече үлгүлүү мектепти тандап алып, аларга демөөрчүлөрдүн акчасына Каримовдун бюстун сатып берүүнү чечтик. Бизде мугалимдерден акча чогултууга тыюу салынган, ошондуктан мындай кылууга эч кимдин укугу жок. Силерге туура эмес маалымат беришиптир», — деди акимчиликтин өкүлү.
Өз кезегинде облустук билим берүү башкармалыгы мектептерге таратып берүү үчүн Ислам Каримовдун 200 бюстун алганын кабарлады. Мекеменин билдирүүсүндө азыр бюсттар башкармалыктын имаратында экени, алар үчүн каражат демөөрчүлөрдөн же бюджеттен тышкаркы булактардан келиши керектиги белгиленген.
«Бюсттар Чиракчин, Мубарек, Каршин, Касан жана Дехканабад райондорундагы каражатты өз алдынча төлөйбүз деген мектеп директорлоруна гана берилди», — деп жазылган билдирүүдө.
Каримовдун бюсттарын даярдоо менен алектенген Ташкенттеги «Темир воҳаси» ишканасынын жетекчиси Талиб Пулатов бул демилге Ислам Каримов атындагы республикалык кайрымдуулук фондуна таандык экенин билдирди.
«2019-жылдан бери жалпысынан Ислам Каримовдун 1,5 миң бюстун жасадык. Алар Кашкадарыя облусунан тышкары Фергана облусундагы бюджеттик мекемелер менен мектептерге таратылды. Бюсттарды өлкөнүн бардык аймактарына таратуу планы бар», — деди Пулатов.
WWW
Автор orozalieva
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.