Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
769 Бардыгы / Башкы прокуратура 10-январдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев «Белизгейт» фактысы боюнча камалганын билдирди. Мекеменин 25-январдагы маалыматында УКМК менен Аскер прокуратурасынын биргелешкен иликтөөсүндө Сегизбаевдин күнөөлүү экени боюнча далилдер табылганы айтылат. Ал Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганы жазылган. Учурда сотко […]
770 Бардыгы / Башкы прокуратура 10-январдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев «Белизгейт» фактысы боюнча камалганын билдирди. Мекеменин 25-январдагы маалыматында УКМК менен Аскер прокуратурасынын биргелешкен иликтөөсүндө Сегизбаевдин күнөөлүү экени боюнча далилдер табылганы айтылат. Ал Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганы жазылган. Учурда сотко […]
АБДИЛ СЕГИЗБАЕВ «БЕЛИЗГЕЙТКЕ» БАЙЛАНЫШТУУ КАМАЛДЫ
26.01.2021 / Автор aymak

771 Бардыгы /
Башкы прокуратура 10-январдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев «Белизгейт» фактысы боюнча камалганын билдирди.
Мекеменин 25-январдагы маалыматында УКМК менен Аскер прокуратурасынын биргелешкен иликтөөсүндө Сегизбаевдин күнөөлүү экени боюнча далилдер табылганы айтылат. Ал Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганы жазылган.
Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Сегизбаевден башка шектүүлөрдү аныктоо иштери жүрүп жатканы кабарланды.
Башкы көзөмөл органынын билдирүүсүнө караганда, 14-январда «Белизгейт» боюнча мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов жана башка адамдардын кайрылуусу менен иш Жазык кодексинин 320-беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүүгө алынган.
25-январда Сегизбаев УКМКда бир нече саат сурак берип жатканы кабарланган.
Ошондой эле «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы лидери, депутат Шыкмаматовдун «Белизгейт» боюнча мурда Башкы прокуратурага жазган арызы кайрадан тергелип жатканы белгилүү болгон.
2016-жылы УКМКны жетектеген Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы «Альфа Телекомдун» мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылганы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн парламентте жарыя кылган.
Ал сөз болуп жаткан документтерде саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган. Кийин документтин түп нускасы УКМКда жок болуп чыккан.
Башкы прокуратура 22-январда Сегизбаев Чүй облусундагы жер мыйзамдарын бузууга байланышкан коррупциялык схемага байланыштуу шек саналып жатканын жана тиешелүү материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын маалымдаган.
Сегизбаев буга өзүнө карата козголгон кылмыш иши Жазык кодексинин «Коррупция» беренесине «дал келбейт» деп жооп кайтарган. Ал 22-январдагы басма сөз жыйында өзүн камоо боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айткан:
“Биринчиден, тапшырманы аткарып атышат. Жазга чейин эмне болсо да мени камап, тынчытыш керек болуп атат. Андан кийин отчетун беришет да. Камалды деп. Экинчиси, эртең-бүрсүгүнү да бирдеме алып чыгабы деп коркуп атышат. Дебатта көп нерсе айтылып кетпедиби. Болгон нерселердин баарын айттым. Кандай коррупция, кандай ишмердүүлүк болгонун. Бийликке келгендердин. Дагы бирдемени чукуп чыгат деп коркуп атышат. Үчүнчүдөн, бул- саясий өч алуу”, – деген Сегизбаев.
УКМКны 2016-2018-жылдарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген Сегизбаев 10-январдагы президенттик шайлоодо ат салышып, 1,46% добуш алган.
WWW
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
27.01.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ИНКЛЮЗИВДҮҮ ПЛАТФОРМА ЛИФТИ ОРНОТУЛДУ
-
11.02.2026 / Автор anarkan_kg САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ЖАҢЫ АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ
-
23.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ МЭР ИШИН БАШТАДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.