Өлкө аймактары менен кубаттуу
МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТӨРТ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ
ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУЛАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
- ticket title
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
901 Бардыгы / 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү Кыргызстандагы бардык Бийлик бутактарын ырааттуу түрдө тазалоо максатында эң ириде “Люстрация” мыйзамын токтоосуз кабыл алып, аны дароо эле ишке киргизүүнү азыркы Кыргыз Бийлигинен абдан катуу талап кылып жатышат. Ушуга улай Ата Мекендик жана Чет өлкөлүк серепчилер дагы Өлкөбүздүн Баш мыйзамынын – Конституциясынын улам-улам өзгөртүлүшү КЛАНДЫК КООМДУН оожалышына гана […]
902 Бардыгы / 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү Кыргызстандагы бардык Бийлик бутактарын ырааттуу түрдө тазалоо максатында эң ириде “Люстрация” мыйзамын токтоосуз кабыл алып, аны дароо эле ишке киргизүүнү азыркы Кыргыз Бийлигинен абдан катуу талап кылып жатышат. Ушуга улай Ата Мекендик жана Чет өлкөлүк серепчилер дагы Өлкөбүздүн Баш мыйзамынын – Конституциясынын улам-улам өзгөртүлүшү КЛАНДЫК КООМДУН оожалышына гана […]
БИЙЛИККЕ МЕКЕНЧИЛ, АБИЙИРДҮҮ, ТАПТАЗА КҮЧТӨР КЕЛМЕЙИНЧЕ, КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖЕМКОРЛУК ЭЗЕЛИ ТЫЙЛБАЙТ
26.01.2021 / Автор aymak

903 Бардыгы /
2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү Кыргызстандагы бардык Бийлик бутактарын ырааттуу түрдө тазалоо максатында эң ириде “Люстрация” мыйзамын токтоосуз кабыл алып, аны дароо эле ишке киргизүүнү азыркы Кыргыз Бийлигинен абдан катуу талап кылып жатышат. Ушуга улай Ата Мекендик жана Чет өлкөлүк серепчилер дагы Өлкөбүздүн Баш мыйзамынын – Конституциясынын улам-улам өзгөртүлүшү КЛАНДЫК КООМДУН оожалышына гана даңгыр жол ачты дешип катуу кабатырланышып, үстөккө-босток коңгуроо кагышууда.
- 1990-жылдан берки Кыргызстандагы бардык революциялардын –
ыңкылаптардын эң эле башкы талаптары дагыле аткарылбастан келатат, эй. Жаңыдан шайланган Президентибиз Садыр Жапаров жемкорлукка аеосуз күрөш жарыялагандыгына карабастан, азыр деле биз шордуу мурункудан беш бетер таланып-тонолуп жатабыз, – деп чырылдады Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Топчубек Тургуналиев. – Мен тээ 2010-жылда эле Бийликтин бардык бутактарын тегиз тазартуу максатында “Люстрация” мыйзамын жазгамын. Дал бүгүн ушул өтө маанилүү документти кыйшаюусуз кабыл алуу жана токтоосуз ишке киргизүү зарылчылыгы туулуп олтурат. Анткени, мамлекетибизге миллиондогон-миллиарддаган сомдук зыяндарды келтиргендерге адегенде акчасын мамлекет казынасына кустуруп-төлөтүп, андан соң гана аларды өмүр бою мансаптан жана саясаттан биротоло четтетип, экинчи Мамлекеттик кызматтарга дайындалуу жана шайлануу өңдөнгөн Конституциялык укуктарынан сөзсүз түрдө ажыратуу абзел! Мындан тышкары буларды такай жандап-коштоп жүрүшкөндөрдү дагы айыбына жараша үч жылдан баштап он жылдан кем эмес мезгилге дейре Бийлик бутактарына дайындалуу жана шайлануу укуктарынан ажыратуу зарыл! Менимче, дал бүгүн мындай чукул жана катаал чаралар көрүлмөйүнчө, Кыргызстандагы жемкорлук, айланайындар, эзели тыйылбайт!
Ал эми таанымал Орус саясат таануучусу Александр Кынев Кыргызстандагы Жогорку Кеңеш мурда деле, азыр дагы жападан жалгыз жолбашчынын – Президент Садыр Жапаровдун тегерегинде гана түптөлүп аткандыгы кендирди катуу кесип жаткандыгын эч жашырбайт!
- Өзү ар кандай Система циклдүү жана Туруктуу болушу кажет!
Маселен, ар бир партия он-он беш жылдап Парламентке катарынан шайланып, чыныгы электоратынын – шайлоочуларынын идеалдуу колдоосуна ээ болуусу шарт! – дейт Орус саясат таануучусу Александр Кынев. – Бирок, бул өңүттөн алып караганда, Кыргызстанда ПАРТИЯЛЫК СИСТЕМАНЫН аты түгүл, жыты жок! Өлкөдө Бийлик үчүнчү ирет күчтөп кулатылып, болгону тыптынч гана алмашылды. Дал ушунун кесепетинен – Конституция дагы улам-улам өзгөртүлүп, Кыргызстанда КЛАНДЫК КООМ дагыле өкүм сүрүп жатпайбы. Ошентип, дал ушундай жагдайПАРТИЯЛЫК СИСТЕМАНЫН болочогуна гана балта чаап олтурат. Эгерде Кыргызстандагы Жогорку БийликтеКЛАНДУУЛУК, ТУУГАН-ТУУШКАНДЫК, ПАРТИЯЛАШ БАЛАКЕТИ мындан ары дагы токтобосо, ушул салт эч качан бузулбайт. Тескерисинче, бара-бара өркүндөйт.
Анткени менен Кыргызстанда соңку тапта чукул тазалануу жараянын кубаттаган күчтөрдүн катары улам калыңдап баратат.
- Бир эле жолду көптөгөн жылдар бою улам-улам таптагандан
тажабадык, эй! Бийликтин биргездеги “Алга, Кыргызстан!” партиясы кийинчерээк “Ак жол” партиясына, а бул болсо КСДПга, а анысы заматта “Биримдик” жана “Мекеним-Кыргызстан” партияларына айланышты го. Эми минтип баары тең “Мекенчи” саясий уюмуна тегиз өтө качышты, – деп тызылдады “Тилектештик” партиясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаев. – Ыя, айланайындар! Дал ушулар Үзөңгү-Куушту Кытайга, ал эми Каркыраны Казакстанга дароо соодалап ийишпеди беле… Соңку тапта Парламентибиз газыбызды жана электр энергиябызды Орусияга текейден арзан сатып жибербедиби. Анан кантип оңолобуз, эй?
Кыскасы, Кыргызстандагы Бийликтин бардык бутактарын люстрациялоо – тазалоо демилгеси жаңы Президент – биргездеги “Мекенчи” партиясынын жолбашчысы Садыр Жапаров тарабынан эми колдоо табаар бекен? Же жаңыдан гана такка олтурган Өлкө жетекчиси мудагылардын адатына салып унчукпастан кутулабы? Аман турсак, мунусун дагы көрө жатаарбыз…
Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”




Автор aymak
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
23.02.2026 / Автор anarkan_kg Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.02.2026 / Автор anarkan_kg АБДУПАТА МАТКАЛИКОВ МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
-
21.02.2026 / Автор anarkan_kg ЭРНИСБЕК ОРМОКОВ МАНАС ШААРЫНЫН МЭРИ КЫЗМАТЫНАН БОШОТУЛДУ
-
-
06.03.2025 / Автор anarkan_kg АЯЛЗАТ- ААЛАМ АЖАРЫ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.