Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
679 Бардыгы / Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев Жизак облусуна барган күнү газ жана электр энергиясынын жоктугуна нааразылык билдирип жол тоскон жергиликтүү тургундар жазаланды. Маалыматка караганда, акцияга катышкан беш киши беш суткага камалып, дагы төртөө эскертүү алды. Соттун материалдарына ылайык, алардын баары «Укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө», «ИИМ өкүлдөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылуу» жана […]
680 Бардыгы / Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев Жизак облусуна барган күнү газ жана электр энергиясынын жоктугуна нааразылык билдирип жол тоскон жергиликтүү тургундар жазаланды. Маалыматка караганда, акцияга катышкан беш киши беш суткага камалып, дагы төртөө эскертүү алды. Соттун материалдарына ылайык, алардын баары «Укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө», «ИИМ өкүлдөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылуу» жана […]
ӨЗБЕКСТАНДА МИРЗИЁЕВДИН САПАРЫ АЛДЫНДА ЖОЛ ТОСКОН ЖАРАНДАР ЖАЗАЛАНДЫ
27.01.2021 / Автор aymak

681 Бардыгы /
Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев Жизак облусуна барган күнү газ жана электр энергиясынын жоктугуна нааразылык билдирип жол тоскон жергиликтүү тургундар жазаланды.
Маалыматка караганда, акцияга катышкан беш киши беш суткага камалып, дагы төртөө эскертүү алды.
Соттун материалдарына ылайык, алардын баары «Укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө», «ИИМ өкүлдөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылуу» жана «Митинг уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин бузуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылышты.
Пахтакор районундагы Навбахор маалесинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген жашоочусу бул иш боюнча эркек кишилер гана соттолгонун билдирди.
– Биз акцияга чыккан күнү ички иштер башкармалыгына чакырып, түшүнүк кат жаздыртышты. Эртеси мени жана дага төрт тургунду райондук милиция бөлүмүнө алып барып, эртең мененки саат 10дон кечке чейин ачка кармашты. Алгач суракка алып, кечинде сотко жеткиришти. Ал жерде адвокат да, прокурор да болгон жок. Отурумга сот, анын катчысы жана бизди алып барган милиция кызматкерлери гана катышты», — деди ал.
Аталган мааленин дагы бир тургуну камакта укук коргоо органдары кармалгандарга басым жасап, сабаганын билдирди.
– Түрмөдөн чыккандан кийин балдар көздөрүнө жаш алып, «бизге газдын кереги жок, эми сууктан өлүп калсак да акцияга чыкпайбыз» деп айтышты. Камакта отурганда аларды сабап, басым кылышкан», — деди ал.
Бирок Жизак облустук ички иштер башкамарлыгы бул маалыматтарды четке кагып, «укук коргоо органдары акция катышуучуларына эч кандай психологиялык басым жасабаганын, күч колдонбогонун» билдирди.
11-январда Жизак облусунун Пахтакор районундагы Навбахор маалесинин тургундары электр энергиясы менен газдын тартыштыгына нааразылык билдирип, Навбахор-Учтепа-Жизак унаа жолун тосушкан.
Алар менен облус жана район башчылары жолугуп, ошол эле күнү ар биринин үйүнө арзан көмүр түшүрүп беришкен. Бул окуя президент Шавкат Мирзиёев Жизак облусуна сапар менен келген күнгө туш келген.
Пахтакор райондук милиция бөлүмүнүн аты-жөнүн айткысы келбеген өкүлү жарандардын соттолушу президенттин сапарына байланыштуу экенин билдирди.
–Азыр газ жана электр энергиясынын тартыштыгына байланыштуу өлкөнүн бардык аймактарында акциялар өтүп жатат. Навбахор тургундарынын акциясы президенттин сапарына туш келбесе, алар соттолмок эмес», — деди ал.
Бүгүнкү күндө Өзбекстандын бардык аймагында энергетикалык каатчылык уланууда. Азырынча өкмөт бул абалдан чыгуу боюнча эч кандай планын жарыялай элек.
WWW
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 1525 ОКУУЧУ 11-КЛАССТЫ АЯКТАДЫ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЗОМБУЛУКСУЗ ЖАШАГАНГА КӨНӨЛҮ!
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.