Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
664 Бардыгы / Мектепте адам көп болгондуктан, аларды эвакуация кылуу, адамдарды батирден эвакуация кылууга караганда көп убакытты алат. Ошондуктан мектепте өрт чыкса, кабыл алынган чараларды ырааты менен колдонуу керек. Биринчиден – өрттөнүп жаткан бөлмөнүн эшигин жабу керек. Эгер сиз өрттү терезенин сыртынан көрсөңүз, анда ал бөлмөгө кирүүгө аракет кылбаңыз. Ачык эшик түтүндү эле чыгарбастан, ошондой эле […]
665 Бардыгы / Мектепте адам көп болгондуктан, аларды эвакуация кылуу, адамдарды батирден эвакуация кылууга караганда көп убакытты алат. Ошондуктан мектепте өрт чыкса, кабыл алынган чараларды ырааты менен колдонуу керек. Биринчиден – өрттөнүп жаткан бөлмөнүн эшигин жабу керек. Эгер сиз өрттү терезенин сыртынан көрсөңүз, анда ал бөлмөгө кирүүгө аракет кылбаңыз. Ачык эшик түтүндү эле чыгарбастан, ошондой эле […]
СИЗДИН МЕКТЕПТЕ ӨРТ ЧЫКСА ЭМНЕ КЫЛЫШЫҢЫЗ КЕРЕК?
27.01.2021 / Автор aymak666 Бардыгы /
Мектепте адам көп болгондуктан, аларды эвакуация кылуу, адамдарды батирден эвакуация кылууга караганда көп убакытты алат. Ошондуктан мектепте өрт чыкса, кабыл алынган чараларды ырааты менен колдонуу керек.
Биринчиден – өрттөнүп жаткан бөлмөнүн эшигин жабу керек. Эгер сиз өрттү терезенин сыртынан көрсөңүз, анда ал бөлмөгө кирүүгө аракет кылбаңыз. Ачык эшик түтүндү эле чыгарбастан, ошондой эле эвакуация кылууга да тоскоолдук кылат, күтүлбөгөн жерден абанын кириши өрттүн чоң ылдамдыкта өрчүшүнө алып келет. Тезинен айгай көтөрүп, катуу кыйкырып, өрт жөнүндө билдирүү керек. Өрт жөнүндө жакын турган персоналдардын мүчөсүнө билдириңиз, ал болсо адамдарды тез аранын ичинде мектептин имаратынан эвакуация кылуу чараларын көрөт. Ар бир адам милдеттүү түрдө мурдатан макулдашылган чогулуу пунктуна келиши керек, ал жерде бардыгы мектептен эвакуацияланганын билүү үчүн атынан айтып текшерүү жүргүзүлүүсү зарыл. Өрт чыгары менен тез арада «101» телефонуна чалып, өрткө каршы-куткаруу кызматын чакыруу керек.
Өрткө каршы-куткаруу кызматы келген маалга биринчи кезекте төмөнкүлөрдү билүү зарыл:
– Өрт кайсы бөлмөдө болуп жатат.
– Имараттан баардыгы эвакуацияланганбы.
Өрт учурунда мектептен эвакуациялоонун тартиби:
– Айгай.
– Өрткө каршы-куткаруу кызматын чакыруу.
– Эвакуациялоо.
– Чогулуу.
– Атынан атап текшерүү.
Айгай
– Ар бир адам (окуучубу же персоналдык мүчөсүбү) өрт чыкканын байкагандан кийин, олку солку болбостон өрт жөнүндө айгай көтөрүүсү зарыл.
Өрткө каршы – куткаруу кызматын чакыруу
– Ар канда йөрттүн чыгышы тууралуу, жада калса кичине өрт болсо да же өрт жөнүндө шек туулса өрткө каршы-куткаруу кызматына ыкчам менен кабарлоо керек.
Эвакуациялоо
– Окуучулар айгайды уккандан кийин өздөрүнүн парталарынан туруп, класка жооптуу мугалимдин көрсөтүүсү менен бирбирден класты таштап, чогулуу пунктуна чогулуу керек. Окучулар ирети менен, бирдей кадамдап басуулары керек. Класстык бөлмөнүн жана эвакуациянын жолундагы эвакуация учурунда колдонулбай турган башка бардык эшиктерди жабу зарыл.
Чогулуу
– Чогулуу жайы мурдатан макулдашылышы керек.
– Чогулуу жайына келип, ар бир класс же адамдардын тобу бөлүнүп аныкталган жайларды ээлеп, тарап кетпей, ошол жерде болуп турушу керек.
Атын айтып чакыруу
– Окуучулар чогулуу жайына келээри менен тезинен атынын атап чакырууну жүргүзүү керек.
№1-эреже
Жолдогу баардык эшиктерди жапкыла, муну менен сиз өрттн жолун торойсуз. (жабык эшик өрттү 15 мүнөткө кармайт)
№2-эреже
– Өрттөн качып баратып, өрт жөнүндө бардыгына эскертиңиз (эч нерсе издебеңиз, өрттөн тезирээк кетиңиз)
№3-эреже
– Мугалимге өрт жөнүндө кабарлаңыз.
№4-эреже
– Эвакуациялаңыз.
№5-эреже
– Мектептен же жакын арадагы таксафондон же телефондон 101 номерин терип, өрткө каршы-куткаруу кызматына мектептин дареги жана өзүңүз жөнүндө (аты жөнү, кайсы класстын окуучусусуз) так маалыматты айтыңыз.
№6-эреже
Кайра артка кирбеңиз – сиз жолдо күйүп калышыңыз, же истүү газга ууланып калышыңыз мүмкүн.
Сузак райондук ӨКБнүн ӨӨжААБнүн улук офицери
капитан А. Иманов
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
13.03.2024 / Автор anarkan_kg ОБЛУС БАШЧЫСЫ ӨЗБЕКСТАНДЫН ОШТОГУ БАШКЫ КОНСУЛУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
-
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg УНАА УУРДАГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.