Аймак

“АТА ЖУРТУБУЗДАН ЭЧ ЖАККА КӨЧПӨЙБҮЗ!”

“АТА ЖУРТУБУЗДАН ЭЧ ЖАККА КӨЧПӨЙБҮЗ!”

 1,392 Бардыгы /

Ош шаарындагы Шейит-Дөбө маалесин  (кыштакчасын) отуз үч үй-бүлө, эки жүз чакты  адам өткөн кылымдан бери байырлап келатат. Тилекке каршы, соңку тапта буларды күчтөп башка жакка көчүрүү аракети абдан активдешти. Ошол себептүү аталган мааленин тургундары Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын мэриясынын алдында нааразычылык акциясына чыгышты.

Үлпат АБДУЛЛАЕВА, Ош шаарындагы Шейит-Дөбө маалесинин тургуну: – 2010-жылдагы июнь коогалаңында  үйлөрүбүз тегиз өрттөлгөн. Бирок, Кыргыз Өкмөтү бардыгын тең мамлекеттин эсебинен кайрадан тикелеген. Эми бизди Нуркул Шырдаков деген базарком сотко берип, Ата Журтубуздан чукул арада көчкөнгө абдан катуу мажбурлап жатат. Кычыраган кышта ушунча үй-бүлө бала-чакабыз менен кайда барабыз? Айталаада  калыбызбы? Жансактагыдай башка жерибиз жок!

Рустам ЗАЙДИНОВ, Ош шаарындагы Шейит-Дөбө маалесинин тургуну: – Ош шаарындагы атактуу Тешик-Таш базарынын тегерегинде жашайбыз. Эки күндүн биринде эле күч органдарынын кызматкерлери үйүбүзгө келишип, “Ош шаар мэринин №234-токтомун аткаргыла! Үйүңөрдү тезинен бошоткула?” деп ыраса мукуратышты. Анан биз айлабыз таптакыр куруганда, моминтип Ош шаар мэриясынын астында Бийликтен акыйкаттыкты талап кылып жана күтүп турабыз. Эгерде булар дагы муң-зарыбызды таптакыр эшитпесе, Бишкекти карай Оштон жөө жүрүш уюштуруп, Президент Садыр Жапаровго дейре барабыз!

Гүлгаакы МАМАСАЛИЕВА, жарандык активист: – Көчүүгө мажбурланып жатышкан отуз үч үй-бүлөнүн тең колунда алардын турак жайынын толук кандуу мыйзамдуулугун бекем тастыктаган Кызыр Китеби бар. А жанагыл шылуун базарком Нуркул Шырдаков бетине туткан Ош шаар мэринин №234-токтому  он тогуз жылдан кийин гана эми элге жар салынып олтурат. Демек, мыйзамсыз! Бул жерде кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгы гана ойноп жатат. Анткени, бошотулган эки гектар аянтка Тешик-Таш базарын кеңейтишет экен.  Чуулгандуу документти эптеп тууралагандарды УКМК жана Башкы прокуратура чукул арада чакыртып, элди жөнсүз эле дүрбөткөндөрдү мыйзам чегинде аеосуз жоопкерчиликке тартуу абзел! Биз Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдон ушуну гана талап кылып жатабыз!

Колдоруна “Непиркосновенность жилья – это наше Конституционное право!”, “33 турак жай – биздин ата-бабабыздын турагы!”, “Базарком Нуркул Шырдаков, колуңду тарт биздин үйдөн!”, “Карапайым элдин укугун ким коргойт?”, “Нет рейдерству в Кыргызской Республике!” деген плакатттарды көтөрүшкөн Ош шаарындагы Шейит-Дөбө маалесинин  (кыштакчасынын) тургундары Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун алар менен токтоосуз жолугушууга чыгуусун катуу талап кылып жатышты. Бирок, мэрдин ордуна анын орун басары Жасур Азимов акция катышуучуларына жолугуп,  алардын муң-зарын дыкаат тыңдады.

  • Мэрдин №234-токтомун токтоосуз жокко чыгарабыз! Анан

 бул чуулгандуу документти  даярдоого аралашкандарды дагы сөзсүз караштырып, мыйзам чегинде гана жоопкерчиликке тартабыз! – деп катуу убадалады Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов эл алдында. – Ал эми калган маселелерди жергиликтүү тургундар менен жолугушканда, жеринде эле бир жаңсыл чечебиз. Бир дагы өтүнүч көңүл сыртында калбайт, эй!

          Ош шаарындагы Шейит-Дөбө маалесинин  (кыштакчасынын) нааразычылык акциясына көтөрүлүшкөн тургундары Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовдун кебине ишенишип, аларга аз гана убакыт берип, тарап кетишти. Мындай ишеним кредити канчага дейре созулаар экен?…

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17