Аймак

Нуркул ШЫРДАКОВ: “ӨМҮРҮМ КОРКУНУЧТА!”

Нуркул ШЫРДАКОВ: “ӨМҮРҮМ КОРКУНУЧТА!”

 1,758 Бардыгы /

   Жеке ишкер Нуркул Шырдаковго таандык Ош шаарындагы  2,4 гектар жер аянтына эчак эле Универмаг – заманбап Соода үйү курулмак. Тилекке каршы, Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын мэриясында эмгектенишкен айрым жемкор күчтөр жергиликтүү тургундарды улам-улам ага каршы шыкакташып-тукуруп, бизнесмендин ишине олуттуу тоскоолдуктарды жаратып жатышкандыгын жаны биротоло кашайган Нуркул Шырдаков кабарчыбызга курган маегинде ачыктады.

  • Нуркул мырза, эмне үчүн сотту эле айланчыктап калгансыз,

ыя?

  • 1999-жылдын март айында Ош облустук Мамлекеттик мүлк

Фондусу жарыялаган атайын сынакка катышып, Ош шаарындагы Борбордук базардын аймагындагы 2,4 чектар жерди – 6,3 миң квадрат метр аянтты заманбап заңгыраган универмаг куруу максатында 353 миң 100 сомго сатып алган элем. Ошогездеги Ош шаарынын мэри Абдыжапар Тагаевдин ушул эле жылдын 27-мартындагы №234- токтому менен бул аянт менин карамагыма биротоло өткөрүлгөн. Буга улай эле  Ош шаарынын ГАСК, БТИ, УКС жана УАиС уюмдарына 1999-жылдын 1-июнуна дейре 2,4 гектардын ичинде жайгашкан бардык жеке турак жайларды, ошондой эле башка дагы курулуштарды токтоосуз түрдө башка жакка көчүрүү милдеттендирилген.

         Тилекке каршы, Ош шаар мэринин аталган токтому бүгүнкү күнгө дейре таптакыр аткарылбай келатат. Тескерисинче, мэриядагы айрым кызыкдар күчтөр Ош шаарындагы Шейит-Дөбө маалесиндеги (кыштакчасындагы) кээ бир ажаан тургундарды мага каршы ачык эле үгүттөшүп-шыкакташып, түрдүү нааразычылык акцияларын дагыле үстөккө-босток уюштуруп келатышат.

  • Айлаңыз таптакыр куруганда, булар менен бир-бирден

соттошуп жатыпсыз да?

  • Ооба. Мындан башка аргам калган жок, Алишер. Маселен, №464-

жер аянты – 400 квардат метр Мамыр Исраиловко таандык. Бирок, бул үй 1980-жылда эле жок кылынып, жер тилкесине айлантылышы керек эле. Тилекке каршы, Мамыр Исраилов Ош шаардык соту аркылуу бул жер тилкесине 2015-жылдын 11-ноябрында мыйзамсыз укуктук документ – Кызыл Китеп тууралатып алган экен. Мунун баарын тең менин даттануумдан кийин гана Ош облустук жана Жогорку Соттор адилет карап, Мамыр Исраиловдун Кызыл Китебин акыры жокко чыгарышты.

         Өткөндө Ош шаарындагы Шейит-Дөбө маалесинин (кыштагынын) тургундары Ош мэриясынын алдында мени карандай жаманаттылаган нааразычылык акциясын бир нече ирет уюштурушпадыбы. Дал ошол ЖМКлар жазышкан отуз үч үй-бүлөнүн баары тең башка коопсуз жайларга – №198-, №199-, №200-, №201-, №202-, №203 – конуштарга көчүрүлүп, а түгүл мамлекет тарабынан компенсация дагы төлөнүп, жапжаңы үйлүү болушкан. Бирок, жаңы конушунда булар дагы жөн жатышпастан, моминтип бирөөлөрдүн тилине киришип, мага дагы утуру чалышып, жинди кылып жатышат.

  • Жанагылар дагыле тынчышпаса, анда кантесиз?
  • Тынчышмак түгүл күн сайын мага чалышып, а түгүл атайылап

адамдарды дагы жөнөтүшүп, мени дагыле күнү-түнү коркутуп-үркүтүп жатышат. Жашырбастан айтайынчы, менин өмүрүм ушул тапта коркунучта! Үй-бүлөмдү коопсуз жайга жайгаштырып, а өзүм моминтип ар жерде конуп-түнөп жүрөм, Алишер.

  • Нуркул мырза, жаныңыз таптакыр кашайганда укук коргоо

органдарына кайрылбайт белеңиз?

  • Алишер, айтсаң, кимге кайрылам? Ош шаарынын вице-мэри Жасур

Азимов жанагыл чагымчыл топко ачык эле болушуп, “Ош шаар мэринин  1999-жылдын жылдын 27-мартындагы №234- токтомун жокко чыгартабыз! Анан дагы бул чуулгандуу документти белендөөгө катышкандардын баарын тең сөзсүз мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартабыз!”  деп жамы журт алдында катуу убадалабады. Кандай акысы бар? Мамлекеттик төбөл Жасур Азимов жанагыл акцияга чыккан өзбектерди- улутташтарын катуу колдоп, жалгыз мени – кыргызды кордоп, эки улуттун-элдин ортосуна от жагып жатпайбы. Ушундай полномочиени – ыйгарым укуктуу вице-мэрге ким берди, ыя?

         Мен айлам таптакыр куруганда Президент Садыр Жапаровго атайын Кайрылуу жолдодум. Анан акыркы үмүтүм эми Улуттук Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевде гана калды. Мекенчил инсан Камчыбек Кыдыршаевич ЖМКларды окуса, менин жана үй-бүлөмдүн коопсуздугуна Кыргыз жарандары катары кам көрөөр… Эгерде мындан дагы оң натыйжа чыкпаса, анда сөзсүз Кыргыз Республикасынын Бизнес-Акыйкатчысы Робин Орд-Смитке атайын барып, укугумду талашуусун сунарам?!?

СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА

Материал басууга беленделип калганда, Пезидент Садыр Жапаров мекендештерине Кайрылуу жасап, Кыргызстандагы ишкерлерди ыксыз текшерүүнү, булардын жумушуна ар кандай тоскоолдуктарды жараткандарды токтотууну катуу убадалады. Мамлекет башчысынын бул Кайрылуусун Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тоготуп жана аткарып,  орун басары вице-мэр Жасур Азимовду тыйганга эрки жетээр бекен?!?

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17