Аймак

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН БЕРГЕН ОТЧЁТУНДАГЫ БАЙКАЛБАГАН КЕМЧИЛИК

БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН БЕРГЕН ОТЧЁТУНДАГЫ БАЙКАЛБАГАН КЕМЧИЛИК

 1,545 Бардыгы /

Борбор калаада кезектеги болуп өткөн жыйында Жогорку кеңештин депутат А.Кондурова Билим берүү министрлигине карата, онлайн сабак өткөндөргө карата тапшрмаларды азайтуу керектигин сунуштады.

 “Онлайн сабак качан бүтөт.  Ата-Энелерге кыйын болуп жатат, мугалим менен бала бир сабакты бир саат окууса, мен өзүм Үйдө ал үчүн 2-3 саат коротом, себеп биринчи ал теманы өзүм окуп түшүнүп андан соң балама түшүндүрүүгө убакыт кетип калат. Дагы бир сунуш, мугалимдер тапшырма берип жатканда, балдар кадимки мектепте окугандай эле тапшырма берет, азыр онлайн болуп жаткан үчүн тапшырмаларын кыскартпайсыңарбы. Биз жетишпей жатабы, балдарыбыз менен сабак окуйбуз дегенде эле Үйдө жаңжал башатал, балам эмес сабак аткаруу десе мен качып жатам”,-деди Жогорку кеңештин депутаты Анура Кондурова.

Айтылган пикирге карата. Бейшеналиевдин айтымында алгоритим боюнча жана COVID-19 штабы менен биргеликте чечим чыккан, ар бир жергиликтүү бийлик өзүнүн жергиликтүү бала бакча, мектептерди ачууну сан.эпид  борбору менен биргеликте өздөрү чечсин деп чечимин кабыл алышкан.

“2-3-чейректен баштап, мектептерди кайрадан жандантып салттуу таризге өткөрүү боюнча бирдиктүү иштер алып барылды. Ал учурда республика боюнча 2152 мектеп онлайн билим берип жатышса, азыр 1-февралдан тартып баары тең окууга киришти. Ал жерде кээ бир класстар алгоритимдин негизинде башталды. Бишкек шаарында 1-4-9-11класстын окуучулары салттуу окуп жатышат. Калган класстар аралыктан окушууда. Ушундай эле абалдар бала бакчаларда жана жогорку окуу жадайларда да бар эле. Бүгүнкү күндө жалпы 4-курстар, медицина багытында окуп жаткандар, техникалык лабараториялык сабактары окууга кирди. Гуманитардык багыттагы, жана 1-2-3-курстун студенттери азыр аралыктан окутулуп жатат. Ал эми өлкө боюнча жалпы 1617 бала бакча бар болсо, алардын 1138и окууга киришти, 485и ачыла элек.

Буюрса адынкы 2 апта ичи, толук канчуу ачабыз аны күтүп жатабыз. Эң курч кырдаал Бишкек, Өзгөн, Араван, Ош, чүйдүн жана Жалал-Абаддын кээ бир аймактары болчу. Ушул жерлерде катталууда”,-деди Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү жана илим министри.

Эске сала кетсек А.Бейшеналиевдин айтымында өлкөдө жалпы 1617 бала бакча бар,  бирок өзү берген маалыматы боюнча иштеп жаткан жана ишке киргизиле элек бала бакчалардын жалпы саны 1623тү түзүп, 6 бала бакчага көбөйүп кеткен.

Байканбек САДЫКОВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17