Аймак

КӨЧМӨ КАБЫЛДАМА өЗ ИШИН УЛАНТУУДА

КӨЧМӨ КАБЫЛДАМА өЗ ИШИН УЛАНТУУДА

 663 Бардыгы /

ОШ. Араван РИИБдин көчмө кабылдамасы  элдин көйгөйүн угууда. бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай  Ош облусунун Араван районундагы Тоо Моюн а/а Керкидан, Эсенбай, Сырт, Найман, Достук, Жеке-Мисте, Акшар, Ынтымак, Жаштык, Сары-Таш, Авиз айылдарына барып элдердин ой пикир арыз-муңдарын угуп, көйгөйлүү маселеси тууралуу арыз-даттанууларын кабыл алышты. Аталган айылдын жашоочулары тарабынан:  суу маселеси, турак-жай салганы жер тилке, электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы, турак-жайды документтештирүүдөгү кыйынчылыктар жөнүндө маселелер айтылды. Төө-Моюн айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан  чек арага жакын жашаган элдер менен кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17