Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
763 Бардыгы / Швеция соту 4-февралда Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримовага пара берүүгө айыпталган Telia (мурдагы аталышы Teliasonera – Ред.) компаниясынын жетекчилерин актаган өкүмдү күчүндө калтырганы белгилүү болду. Бул тууралуу Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору (OCCRP) маалымдады. Компаниянын мурдагы үч жетекчиси Өзбекстандын телекоммуникациялык рыногуна кирүү үчүн Гүлнара Каримованын оффшордогу компанияларына пара иретинде 320 миллион […]
764 Бардыгы / Швеция соту 4-февралда Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримовага пара берүүгө айыпталган Telia (мурдагы аталышы Teliasonera – Ред.) компаниясынын жетекчилерин актаган өкүмдү күчүндө калтырганы белгилүү болду. Бул тууралуу Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору (OCCRP) маалымдады. Компаниянын мурдагы үч жетекчиси Өзбекстандын телекоммуникациялык рыногуна кирүү үчүн Гүлнара Каримованын оффшордогу компанияларына пара иретинде 320 миллион […]
КАРИМОВАГА ПАРА БЕРҮҮГӨ АЙЫПТАЛГАН TELIA КОМПАНИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИН АКТАГАН ӨКҮМ КҮЧҮНДӨ КАЛДЫ
08.02.2021 / Автор aymak

765 Бардыгы /
Швеция соту 4-февралда Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримовага пара берүүгө айыпталган Telia (мурдагы аталышы Teliasonera – Ред.) компаниясынын жетекчилерин актаган өкүмдү күчүндө калтырганы белгилүү болду.
Бул тууралуу Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору (OCCRP) маалымдады.
Компаниянын мурдагы үч жетекчиси Өзбекстандын телекоммуникациялык рыногуна кирүү үчүн Гүлнара Каримованын оффшордогу компанияларына пара иретинде 320 миллион доллар которууга шектелип жаткан.
2019-жылы февралда Стокгольм соту аларды актаган өкүм чыгарган. Сот «Telia компаниясынын мурдагы жетекчилери техникалык жактан Каримовага пара берген эмес» деп тапкан. Дал ушул укуктук чектөөнүн негизинде сот мурдагы өкүмдү күчүндө калтырды.
2019-жылы мартта Швеция прокуратурасы Стокгольм сотунун өкүмүнө каршы доо арыз жазган.
Прокуратура оффшордук компаниялардын эсебине акча которуу да пара катары эсептелерин далилдөөгө аракет жасоодо. Соттун комментарийинде болсо башка өлкөнүн мамлекеттик кызматкерине акча же башка материалдык баалуу буюмдарды берүү гана коррупция болуп эсептелери жазылган. Айыптоочу пара берилген маалда Гүлнара Каримова телекоммуникация тармагында жетиштүү ыйгарым укуктарга ээ расмий өкүл болгонун далилдей алган эмес.
Эми Швециянын Башкы прокуратурасы Жогорку сотко кайрылууга укугу бар.
Гүлнара Каримова Ташкент облусундагы түрмөдө отурат. Ага «Опузалап мүлктү менчиктеп алуу», «Ыксыз сарптоо», «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери менен айыптар коюлган жана ал 2020-жылдын 18-мартында 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган.
WWW
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
14.08.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ АВТОБЕКЕТ ИШКЕ КИРЕТ
-
-
13.08.2026 / Автор anarkan_kg “САРЫ-ЧЕЛЕК” КОРУГУНДА ЖАҢЫ ӨТКӨРМӨ ПУНКТТУН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
-
18.09.2025 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛГАНЫ ҮЧҮН БИР НЕЧЕ МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ ЖУМУШТАН КЕТТИ
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДА САЛЫК КАРЫЗДАР КИМДЕРГЕ ЖОККО ЧЫГАТ?
-
29.10.2025 / Автор anarkan_kg АРАВАН РАЙОНУНДА КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА КАРАТА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.