Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
796 Бардыгы / Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата өкүм чыкты. Соттун 11-февралдагы отурумунда ал Жазык кодексинин “Коррупция” деген 319-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча айыптуу деп табылып, жаза чарасы тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык 260 миң сомдук айыппул деп чегерилди. Мындай чечимди судья Гүлзат Дыйканбаева чыгарды. Сотто […]
797 Бардыгы / Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата өкүм чыкты. Соттун 11-февралдагы отурумунда ал Жазык кодексинин “Коррупция” деген 319-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча айыптуу деп табылып, жаза чарасы тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык 260 миң сомдук айыппул деп чегерилди. Мындай чечимди судья Гүлзат Дыйканбаева чыгарды. Сотто […]
РАЙЫМБЕК МАТРАИМОВ 260 МИҢ СОМГО ЖАЗАЛАНЫП, МҮЛКҮ ЖАНА БАНК ЭСЕПТЕРИ КАМАКТАН ЧЫГАРЫЛМАЙ БОЛДУ
12.02.2021 / Автор aymak

798 Бардыгы /
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата өкүм чыкты.
Соттун 11-февралдагы отурумунда ал Жазык кодексинин “Коррупция” деген 319-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча айыптуу деп табылып, жаза чарасы тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык 260 миң сомдук айыппул деп чегерилди. Мындай чечимди судья Гүлзат Дыйканбаева чыгарды.
Сотто 2020-жылдын 20-октябрында Башкы прокуратуранын прокурорунун, УКМКнын тергөө тобунун башчысынын жана Матраимовдун ортосунда кызматташуу тууралуу келишим кабыл алынганы, анда жаза чарасы айыппул түрүндө болору жазылганы айтылды.
Соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы күчүн жоготору белгилүү болду.
Ошону менен катар Матраимовдун мүлкү жана банк эсептери камактан чыгарылары айтылды.
Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айтты.
Судья айыпталуучу тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан териштирүү жүргүзүлбөстөн дароо жарыш сөз баштап, тараптарды угуп, өкүмүн жарыялады.
Прокуратуранын өкүлү Матраимов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толугу бойдон толтурганын белгиледи. Ал тергөөгө көмөктөшүп, Баткен жана Ош бажысында иштеген мурдагы эки жетекчинин кылмыш жасоого катышканы тууралуу көрсөтмө берүүгө макул болгонун айтты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын 17-октябрында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган.
УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.
Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Кийинчерээк Матраимов белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Бишкекте уюштурган басма сөз жыйынында Матраимовго дагы жаңы кылмыш иши ачылганын билдирген.
АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.
«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.
Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.
WWW
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.