Аймак

БАЗАР-КОРГОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮНӨ ШААР НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

БАЗАР-КОРГОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮНӨ ШААР НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

 1,977 Бардыгы /

       Базар-Коргон айыл өкмөтү шаар наамын алуусу үчүн карамагына Кеңеш айыл өкмөтүнүн 15 миң тургуну киргизди. Бул тууралуу Базар-Коргон районудун администрациясынын башчысы Бакыт Козуев билдирди.

Базар-Коргон айыл өкмөтү 18-февралдан баштап расмий түрдө шаар деп атала баштайт. Жаңы шаардын курамына Жети-Кошкон, Беш-Бадам, Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын, ошондой эле Кеңеш айыл аймагынын Абдраимов (советский), Кызыл, Аук, Орто-Сай калктуу конуштары киргизилди.

“Базар-Коргон районунун айыл өкмөтүнүн имараты шаардык мериясы деп аталып калып, шаар карамагына өтөт. Жаңы шаардык депутаттарды шайлоо 11-апрелде партиялык курамдын негинде болуп өтөт. Депутаттар шайланган соң шаар мэрин шайлашат. Мындан кийин Базар-Коргон районунун борбору Базар-Коргон шаары деп атала баштайт”,-деди Базар-Коргон районунун администрациясынын башчысы Бакыт Козуев.

Шаар макаамын алган Базар-Коргондо жалпы 58 миң тургун эмгектенүүсү айтылды. Шаар боюнча мыйзам 2021-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Байканбек САДЫКОВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17