Аймак

ЭСЕПТӨӨ ПАЛАТАСЫНЫН КЫЗМАТКЕРИ КАМАККА АЛЫНДЫ

ЭСЕПТӨӨ ПАЛАТАСЫНЫН КЫЗМАТКЕРИ КАМАККА АЛЫНДЫ

 1,518 Бардыгы /

Пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Эсептөө палатасынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустук бөлүмүнүн улук инспектору «М.А.С.» Ат-Башы районундагы үч айылдык аймакка бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечүүгө акт түзгөндүгү үчүн Ат-Башы районундагы айылдардын биринин башчысынан 60 миң сом пара алган.

Аталган кызматкер 15-февралда кармалып, Нарын шаардык Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17