Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
778 Бардыгы / Президент Садыр Жапаровдун “Слово Кыргызстана” гезитинин 19-февралдагы санына “Өнөктөштүк байланыш” аттуу макаласы жарыяланды. Анда ал Кыргызстан менен Орусиянын элин бириктирген орток баалуулуктар, орус тилинин Кыргызстандагы ролу, эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгы тууралуу ойлорун жазган. Орусия менен Кыргызстандын 19-кылымдан берки ымаласына саресеп салып, орус тили кыргызстандыктар үчүн замабап маданият, адабиятты үйрөнүүдө кубаттуу курал экенин […]
779 Бардыгы / Президент Садыр Жапаровдун “Слово Кыргызстана” гезитинин 19-февралдагы санына “Өнөктөштүк байланыш” аттуу макаласы жарыяланды. Анда ал Кыргызстан менен Орусиянын элин бириктирген орток баалуулуктар, орус тилинин Кыргызстандагы ролу, эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгы тууралуу ойлорун жазган. Орусия менен Кыргызстандын 19-кылымдан берки ымаласына саресеп салып, орус тили кыргызстандыктар үчүн замабап маданият, адабиятты үйрөнүүдө кубаттуу курал экенин […]
ЖАПАРОВ ОРУС ТИЛИНИН АЙЛАНАСЫНДАГЫ “САЯСИЙ МАНИПУЛЯЦИЯДАН” БАШ ТАРТУУГА ЧАКЫРДЫ
19.02.2021 / Автор aymak

780 Бардыгы /
Президент Садыр Жапаровдун “Слово Кыргызстана” гезитинин 19-февралдагы санына “Өнөктөштүк байланыш” аттуу макаласы жарыяланды.
Анда ал Кыргызстан менен Орусиянын элин бириктирген орток баалуулуктар, орус тилинин Кыргызстандагы ролу, эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгы тууралуу ойлорун жазган.
Орусия менен Кыргызстандын 19-кылымдан берки ымаласына саресеп салып, орус тили кыргызстандыктар үчүн замабап маданият, адабиятты үйрөнүүдө кубаттуу курал экенин баса белгиледи.
“Негизги маалыматты биз орус тилинде алабыз. Коомдогу негизги байланыш тили катары жаштар, актер, ырчылар баары бул тилде сүйлөп, орус тилинде мыйзамдар, ар түрдүү жарнамалар жазылууда. Кыргыз тили да орус тили менен катар өнүгүшү керек. Биздин өлкөдө орус тили – расмий тил эле эмес, улуттар аралык пикир алышуу тили. Мыйзамдар менен корголуп, статусу Конституцияда бекиген, мен өлкөдөгү ар бир атуулдун эркиндигин, кепилдигин президент катары бул маселени саясий өңүттө ар кимдин өз максатына колдонушуна жол бербейм. Муну менен катар заманбап жашоодо англис тили баштаган экиден көп тилди үйрөнүү тенденциясы калыптанды. Мен өсүп келе жаткан муунду чет тилдерди терең өздөштүрүүгө чакырып, англис тили эл аралык баарлашуунун тили экенин айткым келет”, – деп жазган Жапаров.
Ал алдыда Орусияга белгиленген иш сапарында 2020-жыл Орусия менен Кыргызстандын ортосунда кайчылаш жыл деп аталганын, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында 200 иш-чара пландалганы менен пандемиядан улам ишке ашпай калганын белгилеп, быйыл бул демилгени улантуу сунушун жасай турганын жазган.
Буга чейин Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жылы тууралуу чечим 2019-жылдын 28-мартында Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкө башчылары тарабынан кабыл алынган.
Кайчылаш жылдын алкагында эки өлкө ортосунда маданий, экономикалык иш-чаралар өтмөк.
Алардын бири 2020-жылы Москвада пландалган Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы эле. 2020-жылы экс-президент Сооронбай Жээнбеков бул юбилейге катышуу үчүн барып, делегация курамында коронавирус инфекциясын жугузуп алган адам болгондуктан кайра Бишкекке кайтып келген.
WWW
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
14.07.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
22.02.2025 / Автор anarkan_kg УКМК АРАВАН РАЙОНДУК СОТУНУН СУДЬЯСЫН ПАРА МЕНЕН КАРМАДЫ
-
-
10.03.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ЖАРДЫН КЫРЫНДА ЖАШАГАНДАР ДАГЫЛЕ КӨЧПӨЙ ЖАТЫШАТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.