Аймак

ЕАЭБ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН БОРБОРЛОРУНДАГЫ СОЦИАЛДЫК-МААНИЛҮҮ ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫНЫН ЧЕКЕНЕ БААЛАРЫ

 1,671 Бардыгы /

Ыкчам маалыматтар боюнча, 2021-жылдын январында ЕАЭБ мамлекеттеринин калган борборлору менен салыштырганда негизги тамак-аш азыктарынын максималдуу орточо баалары, жумуртканы кошпогондо, Москва шаарында катталды.

2021-жылдын январында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин борбор шаарларында негизги тамак-аш азыктарынын орточо керектөө баалары

(килограмм үчүн АКШ доллары1)

 Бишкек ш.Нур-Султан ш.Москва ш. 2Минск ш. 2
Уйдун эти5,345,575,833,99
Койдун эти5,056,017,18
Ак (каймак) май3,767,2911,616,95
Пастеризацияланган сүт, литр0,670,660,980,61
Жумуртка, ондук1,211,061,091,04
Биринчи сорттогу буудай уну0,470,510,650,51
Биринчи сорттогу ундан жасалган нан0,550,370,880,51
Картошка0,370,280,410,41

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 Буудай унунун орточо керектөө баалары.

(-) – Өкүл – товардын жоктугу.

2021-жылдын январында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинен жумурткага болгон максималдуу орточо чекене баа (ондук үчүн 1,21 АКШ доллары) Бишкек шаарында, ал эми минималдуу чекене баа (он жумуртка үчүн 1,04 АКШ доллары) – Минск шаарында катталды. 2021-жылдын январында кой этинин минималдуу орточо керектөө баасы (1 килограмм үчүн 5,05 АКШ доллары) – Бишкек шаарында, ал эми пастеризацияланган сүттүн (1 литр үчүн 0,61 АКШ доллары) – Минск шаарында катталды.

2021-жылдын январында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин борборлорунда айрым тамак-аш азыктарынын максималдуу жана минималдуу орточо баалары

(килограмм үчүн АКШ доллары)

2021-жылдын январында орточо чекене бааларынын деңгээли Бишкек шаарында пастеризацияланган сүткө Нур-Султан шаарында – 1,5 пайызга жана Минск шаарында – 9,0 пайызга, уй этине Минск шаарында –25,3 пайызга, ал эми биринчи сорттогу ундан жасалган нанга Нур-Султан шаарында – дээрлик үчтөн бирге жана Минск шаарында – 7,3 пайызга байкалган баалардан жогору болуп түзүлдү. Муну менен бирге, 2021-жылдын январында Бишкек шаарында жумурткага болгон орточо керектөө баалар Минск шаарындагы баалардын деңгээлинен 14,0 пайызга, Нур-Султан – 12,4 пайызга жана Москва – 9,9 пайызга өстү.

2021-жылдын январында ЕАЭБ мамлекеттеринин борбор шаарларындагы орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү жана баалардын катышы

 Бишкек ш.Нур-Султан ш.Москва ш.Минск ш.
Бишкек ш. = 100, пайыз менен 
Уйдун эти100104,3109,274,7
Койдун эти100119,0142,2
Ак (каймак) май100193,9308,8184,8
Пастеризацияланган сүт, литр10098,5146,391
Жумуртка, ондук10087,690,186
Биринчи сорттогу буудай уну100108,5138,3108,5
Биринчи сорттогу ундан жасалган нан10067,316092,7
Картошка10075,7110,8110,8
АКШ доллары менен1
Орточо айлык эмгек акы2438,2808,41 383,5823,3
Орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү кг менен
Уйдун эти68,8148,0214,4209,9
Койдун эти72,7137,2174,2
Ак (каймак) май97,8113,0107,7120,7
Пастеризацияланган сүт, литр546,31253,21274,61 370,2
Жумуртка, ондук304,1780,51145,9808,7
Биринчи сорттогу буудай уну776,71626,31920,11629,7
Биринчи сорттогу ундан жасалган нан666,22199,11425,81629,7
Картошка998,12913,73014,42068,5

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 2020-ж декабрындагы – Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2020-ж. ноябрындагы – Москва ш. боюнча,
2020-ж. 4-кварталындагы – Нур-Султан ш. боюнча айлык орточо эмгек акы.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мамлекеттердин айрым борбор шаарларында орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн2 салыштырма талдоосу көрсөтүп тургандай 2021-жылдын январында Бишкек шаарында бардык тамак-аш азыктары боюнча анын көрсөткүчтөрү алардын башка борборлордогу деңгээлдеринен артта калган, бул Бишкек шаарында орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн төмөндүгү менен шартталган. Мисалы, орточо эмгек акыга Бишкектен 550 литрге жакын сүт сатып алса болот, ал эми Москвада – 2,3 эсеге көп (1275 литр). Нур-Султан шаарында бир айлык эмгек акыга 2,9 тонна, ал эми Бишкек шаарында – 998 килограмм картошка сатып алса болот.

Маалымат үчүн: Эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү орточо эмгек айлык акыны (улуттук валютада) 1 килограмм тийиштүү товардын орточо баасына бөлүү менен аныкталат.

_________________________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү                                |e-mail: ceny@stat.kg;                              |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17