Аймак

АКСЫ РАЙОНУНДА ИНТЕРНЕТ БАЙЛАНЫШЫ ЖАКШЫРДЫ

АКСЫ РАЙОНУНДА ИНТЕРНЕТ БАЙЛАНЫШЫ ЖАКШЫРДЫ

 2,817 Бардыгы /

«Кыргызтелеком»  АА Коомунун Аксы райондук бөлүмүндө райондун элин санариптештирүү жаатында бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылып жатат. Аксы району  боюнча  40  орто мектептерин,  12 айыл өкмөттөрүн, 98% мекеме-ишканаларын, ошондой эле төмөнкү аты аталган айылдарды жогорку ылдамдыктагы  интернет  байланышы менен камсыздадык:

  1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жар айылына        –           27;
  2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Ак-Суу айылына                     –           26;
  3. Кош-Добо айыл өкмөтүнүн Атана, Чие айылдарында  –           34
  4. Кош-Добо айыл өкмөтүнүн Торук айылында                 –           23
  5. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Башат айылында      –           28
  6. Авлетим айыл өкмөтүнүн Авлетим айылында              –           13
  7. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач айылында  –           15
  8. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылында      –           16
  9. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылында            –           9
  10. Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн Жаны-Жол айылында       –           22
  11. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Ак-Жол айылында                 –           12
  12. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн                                              –           3
  13. Кербен шаарында                                                               –           255

ЖАЛПЫСЫ      483 абонент камсызболгон.

Негизги ток толуп кетчу  иш-чара –  бул Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалдуу-Сай шаарчасынан баштап жогорку ылдамдыктагы  ОВК-24 маркасындагы магистралдык кабели 73 чакырым аралыктан тартылып келинип,  жумушка берилууго даяр болду. Бул магистралдык линия  Шамалдуу-Сай – Кербен – Ала-Бука  районуна чейин барат.   Буга  чейин байланыш биздин районго радио релейлик РРС -6/2,  РРС-19. РРС-45,  РРС-24   станциялары аркылуу келчү.  Волокондук-оптикалык кабелинин (ВОЛС)  өзгөчөлүк жоготуу (потеря)  болбойт,  сапаттуу иштейт, ошондой эле  телевидение  кошо берилет. Кош-Добо айыл өкмөтүнүн Торук айылында 70 тутун Өзбек Республикасынан көчүп келишкен этникалык кыргыз туугандарыбыз жашашат,  бирок   тилекке каршы ошол чолкомдо эч кандай сапаттуу байланыш болгон эмес.  Учурда  «Кыргызтелеком» АА Коомунун Аксы райондук бөлүмү тарабынан жогорку ылдамдыктагы  интернет   байланышын аталган айылдын Ормонбек Алимов жана Тажимырза Аманбаев атындагы көчөлөрүндө жеткизип берүүгө шарт түзүлдү. Керектүү жабдуулар жана материалдар өз учурунда жеткирилип берилсе райондун бардык жашоочуларын байланыш менен камсыздоого мүмкүнчүлүгүбүз жетишет.

«Кыргызтелеком»  ААКоомунун

Жалал-Абад областтык филиалынын

Аксы райондук бөлүмүнүн  директору:                             А.Ж.Байсеитов

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17