Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,006 Бардыгы / 22-февралда Баткен облусунун Лейлек районундагы Борбордук-Арка (Хожент-Канибадам) жолунун боюна жайгашкан ресторанда эки тараптын өкүлдөрү жолугушту. Жолугушууга Кыргызстандын Лейлек, Тажикстандын Гафуров райондорунун акимдери, прокурорлору, милиция, коопсуздук жана чек ара кызматтарынын аймактык жетекчилери катышты. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев “Азаттык” радиосуна чек араны мыйзамсыз бузуп кармалган кыргызстандык тогуз жаранды, Кыргызстанда да ушундай себеп менен […]
1,007 Бардыгы / 22-февралда Баткен облусунун Лейлек районундагы Борбордук-Арка (Хожент-Канибадам) жолунун боюна жайгашкан ресторанда эки тараптын өкүлдөрү жолугушту. Жолугушууга Кыргызстандын Лейлек, Тажикстандын Гафуров райондорунун акимдери, прокурорлору, милиция, коопсуздук жана чек ара кызматтарынын аймактык жетекчилери катышты. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев “Азаттык” радиосуна чек араны мыйзамсыз бузуп кармалган кыргызстандык тогуз жаранды, Кыргызстанда да ушундай себеп менен […]
КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ТАЖИКСТАН ЧЕК АРАДА КАРМАЛГАН ЖАРАНДАРЫН КАЙТАРУУ МАСЕЛЕСИН СҮЙЛӨШТҮ
24.02.2021 / Автор aymak

1,008 Бардыгы /
22-февралда Баткен облусунун Лейлек районундагы Борбордук-Арка (Хожент-Канибадам) жолунун боюна жайгашкан ресторанда эки тараптын өкүлдөрү жолугушту.
Жолугушууга Кыргызстандын Лейлек, Тажикстандын Гафуров райондорунун акимдери, прокурорлору, милиция, коопсуздук жана чек ара кызматтарынын аймактык жетекчилери катышты.
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев “Азаттык” радиосуна чек араны мыйзамсыз бузуп кармалган кыргызстандык тогуз жаранды, Кыргызстанда да ушундай себеп менен кармалып турган тажикстандык 15 жаранды мекенине кайтаруу маселеси талкууланганын билдирди.
“Сүйлөшүү болуп өттү. Жыйынтыгын күтүп жатабыз. Бул шыр эле чечиле калчу маселе эмес. Чек арадагы айрым маселелерди чечүүдө элдик дипломатияны да колдонуу керек”, – деди Өмүрбек Суваналиев.
Мындан тышкары ынтымакты күчөткөн иш-чараларды өткөрүү тууралуу да сөз болгон.
Жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен өттү.
Лейлек районундагы Борбордук-Арка (Хожент-Канибадам) жолу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, эки өлкө ортосунда жайгашкан.
22-февралда Баткенде облустук акимчиликтин алдына жүздөй киши чогулуп, түрдүү себептер менен Тажикстанда кармалып турган туугандарын бошотуп берүүнү облустук бийликтен талап кылышкан.
Алар жыйырмадан ашуун кыргызстандык жаран “чек арадан мыйзамсыз өткөн”, “аткезчилик менен товар ташыган” деген негизде Тажикстанда кармалып турганын айтып чыгышкан.
Анда облустагы өкмөттүн өкүлү Өмүрбек Суваналиев 16-февралда кармалган кыргызстандыктарды алып келүү боюнча чара көрүп жатканын билдирген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 16-февралда Кыргызстандын беш жараны Тажикстандан 900 кг металлды, эки бодо малды, үч койду мыйзамсыз чыгарып бара жаткан жеринен тажик чек арачылары тарабынан кармалганын маалымдаган.
Алардын ичинен эки адамдын үстүнөн Тажикстандын күч кызматтары тергөө иштерин жүргүзүүдө. Учурда кыргызстандык жарандарды кайтаруу максатында тажик бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланган.
WWW
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
-
22.01.2025 / Автор anarkan_kg ЖАШОО МИНИМУМУНУН ЭҢ ЖОГОРКУ БААСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА – 8,2 МИҢ СОМ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.