Аймак

ОШТОГУ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНИН АТАЛАШЫ ӨЗГӨРТҮЛДҮ

ОШТОГУ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИНИН АТАЛАШЫ  ӨЗГӨРТҮЛДҮ

 3,846 Бардыгы /

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында жайланышкан Кыргыз-Өзбек университетинин аталышы мындан ары Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети болуп өзгөртүлдү. Булжөнүндө аталган окуу жайдын ректору, профессор Чаткалбай Раимбаев ачыктады.

         Чаткалбай Раимбаев кошумчалагандай, мындай чечим коомчулуктун суроо-талабы боюнча кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министринин  2021-жылдын  15-январындагы  25/1 буйругунун негизинде Граждандык  кодексинин 87-беренесине ылайык  Кыргыз-Өзбек университетинин аталышы Кыргыз Республикасынын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, философия илимдеринин доктору Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети деп өзгөртүлдү (Күбөлүктүн каттоо № 65654-3310-М-е).

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17