Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
763 Бардыгы / 4-мартта Алматыдагы Республика аянтында жалгыз адамдар катышкан үч пикет өттү. Алар саясий туткундарды бошотууну, депутаттардын айлыгын азайтууну жана «Нур Отан» партиясынын төрага орун басары Бауыржан Байбектин соттолушун талап кылышты. Өткөн жылдан бери саясий туткундарды бошотуу талабы менен бир нече жолу нааразылык акцияларга катышкан активист Дарига Рахим борбордук аянтка айрым камактагылардын сүрөттөрүн көтөрүп чыкты. […]
764 Бардыгы / 4-мартта Алматыдагы Республика аянтында жалгыз адамдар катышкан үч пикет өттү. Алар саясий туткундарды бошотууну, депутаттардын айлыгын азайтууну жана «Нур Отан» партиясынын төрага орун басары Бауыржан Байбектин соттолушун талап кылышты. Өткөн жылдан бери саясий туткундарды бошотуу талабы менен бир нече жолу нааразылык акцияларга катышкан активист Дарига Рахим борбордук аянтка айрым камактагылардын сүрөттөрүн көтөрүп чыкты. […]
АЛМАТЫДА ДАРОО ҮЧ МИТИНГ ӨТТҮ
05.03.2021 / Автор aymak

765 Бардыгы /
4-мартта Алматыдагы Республика аянтында жалгыз адамдар катышкан үч пикет өттү.
Алар саясий туткундарды бошотууну, депутаттардын айлыгын азайтууну жана «Нур Отан» партиясынын төрага орун басары Бауыржан Байбектин соттолушун талап кылышты.
Өткөн жылдан бери саясий туткундарды бошотуу талабы менен бир нече жолу нааразылык акцияларга катышкан активист Дарига Рахим борбордук аянтка айрым камактагылардын сүрөттөрүн көтөрүп чыкты.
— Өлкөдөгү бардык саясий туткундарды бошотууну талап кылам. Алар 27 киши: Арон Атабек, Алмат Жумагулов, Кенжебек Абишев, Асет Абишев, Ержан Елшибаев, Шухрат Кибиров жана жаш активисттер. Бийлик акыркы кездери жарандык коомдун активисттерине карата куугунтукту күчөттү. Жарандык активисттер эмнени каалап жатышат? Алар укуктарынын сакталышын, Конституция кепилдеген эркиндиктердин чектелбешин талап кылууда. Алар бийлик алмашып, өлкөнүн өнүгүшүн каалашат. Биз бай өлкөбүз, кен байлыктарыбыз көп. Бирок эмнеге өнүккөн өлкөлөрдүн катарында эмеспиз?», — деген активист мындан ары да пикеттерге чыга бере турганын кошумчалады.
Дарига Рахимдин акциясы аяктагандан кийин аянтка Аскар Исатай аттуу калаа тургуну келди. Ал колуна «42 500 теңге» деген жазуусу бар плакат көтөрүп алган.
— Сенаторлор менен депутаттардын айлыктары 42 500 теңге болушу керек. Азыр алар кеминде 600-700 доллар алышат. Мындан тышкары кызматтык унаалары, иш бөлмөлөрү бар, байланышка, эс алууга деп өзүнчө акча бөлүнөт. Менимче, бир депутатка айына 2-3 миллион теңге кетет. Депутаттардын аткарган иши мынча акчага арзыбайт. Алардын катчылары, жардамчылары бар, алар да айлык алышат. Депутаттар менен сенаторлордун айлыгы 42,5 миң теңгеге төмөндөтүлсүн. Азыр өлкөдөгү көп балалуу энелер ушунча айлык алышат», — деди Аскар Исатай.
Андан соң шаардын борбордук аянтында активист Абай Ерекенов пикет өткөрдү. «Байбек соттолушу керек» деген жазууну көтөргөн активист «Нур Отан» партиясынын төрага орун басары Бауыржан Байбекти жоопкерчиликке тартууну талап кылды.
— Эми анын «коррупциялык иштерин» шаарды өнүктүрүүнүн башкы планы катары ишке ашырганы жатышат. Байбек коомдук угууларды өткөрбөстөн, калкка маалымат бербестен, жергиликтүү кеңештин жана министрлер кабинетинин чечимдери жок эле бир топ токтомго кол койгон. Алматыда Байбектин тушунда массалык түрдө мыйзамсыз курулуш иштери башталган», — деди Ерекенов.
Акыркы апталарда Казакстанда өкмөттүн саясатына нааразы болгон жарандардын бир нече нааразылык акциялары өттү. Алардын катышуучулары активисттерди куугунтуктоону токтотуу, саясий туткундарды бошотуу, турак жай маселелерин чечүү, энелер менен балдарды колдоону күчөтүү, айлыктарды жогорулатуу жана эмгек шарттарын жакшыртуу талаптарын айтууда.
WWW
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
14.07.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
21.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна АЛАЙГА КӨЧҮРҮЛГӨН ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАР КЕСИПТИК БИЛИМ АЛЫШТЫ
-
29.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАҢЫ СЕЛ КАНАЛДЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.