Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
499 Бардыгы / Бишкекте 8-мартта «Аялдардын тилектештик маршы» өттү. Ондогон адамдар парламент имаратынын алдына чогулуп, Чүй көчөсүн бойлоп Абдрахмнов көчөсүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелигине барышты. Активисттер колдоруна “Окуган кыз ордун табат”, “Кыздар баары бир жеңишке жетет”, “Чыныгы эркектер теңдиктен коркушпайт”, “Аялдар үчүн коопсуз жашоо”, “Кызыл камчы сынсын”, “Тынч митингдерге эркиндик” деген жазуулары бар баракчаларды көтөрүп жүрүштү. […]
500 Бардыгы / Бишкекте 8-мартта «Аялдардын тилектештик маршы» өттү. Ондогон адамдар парламент имаратынын алдына чогулуп, Чүй көчөсүн бойлоп Абдрахмнов көчөсүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелигине барышты. Активисттер колдоруна “Окуган кыз ордун табат”, “Кыздар баары бир жеңишке жетет”, “Чыныгы эркектер теңдиктен коркушпайт”, “Аялдар үчүн коопсуз жашоо”, “Кызыл камчы сынсын”, “Тынч митингдерге эркиндик” деген жазуулары бар баракчаларды көтөрүп жүрүштү. […]
КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КАЗАКСТАНДА АЯЛДАР УКУГУН КОРГООГО АРНАЛГАН ЖҮРҮШТӨР ӨТТҮ
09.03.2021 / Автор aymak501 Бардыгы /
Бишкекте 8-мартта «Аялдардын тилектештик маршы» өттү. Ондогон адамдар парламент имаратынын алдына чогулуп, Чүй көчөсүн бойлоп Абдрахмнов көчөсүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелигине барышты.
Активисттер колдоруна “Окуган кыз ордун табат”, “Кыздар баары бир жеңишке жетет”, “Чыныгы эркектер теңдиктен коркушпайт”, “Аялдар үчүн коопсуз жашоо”, “Кызыл камчы сынсын”, “Тынч митингдерге эркиндик” деген жазуулары бар баракчаларды көтөрүп жүрүштү.
Жөө жүрүштү 8/365 кыймылы баштаган бир нече демилгелүү топ уюштурган. Акцияда аялдардын укуктары, гендердик теңдик, зордук-зомбулукка каршы маалыматтар айтылды.
Бул арада Ош шаарындагы активисттердааялдардын укугун коргоого арналган тынч жүрүшкө чыгышты. Ага катышкандар аялдар зомбулугуна каршы ураандарды көтөрүштү. Жүрүш Алишер Навои менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинен башталып, шаардык мэриянын жанындагы “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексинде жыйынтыкталды.
Өткөн жылы 8-мартта «Аялдардын тилектештик маршы» белгисиз адамдардын кийлигишүүсү менен үзгүлтүккө учураган. Алар уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен.
Расмий маалыматтарга ылайык Кыргызстанда январь айынан бери 727 үй-бүлөлүк зомбулук Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 1-мартта билдиргендей, зомбулуктун басымдуу бөлүгү Бишкек жана Чүй облустарында болгон. Буга чейин Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14%, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн жарыялаган.
Ал ортодо 8-март аялдардын эл аралык тилектештик күнүнө карата Алматыдагы Ганди айкелинин жанындагы гүлбакта да аялдар маршы өттү.
Айрым активисттер саясий себептер менен кармалган аялдарды бошотууну талап кылган баракчаларды көтөрүп жүрүштү.
Быйыл Алматы акимчилиги биринчи жолу феминисттердин жүрүшүнө уруксат берди.
БУУнун маалыматына караганда, Казакстанда жыл сайын 400дөй аял үй-бүлөлүк зомбулуктан улам көз жумат.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg “КЫЛЫМДАРДЫ КАРЫТКАН, КИТЕП СҮЙЛӨЙТ ТАРЫХТАН” АТТУУ СЕМИНАР ӨТТҮ
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg ИИМдин КРИМИНАЛИСТИКАЛЫК КЫЗМАТЫНА 99 ЖЫЛ ТОЛДУ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.