Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
796 Бардыгы / Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак Айыл Өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Маннап МАККАМБАЕВди иш эмес күнү деле жумуш ордунан дароо таптык. Зарыккандарды катарынан кабыл алып бүтүп, кайрадан жергиликтүү тургундар менен жолугушууга шашып барткан экен. Маннап мырза, деги сак-саламатсызбы? Ишемби – иш эмес! А жекшемби – дем алыш! Сиз деле бүгүн эл катары үй-бүлөңүздүн кашында жамбаштап […]
797 Бардыгы / Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак Айыл Өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Маннап МАККАМБАЕВди иш эмес күнү деле жумуш ордунан дароо таптык. Зарыккандарды катарынан кабыл алып бүтүп, кайрадан жергиликтүү тургундар менен жолугушууга шашып барткан экен. Маннап мырза, деги сак-саламатсызбы? Ишемби – иш эмес! А жекшемби – дем алыш! Сиз деле бүгүн эл катары үй-бүлөңүздүн кашында жамбаштап […]
Маннап МАККАМБАЕВ: “ОШ ШААРЫ МЕНЕН КИНДИКТЕШПИЗ!”
09.03.2021 / Автор aymak798 Бардыгы /
Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак Айыл Өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Маннап МАККАМБАЕВди иш эмес күнү деле жумуш ордунан дароо таптык. Зарыккандарды катарынан кабыл алып бүтүп, кайрадан жергиликтүү тургундар менен жолугушууга шашып барткан экен.
- Маннап мырза, деги сак-саламатсызбы? Ишемби – иш эмес! А
жекшемби – дем алыш! Сиз деле бүгүн эл катары үй-бүлөңүздүн кашында жамбаштап жатпай белеңиз?
- Алишер замандашым, кеңсебизди сагалап тизилип тургандарды
көрүп көңүл түтпөйт экен. Ыя, айланайын! Ушулардын убалын ойлоп, үйүңдө кантип жамбаштап тынч жатасың, эй! Дем алыш күнү экендигине карабастан, ар бир жердешимдин муң-зарын эшигинде эле дыкаат тыңдап, көпчүлүк маселелерин ордунда дароо оң жагына чечкенге бекем ыктадым.
- Маселелерди жеринде чечип, андан ары ишти илгерилеткенге
Сиздин деги ишенчиликтүүү командаңыз барбы?
- Мен аталган Айыл Өкмөтүнүн эмгек жамаатына жат адам
эмесмин! Бир нече жылдар бою Кызыл-Кыштак Айыл Өкмөтүнүн башчысынын биринчи орун басарынын вазийпасын абийирдүү аркаладым. Артымдан бир дагы жаман сөз ээрчиткен жокмун. Анткени, буларды сөзгө – сөлтүк, кепке – кемтик кылып, мыйзамсыз жоруктарды жасабадым. Ошондуктан, бул жердеги азаматтар – эмгек жамааты менен мындан ары деле туз-насип буюрушунча ийиндеше иштешкенге мен дайыма дапдаярмын!
- Канеткен күндө дагы жабыла көтөргөн жүк жеңил болот
эмеспи?
- Ооба. Көз тийбесин! Мына ошону үчүн Айыл Өкмөтүбүздүн
экономикасы жыл өткөн сайын уламдан улам өйдөлөп баратпайбы. Биздин аймагыбызда “Ай жыгат Ко”, “Имзо Кей Джи”, “Артель электроникс”, “Крепсть ДУА”, “Гули Дон”, “Даана Ош” жоопкерчилиги чектелген коомдору – ишканалары үзгүлтүксүз иштешип, заманбап продукцияларды жана жабдык-шаймандарды туруктуу өндүрүп жатышат. Булардын экономикалык өсүү темпи бара-бара жогорулап, а түгүл план-милдеттенмелерин аткаруу жүз пайыздан төмөндөй элек.
Былтыр Айыл чарбасында дагы мактанаарлык чектерди багындырып, 1012,5 тонна эт, 4969 тонна сүт, 1159 миң даана жумуртка, 44 тонна жүн белендедик. А быйыл, буюрса, бул көрсөткүчтөрдү дагы эч кемитпейбиз. Тескерисинче, өсүү темпи былтыркыдан беш бетер ашып түшөт. Мындан тышкары күздүк жана жаздык буудай, жүгөрү аянттарын ого бетер кеңейттик. Май өсүмдүктөрүнөн, картошкөдөн, жашылча-жемиштерден, пахтадан, бахчадан, көп жылдык чөп өсүмдүктөрүнөн, мисалы, бедеден, ошондой эле жүзүмдөн мурунку жылдарга салыштырмалуу мол түшүм жыйнабыз го деген терең ишеничтебиз!
- Баса, жылдагыдай эле кредит маселеси дагыле
кендириңиздерди кесип жаткандыр?
- Мактангандык эмес, бирок, айтып коюуга тийишмин. Мындай
маселе быйыл бизде дегеле болгон жок! “”АйылБанк”, ошондой эле “МөлБулак”кредиттик компаниясы үч жана алты айлык мөөнөткө дыйканчылыкка жана жер семирткичтерге, ошондой эле үрөнгө жеңилдетилген кредиттерди эч зарыктырбастан жана тоскоолдуксуз гана таратып жатышат.
- Маннап мырза, дегиңкиси Айыл Өкмөттөрүнүн, мунун ичинде
Кызыл-Кыштактын келечеги барбы?
- Көрдүңүздөр го. Кызыл-Кыштак Айыл Өкмөтү Ош шаарынын
ирегесинде эле жайланышкан. Ошол себептүү эки аймак – киндиктешпиз! Алакабыз дагы абдан күч! “Өндүргөн продукцияларыбыз, же жабдык-шаймандарыбыз өтпөй калат. Банкрот болобуз!” деген олуттуу коркунуч бизде таптакыр жок!
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Кыргыз Республикасындагы эң ири жана кирешелүү Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак Айыл Өкмөтү жети айылдан куралган. 39 миң 100 калк жашайт. Булардын 80 пайызы – өзбектер, 17 пайызы – кыргыздар, а 3 пайызы – майда улуттар. Баары тең бири-бирине кыз беришип, уул үйлөшүп, ынтымак-ырашкерликте гана өмүр сүрүп келатышат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
-
05.05.2023 / Автор anarkan_kg УШУНДАЙ ЖЕТЕКЧИ БАР АРАБЫЗДА…
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.