Аймак

ПАРТИЯЛАР ПАРАДЫ, КАЙДА АЛЫП БАРАДЫ?

ПАРТИЯЛАР ПАРАДЫ, КАЙДА АЛЫП БАРАДЫ?

 714 Бардыгы /

Ушул жылдын 11-апрелинде өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөнү жатат. Бул шайлоо өнөктөштүгүндө Жалал-Абад шаардык кеңешине кимдер кайсы партия менен баратат? Кимдер кандай аракет көрүп, эмне жумуштун арты менен эл өкүлдүгүнө аттанышууда? Саресеп салып көрөлү…

КИМ КАЙСЫ ПАРТИЯНЫН КУЧАГЫНДА?

Шайлоо алдында өзүн шаардык кеңештен көрсөм деген Жалал-Абаддын элге, тар чөйрөгө, чоң чөйрөгө таанымал адамдары ар кайсы партиянын тизмесин толуктап, анысын акыркы күнгө чейин жашырып отургандары болду. Ал тургай аймактык шайлоо комиссиясы да партия тизмелерин берүүдөн баш тартып, анын жоопкерчилиги чоң экенин эскертип өтүштү. Керек болсо Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) элге ачык болуп жаткан соң Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы эмне анча жашырынат белгисиз…

“Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” дегендей эле мурдагы бийликтин партиясына калкалангандар, кайрадан эле жаңы бийликке ыктаган партиянын кучагында. Алсак, мурдагы КСДПнын тизмесинде жүрүп, өткөн бийликке кызмат өтөгөндөр бүгүн “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын баш тизмесинен орун алышты. Албетте азыр эле алардын баары жөнүндө айтпай, кепти Айбек Жолдошевден баштайбыз. “Ата Журт -Кыргызстандын” баары эле эскиден калган, эшилип бүткөн калдыктар эмес арасында чындыкты карманган саясатчылары да бар.

Өнүгүүчүлөрдүн көзгө басары, эски өнүгүүчү жана эски бийликтин камчысын чаап, эски позициясынан тая жаздаган Майрамбек Адылбеков бар. “Өнүгүү” партиясы бул шайлоодо бир топ жаңы жүздөрдү алып чыгууда. Партия лидери Бакыт Төрөбаев “башын сыласам эле сатып кетет экен” деп, эски жүздөрдөн түңүлө баштаган сыягы.

Бул жарышта “Бүтүн Кыргызстан” партиясын банкир Эркин Орозбеков сүйрөйт. Бүтүнчүлөрдүн катарында партия жеңишке жетсе да, жетпесе да таштап кетпеген баягылар эле “бүтүн” бойдон турушат. Тизмеде маданият кызматкерлеринен, жеке ишкерлер, журналисттер жана жөнөкөй жарандардан турган талапкерлер бар.

Жергиликтүү бийликтин басымы менен кысымынан тажашканбы же өздөрүн саясатта да сынап көрүүнү чечишкенби, айтор шаардагы эки көзгө басар ишкерлер Түгөлбай Сейдалиев “Ыйман Нурун” жана Бакыт Борошов “Нур” партиясын алга сүрөп, шайлоого барышат.

БОЛОЧОК ТАЛАПКЕРЛЕР БУГА ЧЕЙИН ЭМНЕ МЕНЕН АЛЕКТЕНИШКЕН?

“Ата Журт -Кыргызстан” партиясы менен аламанга киришкен Айбек Жолдошев өткөн чакырылышта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин КСДП партиясы менен алгачкы жолу шаардык кеңешке депутат болгон. Эл өкүлү катары эптүү маселе көтөрө албай жүрүп шаардык кеңештин төрагасы да болуп жетишкен. Жолдошев төрагалык кылган бир жылда шаар мэринин үстүнөн шаардык кеңешке даттанган шаардыктардын каты кайрадан мэрге жетип, ал коомчулуктан “кат ташыгыч төрага” деген наам алган. Ал эми кесиптештери тарабынан “кат ташыгыч эле эмес, кеп ташыгыч” деген кыйытма сөздөр да байма-бай айтылып келген.

Бул жолку жарышта “Өнүгүү” партиясынын ташын өйдө тартуучу талапкерлердин бири Майрамбек Адылбеков. Ал мурдагы чакырылышта дагы депутат болуп, андан шаардын биринчи вице-мэри кызматына жеткен. Депутат кезинде аткаруу бийлигин алда канча сындап, шаар көйгөйлөрүн кабыргасынан коюп келгени менен өзү аткаруу бийлигине барган соң шаар бийлигин сындагандарга карата шаардык мэриянын адвокаты боло калганы менен белгилүү.

Банкир бала партияны кантип жетектейт? Бул да маселе. Дегенибиз бул жолу банк башкаруучу Эркин Орозбеков “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шаарда алга сүрөйт. Ал буга чейин бир нече банктарда жооптуу кызматтарды аркалаган. Азыркы тапта “Halyk Bankтын” Жалал-Абад шаарындагы филиалын, ага кошо шаардагы эс алуучу жайлардын бирин башкарат. Алдыдагы саясый жарышта банк ишиндегидей так иш жүргүзөбү же пайызы ашкан насыялардай саясый позициясынын нугу бурулуп кетеби чогуу баам салып туралы.

Түгөлбай Сейдалиев “Ыйман Нуру” партиясынын тизмесинде биринчи номерде турат. “Дост-Курулуш” компаниясынын жетекчиси, шаарда жаштар арасында өзгөчө кадыр-баркка ээ. Уюштуруучулук жөндөмү боюнча алдыга киши салдыра элек. Ишкерликте бир топ ийгиликтерге жетишкен. Ал эми саясатта болсо жаңы жүз.

Бакыт Борошов “Нур” партиясынан шаардык кеңешке барат. Кесиби боюнча юрист. Мурдагы прокуратура кызматкери. Азыркы тапта ишкер. Ишкерликке байланыштуу күч органдарынын басымын ачыктап, прокуратура кызматкерлери менен тирешүүнүн артынан көпчүлүккө таанылган. Ошол эле учурда акыркы жолку парламенттик шайлоодо “Ата-Мекен” партиясынан Жогорку Кеңешке барам деп акыркы мүнөттөрдө талапкер болуудан баш тарткан. 

ПАРТИЯЛАР ЭМНЕ МЕНЕН АЛЕК?

“Ата Журт-Кыргызстан” партиясы ушул жылдын 21-февралында каттоодон өткөн. Мыйзамга ылайык, шайлоого катышуучу партиялар шайлоодон 6 ай мурун каттоодон өтүшү керек эле. Партия “бийликчил эмеспиз” дегени менен иш жүзүндө УКМКнын азыркы төрагасы Камчыбек Ташиев төрагалык кылган мурдагы “Ата Журт” партиясынын мүчөлөрү, анан азыркы ажо Садыр Жапаровдун “Мекенчил” партиясынын өкүлдөрүнүн көбү “Ата Журт-Кыргызстанга” биригишкен. Алар менен кошо “Матраимовдуку” делген “Мекеним Кыргызстан” жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдики болгон КСДПчылардын дээрлик 80%ын “Ата Журт-Кыргызстандын” тизмесинен көрүүгө болот. Бул партиянын алгылыктуу иштерин айтууга азыр эрте. Анткени ачылганына али бир ай толгон жок. Ал тургай коомчулук менен толук таанышып бүтүшө элек.

“Өнүгүү” партиясы шайлоо шаңын, жарышуу планын азырынча ачыктай элек. Мурдагыда “Жарык шаар” долбоору менен шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун жарыктандырып чыгышканы маалым. Мунусунда кандай убадаларды берип, элди эмне менен ынандырышат белгисиз.

“Бүтүн Кыргызстан” адаттагыдай эле позициясынан тайбаган партия катары белгилүү. Шаардык кеңешке келүүгө аларга шанс бериле элек. Мунусунда орун берилеби, жокпу белгисиз. Партиянын туруктуу шайлоочуларын жана шаардык кеңешке 5 гана партия ат салышканын эске алганда, бийликтин бут тосуусу болбосо мандатка ээ болуу мүмкүнчүлүгү жогору.

“Ыйман Нуру” жана “Нур” партиялары бул жолку шайлоого алгачкы жолу аттанганына ылайык кандай план менен барышары ачык эмес.

Бир сөз менен айтканда жогорудагы партиялардын мүчөлөрүнүн аткарган иштерин эске албаганда, партиялар өздөрү шаар үчүн алгылыктуу иш аткара элек.

P.S. Шайлоонун шайтан оюндары, талапкерлердин ачыктала элек маалыматтары жана интригалары менен гезиттин кийинки сандарында кабарлап турмакчыбыз.

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17