Аймак

АКИМДЕР ЖАНА ОРУН БАСАРЛАР АТТЕСТАЦИЯДАН ӨТҮҮДӨ

АКИМДЕР ЖАНА ОРУН БАСАРЛАР АТТЕСТАЦИЯДАН ӨТҮҮДӨ

 846 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД, 2021-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому кабыл алынган. Ошонун натыйжасында, жергиликтүү администрациянын башчыларын жана алардын орун басарларын аттестатсиядан өткөрүү боюнча убактылуу жобо кабыл алынган.

Анга өкмөттүн буйругу менен аттестасиялык комиссиянын курамы түзүлгөн. Аталган комиссиянын курамындагы төрагасы мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси, президенттин апараттын өкүлдөрү, Жалал-Абад шаарынын эмгек ардагерлери кирген. Айыл чарба, экономика министрлигинин өкүлдөрүда комиссия курамында кирген, жалпы 12 кишилик курамдан турат.  Аттестасиялык комиссия Наарын, Баткен облустарында болду.

“Жалал-Абад шаары боюнча жалпы 19 кызматкер аттестатциядан өтүп жатат. Баарысы онлайн ачык форматта өтүлүүдө.  Ал эми анын жыйынтыктары болсо, катышкан катышуучулардын электрондук дарегине жиберилет. Сынак бүткөн соң жыйынтыктар чыгарылып токтом кабыл алынат”,-деди Алмаз Аттокуров, комиссиянын мүчөсү.

Эске сала кетсек сынак жүргүзүлгөндө Баткен облусундагы Баткен районунун, Лейлек районунун акимдери жалпысынан 2аким, 1 орун басарлары өз ишине татыксыз деген тыянак чыгарылды. Лейлек районунун акими тестирлөөдөн өткөнү менен, комиссиянын чыгарган чечими менен ангемелешүүдөн өтпөй калган. Ошол эле облуста тестирлөөдөн жеңилип калган кээ бирки инсандар, тест тапшырып бүтүп, давлением көтөрүлүп кетти, ошондуктан тесттен жыгылып калгам деген жүйөөлөрүн билдиришкен.

Байканбек САДЫКОВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17