Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЧЕК АРАДА ЖҮРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛДҮ
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,819 Бардыгы / Австрия эчендеген кылымдардан бою табигый кырсыктардан таптакыр эле башы чыкпай келатат. Ошондуктан, Дүйнөдөгү эң ири MedLife Камсыздандыруу Компаниясы дагы дал ушул өлкөдө ганажайланышкан. Бул үлкөн мекеменин баш директору Петер ХРОНОВСКИЙ Кыргызстанга жасаган алгачкы ишсапарында «Ордо» гезитинин өз кабарчысынын атайын соболдоруна дароо ынандыраарлык жооптордукайтарды. – Петер мырза, эң башкысы Кыргыз жергесине куш келипсиз! – Абдан чоң ыракмат, Алишер! Адегенде Бишкек калаасында бир аз аярлап, жергиликтүү активисттер менен орой-чарай жолугуштум. А эми минтип Ош жергесин дагы чекесинен кыдырып […]
1,820 Бардыгы / Австрия эчендеген кылымдардан бою табигый кырсыктардан таптакыр эле башы чыкпай келатат. Ошондуктан, Дүйнөдөгү эң ири MedLife Камсыздандыруу Компаниясы дагы дал ушул өлкөдө ганажайланышкан. Бул үлкөн мекеменин баш директору Петер ХРОНОВСКИЙ Кыргызстанга жасаган алгачкы ишсапарында «Ордо» гезитинин өз кабарчысынын атайын соболдоруна дароо ынандыраарлык жооптордукайтарды. – Петер мырза, эң башкысы Кыргыз жергесине куш келипсиз! – Абдан чоң ыракмат, Алишер! Адегенде Бишкек калаасында бир аз аярлап, жергиликтүү активисттер менен орой-чарай жолугуштум. А эми минтип Ош жергесин дагы чекесинен кыдырып […]
ПЕТЕР ХРОНОВСКИЙ: «КЫРГЫЗСТАН КЫРСЫКТАР КАТАКЛИЗМИ ТИЛКЕСИНДЕ ЖАЙЛАНЫШКАН»
24.03.2021 / Автор aymak

1,821 Бардыгы /
Австрия эчендеген кылымдардан бою табигый кырсыктардан таптакыр эле башы чыкпай келатат. Ошондуктан, Дүйнөдөгү эң ири MedLife Камсыздандыруу Компаниясы дагы дал ушул өлкөдө ганажайланышкан. Бул үлкөн мекеменин баш директору Петер ХРОНОВСКИЙ Кыргызстанга жасаган алгачкы ишсапарында «Ордо» гезитинин өз кабарчысынын атайын соболдоруна дароо ынандыраарлык жооптордукайтарды.
– Петер мырза, эң башкысы Кыргыз жергесине куш келипсиз!
– Абдан чоң ыракмат, Алишер! Адегенде Бишкек калаасында бир аз аярлап, жергиликтүү активисттер менен орой-чарай жолугуштум. А эми минтип Ош жергесин дагы чекесинен кыдырып олтурам. Жериңер абдан кооз, ал эми элиңерөтө эле меймандос экен. Менин суктанганым: тим эле бейиштин төрүндө гана жашайт турбайсыңарбы, эй!
– Ааламга атагы дүңгүрөгөн MedLife Эл аралык Камсыздандыруу Компаниясынын жетекчилигинин Кыргыз өлкөсүнө күтүлбөгөн сапарынын негизги максаты эмнеде экен?
– Алишер, чынын айтайынчы, мактангандык эмес, бирок, Австрия – жаратылышы аябагандай ажайып өлкө! Бирок, эчендеген кылымдардан бери күтүлбөгөн табигый кырсыктар анын кендирин гана кесип мукуратып келатпайбы. Байкашымча, Кыргызстан деле Австриядай жаратылыш катаклизми тилкесинде гана жайланышыптыр. Мунусу картадан деле даана көрүнүп турбайбы.
Биз жүрөктү дайыма өйүткөн маселелерибизди – бар мал-мүлкүбүздү жана тапкан-ташкан байлыгыбызды мамлекет тарабынан толук кандуу камсыздандыруу аркылуу гана биротоло чечкенбиз. А Сиздер ушул туптуура жолго эми ганаараң түшүп жатыпсыздар. Кыргызстанда Мамлекеттик Камсыздандыруу Компаниясын түптөгөнүңүздөр менен, бул Уюм эл арасында түшүндүрүү жараяны менен гана чектелет экен. Тескерисинче, колду куушуруп жамбаштап жатпастан,калкты байма-бай аралап, алардын арасында ынандыруу аракетин мындан ары абдан күчөтүү абзел! Ошондо гана кыргызстандыктар мал-мүлкүн жана өз өмүрүн дагы мамлекет тарабынан толук кандуу камсыздандырганга өздөрү эле аргасыздан бекем ыкташат.
– Петер мырза, MedLife – Дүйнөлүк Камсыздандыруу Компаниясына кыргызстандыктар деле кайрылганга акылуудур?
– Ооба. MedLife Дүйнөлүк Камсыздандыруу Компаниясынынын Кыргызстандагы өкүлү – Роза Бабаева. Бул айымушул тапта Европада туруктуу жашайт. Биз Кыргызстан өңдөнгөн жаратылыш катаклизмдеринин тилкесинде жайгашканөлкөлөр менен мындан ары тыгыз кызматташканга абдан эле ынтызарбыз!
Биз – баарыбыз тең Жер Шарынын балдарыбыз! Дүйнө жүзүнүн кайсыл өлкөсүнүн, же инсанынын башына кокусунан мүшкүл түшсө, биринчилерден болуп колубузду сунуп, ага улай токтоосуз ар тараптуу жардамдашканга дагыдайым даярбыз!
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”


Автор aymak
-
14.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
-
-
18.04.2025 / Автор anarkan_kg “КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ” ААКтын АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЖАЛПЫ ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ
-
26.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ АНТИКИНОТЕАТРЛАРДЫ ЖАБУУНУ ТАЛАП КЫЛДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.