Аймак

КЫРГЫЗСТАНДА “БАКАЙ БАНК ЖАЗ ДЕМИ-2021” МАРАФОНУ БАШТАЛАТ

КЫРГЫЗСТАНДА “БАКАЙ БАНК ЖАЗ ДЕМИ-2021” МАРАФОНУ БАШТАЛАТ

 1,278 Бардыгы /

БИШКЕК. Ушул жылдын 4-апрелинде жигердүү жана сергек жашоо образын сүйүүчүлөр спорттун жаркын окуясына көбү болушат. Дал ушул күнү Nomad Sport компаниясы уюштурган жыл сайын өтүүчү “Бакай Банк Жаз Деми-2021” жарым марафону “Аска-Таш” мемориалдык комплексинен старт алат. 5, 10 жана 21,1 чакырым аралыкты камсыз кылган жарыштын маршруту адаттагыдай эле Манас Эл аралык аэропортунун трассасы аркылуу өтөт.

Nomad Sportтун башкы директору Арслан Малдыбаевдин айтымында, жарым марафондун уюштуруучулары алдыдагы жарышка катышуунун жаңы эрежелери жөнүндө кеңири баян этишти. Таажы илдетин 2020-жылдагы спорт календарына олуттуу кесепетин тийгизди.

  • Бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча көптөгөн пландаштырылган спорттук

иш-чаралар жокко чыгарылды, же кийинкиге эылдырылды. Ошондой эле биз дагы бир катар иш-чаралардан токтотууга мажбур болдук. Жыл сайын старт алуучу «Bakai Bank Jaz Demi», «Toyboss Night Run», жазгы жана күзгү веложарыштар, Ысык-Көлдө сууда сүзүү жана “Ак илбирсти сактап кал” кайрымдуулук жарышы 2021-жылга жылдырылган. Масштабдуу спорттук жарыштарды пандемия учурунда деле өткөрсө болоорун далилдеген кесиптештерибиздин тажрыйбасын изилдеп чыгып, жаңы эрежелерди сактоо менен ушул спорттук иш-чараны уюштуруп жатабыз, – деп чындыкты моюндады Nomad Sport компаниясынын башчысы Арслан Малдыбаев.

         Баса, «Bakai Bank Jaz Demi-2021» жарым марафону учурунда спортчулар төрт-беш адамдан куралган топторго бөлүнүп, 2-5 секунда айырма менен старт алат. Фиништин чегинде ар бир күлүктүн жеке убактысынын жыйынтыктарды дагы эсептөөгө алынат. Социалдык аралык сакталып, термометрия катуу уюштурулат. Ошондой эле иш-чаранын аймагында атайын антисептикалык жабдуулар дагы коюлат. Жарыштын катышуучуларына медициналык бет каптар, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук боюнча көрсөтмөлөр жана суу куюлган бөтөлкөлөр кошо берилет. Спортчуларга санитардык эрежелер тууралуу иш-чаранын алып баруучулары, ыктыярчылар жана атайын белгилер тынбай эскертип турушат.

         Дагы бир масштабдуу иш-чара “Ак илбирсти сактап калабыз!” кайрымдуулук акциясы 26-сентябрга пландаштырылып жаткандыгы тууралуу (GSLEP) ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгынын башчысы Чыңгыз Кочоров айтып берди. Бул жарыштагы катышуучулардын жалпы саны 3 миңге жакын адамды түзcө, алардын 600ү чет элдик спортчулар. Долбоордун максаты – Кызыл китепке кирген жаныбарды сактоо боюнча глобалдык демилгени колдоо болуп саналат. Жарыштын алкагында 2019-жылы 1 426 700 сом чогултулуп GSLEP эсебине которулган. Бул каражат фотокапкандарды сатып алууга жана орнотууга жумшалат.

         – Кайрымдуулук жаңы максаты дагы аныкталды. Быйыл жарыштан чогултулган каражатты, “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын дирекциясы үчүн алыскы тоолуу аймакта жүрүүгө ылайыкташтырылган эки “Нива” автоунаасын сатып алууну пландап жатабыз, – дейт Nomad Sport компаниясынын башчысы Арслан Малдыбаев.

         Белгилей кетсек, “Ысык-Көл” бисофералык аймагы учурда “Хан-Тенири” мамлекеттик жаратылыш паркындагы илбирсти сактап калуу боюнча иш алып барууда. Адистер корголуучу аймактагы жана ага чектеш аймактарда жырткычтардын популяциясынын учурдагы абалын, алардын санын изилдеп жатышат.

Nomad Sport командасынын бекем ишенимине караганда, ири спорттук иш-чараларды өткөрүү, өлкөнүн жагымдуу образын эл аралык алкакка алып чыгууга дагы бекем шарт түзөт.  Компаниянын дагы бир маанилүу максаты бул – билим берүү, ал эң аз чыгым талап кылып, адамдын өзүн, анын айлана-чөйрөсүн жана ошондой эле жалпы улуттун моралдык жана физикалык саламаттыгын калыбына келтирүүнүн натыйжалуу каражаты. Бүгүн Nomad Sport спорттун үч түрүн жайылтууда: чуркоо, велосипед тебүү жана сууда сүзүү.  Өткөн жылы, киргизилген чектөөлөргө байланыштуу массалык спорттук иш-чараларды токтотууга мажбур болгонуна жараша, Nomad Sport жарыштын атайын операциялары Specops running жана Home run иш-чараларын сунушташты.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ: Nomad Sport компаниясы 2018-жылы негизделген. Энтузиаст-пикирлештердин тобунун алгачкы максаты – Кыргызстанда массалык спортту жана сергек жашоонун принциптерин жайылтуу болуп саналган. Бул идея бүгүнкү күндө деле актуалдуу бойдон калууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”       

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17