Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
943 Бардыгы / ДЕЛИ. Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси Асеин Исаевдин Индиянын Текстиль өнөр жайы, Аялдар жана балдар маселелери боюнча Министри Смрити Зубин Ирани айым менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин баса белгилешип, аялдар ишкердигин жана текстиль бизнесин өнүктүрүүдө кызматташтыкты мындан ары бекемдөө зарылдыгын дагы белгилешти. Индиянын Текстиль өнөр жайы, Аялдар […]
944 Бардыгы / ДЕЛИ. Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси Асеин Исаевдин Индиянын Текстиль өнөр жайы, Аялдар жана балдар маселелери боюнча Министри Смрити Зубин Ирани айым менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин баса белгилешип, аялдар ишкердигин жана текстиль бизнесин өнүктүрүүдө кызматташтыкты мындан ары бекемдөө зарылдыгын дагы белгилешти. Индиянын Текстиль өнөр жайы, Аялдар […]
ИНДИЯ КЫРГЫЗ ТАРАП МЕНЕН АЯЛДАРДЫН ИШКЕРДҮҮЛҮК ПРОГРАММАЛАРЫНЫН АЛКАГЫНДА БИРГЕЛЕШИП ИШТӨӨГӨ ДАЯР ЭКЕНДИГИН БИЛДИРДИ
26.03.2021 / Автор aymak

945 Бардыгы /
ДЕЛИ. Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси Асеин Исаевдин Индиянын Текстиль өнөр жайы, Аялдар жана балдар маселелери боюнча Министри Смрити Зубин Ирани айым менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин баса белгилешип, аялдар ишкердигин жана текстиль бизнесин өнүктүрүүдө кызматташтыкты мындан ары бекемдөө зарылдыгын дагы белгилешти. Индиянын Текстиль өнөр жайы, Аялдар жана балдар маселелери боюнча Министри Смрити Зубин Ирани Кыргыз тараптын сунушун кубаттап, Индиянын Кыргызстанга болгон чоң урматтоосун эске алганда, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты аялдардын ишкердүүлүгү боюнча иштеп жаткан программалардын призмасы аркылуу кеңейтүү мүмкүн экендигин ачыктады.
Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар төмөнкү келишимдерге токтолушту:
– Кыргыз кол өнөрчүлөрү үчүн текстиль өнөр жайындагы алмашуу программаларын карап чыгуу;
– Эки өлкөнүн ортосундагы аялдардын ишкердигин колдоо боюнча микро-ишканаларга же уюмдарга насыя берүүнү караган «Мудра Йожана» сыяктуу натыйжалуу программаларды мамлекеттик деңгээлде даярдоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү;
– Эки өлкөнүн баалуулуктары, каада-салты жана маданияты менен таанышуу үчүн мектеп окуучулары үчүн алмашуу программаларын караштыруу;
– Кол өнөрчүлүк өндүрүшү жана колдонмо искусствосу боюнча тажрыйба жана көндүмдөр менен алмашуу.
Маалымат үчүн: Смрити Зубин Ирани айым 2011-жылы Гуджарат штатынын атынан Индия парламентинин жогорку палатасы Раджья Сабхага шайланган. 2017-жылы август айында Гуджарат штатынан Раджья Сабхага кайрадан шайланган. 2019-жылдагы жалпы шайлоодо ал Индиянын төмөнкү палатасы Лок Сабхага шайланган. Буга чейин төмөндөгү кызматтарда иштеп келген: Индиянын учурдагы башкаруучу «BJP» партиясынын аялдар иштери боюнча улуттук вице-президенти жана улуттук президенти; 2014-жылдын май айынан 2016-жылдын июль айына чейин Адам ресурстарын өнүктүрүү министри; 2017-жылдын июлунан 2018-жылдын майына чейин Маалымат жана радиоуктуруу министри. Ал Индиянын Өкмөтүндөгү эң жаш министр жана Адам ресурстарын өнүктүрүү жана текстиль иштери боюнча министр кызматын ээлеген биринчи айым. Ирани айым Дүйнөлүк экономикалык форумдун чечими менен Индиянын 2015-жылдагы жаш глобалдык лидери деп табылган. Анын «Фейсбук» социалдык тармагындагы жазылуучуларынын саны 5 миллион адамды түзөт, ал эми Твиттерде аны 11 миллион адам окуйт.
Баткен облусунда жумушсуз аялдарга ишкердигин өнүктүрүү үчүн грант берилди.
Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”
Автор aymak
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
17.03.2026 / Автор anarkan_kg МАДАНИЯТ МЕКЕМЕЛЕРИНЕ 117 ЖАҢЫ УНАА ТАПШЫРЫЛДЫ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫТАЙ МЕНЕН ЧЕКТЕШКЕН ЧЕК АРАДА ӨТКӨРҮҮ БЕКЕТТЕРИ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.