Аймак

ТҮРКМӨНСТАН СЕРБ БРОНЕТРАНСПОРТЕРУНУН АЛГАЧКЫ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК САТЫП АЛУУЧУСУ БОЛДУ

ТҮРКМӨНСТАН СЕРБ БРОНЕТРАНСПОРТЕРУНУН АЛГАЧКЫ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК САТЫП АЛУУЧУСУ БОЛДУ

 1,212 Бардыгы /

Түркмөнстан Сербиянын «Лазар 3» бронетранспортерунун алгачкы чет өлкөлүк сатып алуучусу болду. Бул тууралуу Ru.Serbia.com сайты кабарлады.

STANAG V/IV коргонуусуна ээ «Лазар-3» бронетехникасына 30 миллиметрлик автоматтык замбирек, 12,7 же 7,62 миллиметрлик пулеметтор, ошондой эле танкка каршы ракеталар орнотулушу мүмкүн. Үч кишиден турган экипаж 9 жоокерди алып жүрө алат.

«Лазар 3» буга чейин Сербия армиясы үчүн гана өндүрүлүп келген.

Түркмөнстан чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Европа биримдигинен көптөгөн курал-жарак сатып алат.

Bellingcat иликтөө тобунун маалыматына ылайык, 2008-жылы кабыл алынган репрессиялык өлкөлөргө курал-жарак сатпоо чечимине карабастан, ЕБ 2007-2017-жылдар аралыгында Түркмөнстанга 370 млн еврого курал саткан.Алардын 76% Италияга туура келет.

Дүйнө маселелерин изилдөө боюнча Стокгольм институту (SIPRI) кабарлагандай, Түркмөнстан курал-жарактын 36% Түркиядан, 27% Кытайдан жана 20% Орусиядан алат.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17