Аймак

КӨПҮРӨ АВАРИЯЛЫК АБАЛДА

КӨПҮРӨ АВАРИЯЛЫК АБАЛДА

 1,035 Бардыгы /

Ички көпүрөнү суу жууп кеткендиктен, тургундар айланпа жолдон жүрүүгө аргасыз.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы  Кара-Март айылынын Бай-Маала тилкесинде Кара-Март дарыясына салынган ички чарбалык унаалар өтүүчү көпүрөсүнүн жээктерин суу жууп кетип, авариялык абалга келтирген.

Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иш-чараларын жүргүзүп, аталган көпүрөдөн өтүүгө тыюу салып, атайын эскертүүчү белгилери орнотулган. Эске сала кетсек учурда, Кара-Март айылынын тургундары айланма жолдор аркылуу өтүүдө.

 “Аталган көпүрө ички чарбалык көпүрө болуп эсептелинет. Ал МЧС аркылуу курулган, ошол кезде бекемдөө иштери колго алынган эмес. Азыркы учурда айыл өкмөттүн балнсында турган үчүн, МЧС аркылуу менен өкмөт эки тараптама жерине барып келген. МЧСтин мониторингинин жыйынтыгы менен, комииссия чечим кабыл алат. Ошол чечим менен кайрадан айыл өкмөт акча каражатын бөлөт. Көпүрө кайрадан апрель айы ичи бүткөрүлүп колдонууга берилет”,-деди Сузак районунун акими Төрөгелди Түркбаев.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17