Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,279 Бардыгы / Кыргызстандын Түштүгүндө жайланышкан Баткен районундагы Кадамжай, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука, Ош облусундагы Ноокат жана Кара-Суу райондорунун акимдеринин орду дагыле бопбош турат. Эмне үчүн? Адатынча кызыкдар тараптар менен жең ичинен соодалашуу жүрүп жаткан жокпу? Мунун чоо-жайын Ноокат районунун акиминин милдетин аткарып жаткан биринчи орун басары Замирбек ЖАПАРОВдон кенен-чонон сураштырып, учурдагы бүйүр кызыткан башка дагы соболдорубузга […]
1,280 Бардыгы / Кыргызстандын Түштүгүндө жайланышкан Баткен районундагы Кадамжай, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука, Ош облусундагы Ноокат жана Кара-Суу райондорунун акимдеринин орду дагыле бопбош турат. Эмне үчүн? Адатынча кызыкдар тараптар менен жең ичинен соодалашуу жүрүп жаткан жокпу? Мунун чоо-жайын Ноокат районунун акиминин милдетин аткарып жаткан биринчи орун басары Замирбек ЖАПАРОВдон кенен-чонон сураштырып, учурдагы бүйүр кызыткан башка дагы соболдорубузга […]
Замирбек ЖАПАРОВ: “НООКАТКА ИРИ КӨЛӨМДӨГҮ ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТЫП ЖАТАБЫЗ”
31.03.2021 / Автор aymak1,281 Бардыгы /
Кыргызстандын Түштүгүндө жайланышкан Баткен районундагы Кадамжай, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука, Ош облусундагы Ноокат жана Кара-Суу райондорунун акимдеринин орду дагыле бопбош турат. Эмне үчүн? Адатынча кызыкдар тараптар менен жең ичинен соодалашуу жүрүп жаткан жокпу? Мунун чоо-жайын Ноокат районунун акиминин милдетин аткарып жаткан биринчи орун басары Замирбек ЖАПАРОВдон кенен-чонон сураштырып, учурдагы бүйүр кызыткан башка дагы соболдорубузга ынандыраарлык жоопторду уктук.
- Замирбек мырза, Өкмөт башчысы Улукбек Мариповдун бир
тууганы үкаси Бактыбек Мариповдун Ноокат районунунун акимдигинен бошотулгандан бери анын орду дагыле бош турабы?
- Ооба. Учурдан пайдаланып бир жагдайды ачык айтып коюуга
тийишмин! Бактыбек Марипов жаштыгына карабастан, эч камчы салдырбастан иштеп аткан. Ноокат районун кыска мөөнөттө ар тараптуу өнүктүрүүчү олутуу Программасы дагы бар эле. Ошнун бардыгын эми чекесинен жаңы баштаганда, жумушунан бошотуп коюшпадыбы.
Бизде эле эмес Баткен районундагы Кадамжай, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука, Ош облусундагы Ноокат жана Кара-Суу райондорунун акимдеринин орду эмдигиче бопбош турат.
- Сиз өңдөнгөн мол тажрыйбалуу жана дасыккан жетекчилерди
эч ойлонуп олтурбастан дароо эле аким кылып дайындап коюшса болмок да. Туурабы?
- Алишер, буга жаңы мыйзам жол бербейт. Адегенде сөзсүз кароо-
сынак болуш кажет. Анын жүрүшүндө гана талапкерлер бара-бара иргелебиз.
- Жашырып не. Азыр бул орунга кызыкдар тараптар жана
өлүп-тирилип жүгүргөндөр дагы ыраса көбөйгөндүр?
- Чыдыгында, мындайды мен дегеле билбейт экенмин. Жалпыга
маалымдоо каражаттары жазышканына караганда, ушул тапта акимдик орунга Ноокат районунан талапкерлер эң эле көп экен. Мен дагы мүмкүнчүлүгүмдү дыкаат караштырып көрүп, акырында Улуттук Резервге тиешелүү документтеримди бүт тапшырдым. Бирок, Кыргызстанда акимдерди дайындоо тартиби жана эрежеси алигүнчө белгисиз…
- Жалгыз орунга мынчалык арбын талапкрелердин ат салышып
жаткандыгы, Сиздин оюңузча, эмнени каңкуулайт?
- Демек, каалайбызбы, каалабайбызбы, Жергиликтүү Бийлик
Башчыларынын (акимдердин, мэрлердин, Айыл Өкмөттөрүнүн) кадыр-баркы уламдан улам өсүп баратыптыр. Ошого жараша мамлекет алдында булардын жоопкерчилиги дагы ого бетер жогорулатылды.
- Замирбек мырза, кокус чындап эле Ноокат районунун
акимдигине дайындалып калсаңыз, Сиз күнөстүү жергеңизди кантип өнүктүрөөр элеңиз?
- Көптөгөн жылдар бою Ноокат районунун акиминин биринчи орун
басары вазийпасын абийирдүү аркалап калбадымбы. Андыктан, өзүм мерчемдеген План-Программам бар. Эң эле ириде Ноокат шаарынын бей-жай жайланышкан борбордук жана мал базарларын тээ чекеге – окчун жана ыңгайлуу аймакка жылдырабыз. Буга улай Калкты тейлөө борборун – паспорт үстөлүн дагы бүт Зулпуев атындагы Айыл Өкмөтүнө биротоло көчүрөбүз. Ошондо гана Ноокат шаарындагы тыгын бара-бара дээрлик жоюлат.
Мындан тышкары Ноокат жергесинде заманбап Логистикалык борбор курабыз. Ошентип, сырттан ири көлөмдөгү инвестиция дагы тартып жатабыз. Кудаа кааласа, жакын арада эле коңшу-колоңдорубузга жалдырабастан жана зарыкпастан, жер семирткичтерди өзүбүз жетиштүү көлөмдө үзгүлтүксүз өндүрмөкчүбүз. Ноокат шаарындагы борбордук базардын бошогон ордун ээн калтырбастан, заманбап сейил бакка айландырабыз. Мындан тышкары ар бир Айыл Өкмөтүнө дараметине жараша чакан ишканаларды байма-бай курмакчыбыз.
МААЛЫМАТ ИР ЕТИНДЕ
Ош облусуна караштуу Ноокат районунда ушул тапта 305 миң калк жашайт. Аймак 69 кыштактан жана 16 Айыл Өкмөтүнөн жана жалгыз шаардан куралган.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ТУБАСА ЖАНА ТУУНДУ СЫН АТООЧТОР
-
-
-
-
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg НИЯЗАЛИЕВАНЫН ШТАБЫНАН КАРМАЛГАН ЭКИ КИШИ КАМАККА АЛЫНДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.