Аймак

ОН ТӨРТ АЙЫЛГА 6,5 МИЛЛИОН СОМ ГРАНТ БЕРИЛЕТ

ОН ТӨРТ АЙЫЛГА 6,5 МИЛЛИОН СОМ ГРАНТ БЕРИЛЕТ

 1,740 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Базар-Коргон районунун Могол Айыл Өкмөтүндө далай жылдардан бери сугат суу маеслеси кендирди куп кесип келаткан. А түгүл Ооган-Талаа айылы тоолуу жерде жайгашкандыктан, кыштак тургундары сугат сууну Арстанбап дарыясынан он беш чакырым арык казып алып келишкен.

Акыркы жылдарда аймакта жер көчкү кырсыгы катарынан жүз берип, а түгүл арыктарды дагы бөгөп калды. Мунун кесепетинен тургундарынын үйлөрүнүн алдындагы жер тилкелери дээрлик сугат сууга куп мукураган чагы. Эми минтип сугат суу менен камсыз кылуу системасын толук бойдон реконструкцялоо абзел! Ошондо гана айыл тургундарынын көйгөйү бир жаңсыл чечилет. Тилекке каршы, бул иштер олочойгон каражатты талап кылат эмеспи. А мамлекеттик дотацияда олтурган Могол Айыл Өкмөтүнүн буга жетишээрлик каражат бөлүү таптакыр мүмкүнчүлүгү жок! Мына ушундай кыйчалыш кырдаалда элеттиктерге Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Биримдиги (ЖӨАБ Биримдиги) “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоору аркылуу жардамга кол сунду. Аталган долбоорду Швейцариянын Өкмөтү эл аралык Хельветас уюму аркылуу каржылайт. Мунун жалпы көлөмү 6,5 миллион сомду чапчыйт.

ЖӨАБ Биримдигинин Жалал-Абад облусундагы Өкүлү Турдалы Темирбаев маалымдашынча, бул долбоордун алкагында Айыл Өкмөттөрү атайын окуудан дагы өткөрүлүп, жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу пландарын түзүүнү дадил үйрөнүштү. Ушундан соң гана булар менен ЖӨАБ Биримдигинин ортосунда артыкчылыкты багыттар боюнча жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча гранттык кызматташуу келишими түзүлдү. Ошентип, Жалал-Абад облусунан он төрт айылга гранттар ажыратылды.

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоорунун  алкагында Жалал-Абад обусунун аймагындагы Ак-Там, Ак-Суу, Ак-Коргон, Атай, Барпы, Бел-Алды, Кош-Дөбө, Кызыл-Туу, Могол, Өрүктү, Сары-Булуң, Сары-Камыш, Талдуу-Булак жана Терек-Сай айылдары грант алышат. Гранттык каражаттар негизинен айыл тургундары үчүн эң маанилүү инфратүзүмдү жакшыртуу, кеңсе техникаларын сатып алуу, балдар бакчаларын оңдоо, ошондой эле китепканаларды жабдуу сыяктуу жумуштарга дагы сарпталат.

ЖӨАБ Биримдигинин Жалал-Абад облусундагы Өкүлү Турдалы Темирбаев кошумчалагандай, бул айылдар жөн эле жеринен иргелип алынган жери жок. Муну үчүн атайын сынак жарыяланган.

– Биз аталган долбоордун алкагында Айыл Өкмөттөрүнүн арасында калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу багытындагы долбоорлорго сынак жарыялаганбыз. Айыл Өкмөттөрү өз долбоорлору менен бул таймашка абдан активдүү катышышты. Ошентип, булардын  арасынан жогоруда аталган айылдар боюнча долбоорлор гана тандалып алынды, — дейт ЖӨАБ Биримдигинин Жалал-Абад облусундагы Өкүлү Турдалы Темирбаев.

Баса, ЖӨАБ Биримдиги калкка 24 багытта кызмат көрсөтөт. Дал ошол өңүттөгү долбоорлор гана кабыл алынат. Ал эми мындай он төрт айылга грант берген окуя аталган Уюмдун тарыхында дегеле болгон эмес!

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17