Аймак

ВОРУХ АНКЛАВЫ КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ТАЖИКСТАНДЫН БИРИ-БИРИНЕ СЕС КӨРСӨТҮҮЧҮ КУРАЛЫНА ГАНА АЙЛАНДЫ

ВОРУХ АНКЛАВЫ КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ТАЖИКСТАНДЫН БИРИ-БИРИНЕ СЕС КӨРСӨТҮҮЧҮ КУРАЛЫНА ГАНА АЙЛАНДЫ

 1,488 Бардыгы /

Кыргызстандын Баткен районунун Ак-Сай айылы Тажикстандын Ворух анклавы менен кыдырата чектешкен. Соңку тапта бул тилкедеги чыр-чатактар уламдан улам курчуп гана баратат. Ошол себептүү аймактагы шахмат түрүндө жайгашкан аянттарды ыкчам алмашуу жаатындагы жүйөөлүү сунуштар чукул арада бир жаңсыл чечилмейинче, олуттуу баш оорутмадан дагыле арылбайт өңдөнөбүз…

         Улуттук Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин (мындан ары УКМКнын) төрагасы Камчыбек Ташиев Ворух анклавыжаатында коңшу Тажикстанга эки жүйөөлүү сунушту жөнөтүшкөндүгүн акырында моминтип жар салып олтурат.

Эң башкысы: ал мындан ары такыр чоңойбойт. Ошентип, Ворух анклавынан Тажикстанга ары-бери тоскоолдуксуз каттоо максатында гана атайын коридор беребиз, – деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. – Бирок, бул жол Баткен районунун Ак-Сай айылын айланып гана өтөт. Бул – биринчиси. А экинчи сунушубуз – он эки миң гектарды ээлеген Тажикстандын Ворух анклавын Баткен, же Лейлек районунун башка жерлерине айырбаштоого биз даярбыз! Бул алгачкы негиздемебизди биз Тажикстанга расмий түрдө жөнөткөнбүз. Тилекке каршы, коңшуларыбыз азырынча Кайрылуубузуга таптакыр жооп ката элек…

Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди ачык эле кубаттады.

  • Эгерде маселе УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айткандай оң

жагына чечилип калса, биз буга кош колдоп макулбуз! – деп агынан жарылды Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев. – Анткени, Тажикстандын Ворух анклавынын калкы уламдан улам көбөйүп, а жери дагыле кеңейип гана баратат. Эң негизгиси – Чек ара зым менен тосмолонушу кажет! Же башка коопсуз жайга алмаштырылууга тийиш!

         Баса, Тажикстандын Ворух анклавынын ордуна Кыргызстандын  Баткен жана Лейлек райондорунун аймагынан жер аянттары сунуш этилүүдө. Бирок, кай тилкелер экендиги толук ачыктала элек.

  • Зерикпестен архивди аңтарсаңар, айланайындар? Тээтигил СССР

мезгилинде Баткен районунун айрым аймагы Тажикстанга негизсиз эле өтүп кеткен, – деп аябай чырылдады Баткен облусунун биринчи губернатору Мамат Айбалаев. – Исхак Раззаковдун, Турдакун Усубуалиевдин, Апсамат Масалиевдин, андан кийин Аскар Акаевдин жана Курманбек Бакиевдин тушунда дагы бир катар аянттарыбыз Тажикстанга энчиленген. Дал азыр ошолордун баарын тең көтөрүп, “Мына, туугандар! Силерге берилген жерлерибиз! Союз, мындайча айтканда, СССР эбак кулаган. Силер азыр талашып жаткан тилкелерди эми ошол кезде Тажикстанга тартууланып кеткен Мургаб жана Жерге-Тал райондоруна алмаштырбайлыбы?!?” – дегенге биздин толук акыбыз бар. Менимче, дал ушул – Кыргызстан үчүн абдан ыңгайлуу вариант жана туура чечим! Ансыз деле СССР маалында Баткен жана Лейлек райондорунун далай булуң-бурчтары кошуналарыбызга адилетсиз бөлүштүрүлгөн. А буга өбөлгө түзгөндөр дагыле мыйзам чегинде жооп берише элек…

         Баса, Кыргызстан менен Тажикстандын Чек арасынын узундугу 970 чакырымга созулат. А мунун 519 чакырымы гана биротоло такталган. А калган бөлүгү шарттуу Чек ара сызыгы бойдон турат. Акыркы жылдарда Тажикстан менен Чек араны такташтырууда дурус жылыштар болбой, а түгүл эки өлкөнүн Чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк Комиссиялардын отуруму өткөн жылдын февраль айынан тартып токтотулган. А быйыл 15-16-мартта Тажикстандын Согдий  облусунда аталган Өкмөттүк комиссиялардын кезектеги отуруму өткөрүлгөн. Бирок, анын жыйынтыгы калайыкка толук шардана кылына элек…

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17