Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
916 Бардыгы / Ушул жылдын 11-апрелине мерчемделген Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоосу бул кебетесинде чоң чыр-чатак менен коштолот өңдөнүп калды. Жашырып не. Адаттагыдай эле административдик жана акча ресурстары куп эле пайдаланалып жаткан чагы. Бирок, бул жөнүндө үстөккө-босток коңгуроо кагып жатышкан партиялар жана Ата Мекендик серепчилер аталган маанилүү саясий өнөктүктүн жүрүшүнө БШК, ошондой эле укук коргоо органдары […]
917 Бардыгы / Ушул жылдын 11-апрелине мерчемделген Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоосу бул кебетесинде чоң чыр-чатак менен коштолот өңдөнүп калды. Жашырып не. Адаттагыдай эле административдик жана акча ресурстары куп эле пайдаланалып жаткан чагы. Бирок, бул жөнүндө үстөккө-босток коңгуроо кагып жатышкан партиялар жана Ата Мекендик серепчилер аталган маанилүү саясий өнөктүктүн жүрүшүнө БШК, ошондой эле укук коргоо органдары […]
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ШАЙЛООСУ ЧЫР-ЧАТАК МЕНЕН КОШТОЛЧУДАЙ…
05.04.2021 / Автор aymak918 Бардыгы /
Ушул жылдын 11-апрелине мерчемделген Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоосу бул кебетесинде чоң чыр-чатак менен коштолот өңдөнүп калды. Жашырып не. Адаттагыдай эле административдик жана акча ресурстары куп эле пайдаланалып жаткан чагы. Бирок, бул жөнүндө үстөккө-босток коңгуроо кагып жатышкан партиялар жана Ата Мекендик серепчилер аталган маанилүү саясий өнөктүктүн жүрүшүнө БШК, ошондой эле укук коргоо органдары жетиштүү даражада абай салышпай жатышкандыгына өтө кабатыр.
- Биздин партиябызды Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын
шайлоосунан жөнсүз эле четтетип коюшту, – деп аябай тызылдады “Тилектештик” партиясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаев. – Тиешелүү мекемелер мунун жүйөөлүү себебин түшүндүрүшкөн дагы жок! Сыягы, биздин туруктуу оппозициялык маанайды тутунганыбыз азыркы бийликке чындап жакпай калган өңдөнөт. Убакыт чукулдугунан улам БШКга жана сотторго калыстык үчүн даттанган деле жокпуз…
- Бул эч нерсе эмес! Кечээ эле бийликчил “Биримдик” жана
“Мекеним – Кыргызстан”партияларынын тизмесинде Жогорку Кеңешке аттанышып жыдып, а түгүл Президент Сооронбай Жээнбековдун тактан кулатылышын шарттагандар бүгүн кылы кыйшайбастан туруп кайрадан эле Ош шаардык Кеңешинин депутаттыгына бийликтин “Ата Жут-Кыргызстан”партиясынын атынан саясий күрөшкө белсеништи, – деп аябай тызылдады “Улуттар Биримдиги” партиясынын жол башчысы, Ош шаарынын экс-мэри Мелисбек Мырзакматов Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын шайлоочулары менен жолугушуусунда. – Президент Садыр Жапаров бийликти тазалаганы ушулбу? А биз булардан кескин айырмаланып, “Улуттар Биримдиги” партиясынын талапкерлерин жаңы жүздөр жана таза күчтөр менен жаңыладык.
А бул арада Ош шаардык Кеңешинин шайлоосуна катышып жатышкан тогуз партиянын бешөө – «Улуу Журт», «Республика», «Улуттар Биримдиги», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Бир Бол» партияларынын өкүлдөрү атайын басма сөз жыйынын өткөрүшүп, Президент Садыр Жапаровго дагы чукул Кайрылуу жасашты.
Аталган беш саясий уюмдун өкүлдөрү Кыргызстандын Түштүк
башкалаасында Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоосунун үгүт жараяны одоно мыйзам бузуулар менен коштолуп жаткандыгына катуу даттанышты. Алар жергиликтүү бийлик административдик ресурстарын ачык эле колдонуп, а түгүл добуштарды сатып алуу аракети катуу жүрүп жаткандыгына арызданышты. Ошондой эле Ош шарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду айрым партияларды ачык эле сүрөп келаткандыгы үчүн айыпташып, мамлекет жетекчиси Садыр Жапаровду бул маселеге чукул арада өзгөчө көңүл бурууга чакырышты.
Ош шаардык Кеңешине шайлоосуна катышып жаткан «Республика» партиясынын өкүлү Азат Мусаев Президент Садыр Жапаров өзү жакында эле Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевди кабыл алгандыгын баса белгилеп, муну шайлоого ачыктан ачык кийлигишүү сыңары сыпаттады: – Эмне, Пезидент Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевди башка күндөрү деле кабыл алса болбойт беле?Демек, биздин күмөн санаганабыз негиздүү! Көшөгө артында мамлекет башчысы Садып Жапаров кайсыл партияларды сүрөө, а кайсыларын жыдытуу боюнча тапшырма бергендиги эч кимге жашыруун эмес!
Ал эми жергиликтүү Кеңештердин шайлоосунун жүрүшүнө такай абай салып жүргөн серепчи Жыргалбек Жээнбеков бул саясий өнөктүк кадам сайын олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолуп жаткандыгын шардана кылды.
- Ыя, айланайындар! Ош шаарындагы кээ бир партиялар адаттагыдай
шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүшүп, а түгүл алардын добуштарын дагы алдын ала соодалашып, кадимкидей үргүлжүм эле сатып алып жатышпайбы. Ош шаарынын укук коргооо органдары ушуларды неге аңдып, үзгүлтүксүз көзөмөлдөшпөйт жана мыйзамдуу чарасын дагы көрүшпөйт, ыя? – деп ыраса чырылдады оштук серепчи Жыргалбек Жээнбеков.
Ошентип, Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышып жатышкан айрым париялар эгерде добуштардын жыйынтыгы анык бурмаланса, анын таптакыр тааныбай турушкандыгын, ошондой эле каршылык көрсөтүү, нааразычылык аякцияларын – элдик толкундоолорду уюштурушаарын улам-улам эскертишүүдө.
Алишер ТОКСОНБАЕВ
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
13.02.2025 / Автор anarkan_kg ИСКЕ УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛ, ЖАКЫНЫҢДЫН ӨМҮРҮН САКТА!
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЯПОН МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ
-
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ШАЙЛООНУ УЮШТУРУУ БОЮНЧА ОБЛУСТУК ШТАБДЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ
-
24.10.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА КЕСИПТИК БИРЛИКТЕР ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ
-
29.10.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД САНАТОРИЯСЫНА БАРУУЧУ ЖОЛДУН ЧЕТИНЕ ГҮЛДӨР ОРНОТУЛУУДА
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.