Аймак

Чаткалбай РАЙЫМБАЕВ: “ИЛИМ-БИЛИМДИ ЭКСПОРТТОГОН ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТКЕ АЙЛАНДЫК”

Чаткалбай РАЙЫМБАЕВ: “ИЛИМ-БИЛИМДИ ЭКСПОРТТОГОН ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТКЕ АЙЛАНДЫК”

 1,014 Бардыгы /

Чейрек кылым тарыхы бар Кыргыз-Өзбек университети эми минтип Эл аралык деген макамды алып, буга улай эле ЖОЖго көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Батыралы Сыдыковдун ысымы дагы ыйгарылып олтурат. Аталган окуу жайга Батыралы Сыдыковдун ысымын берүү кимдер тарабынан демилгеленгендигин билүү үчүн жана университеттин билим берүү ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу максатында Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевичти күтүүсүздөн кепке тарттык.

  • Чаткалбай Кенейбаевич, Сиз жетектеген университетке

көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Батыралы Сыдыковдун ысымын ыйгаруу демилгеси деги кайдан келип чыкты?

  • Көп улууттуу Ош жергесиндеги бардык этностордун жаштарынын

илим жана билимге болгон суро-талабын заманбап канааттандырып, бардык элдердин социалдык-маданий баалуулуктарынын ырааттуу өнүгүшүнө, тарыхынын кийинки муунга так жеткирилишине ырааттуу кам көрүү максатында Кыргыз-Өзбек университети түптөлгөнүн жакшы билесиз.

Биричиден, Батыралы Сыдыков – Кыргыз Республикасында гана эмес, Борбор Азиядагы көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер. Философия илимдеринин доктору. Эгемендүүлүгүбүздүн эң алгачкы жылдарында Ош облусунун губернатору вазийпасын дагы өтө абийирдүү аркалаган. Жергиликтүү калктын бардык өзгөчөлүктөрүн эң мыкты билген губернатор Батырали Сыдыков дал ушул биздин университетти уюштуруучу топтун катарында жүргөндүгүн көпчүлүк жакшы билет.

Экинчиден, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси катары иштеп жаткан маалда Батыралы Сыдыков эки мамлекеттин ортосундагы саясий-экономикалык, социалдык-маданий байланыштардын оожалып-өнүгүшүнө өзгөчө бараандуу салым кошту. Мунун ичинде Кыргыз-Өзбек университетинин Өзбекстандын жогорку окуу жайлары, илимий мекемелери менен тыгыз байланышта иш алып барышына дагы кыйыр түрдө чоң таасир эткен.  

Биздин университетке Батырали Сыдыковдун ысымын ыйгаруу маселеси эки жыл мурда Кыргыз коомчулугу жана университетибиздин эмгек жамааты тарабынан үстөккө-босток демилгеленген. Жергиликтүү коомчулуктун суроо-талабын эске алуу менен окуу жайыбызга Батыралы Сыдыковдун ысымын ыйгаруу чечими Ош шаардык Кеңешинин депутаттары тарабынан дагы акыры бир добуштан колдоо тапты. Ушундан соң гана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин 2021-жылдын 15-январындагы 25/1 буйругунун негизинде өлкөбүздүн Жарандык Кодексинин 87-беренесине ылайык, “Кыргыз-Өзбек университетинин” аталышы Кыргыз Республикасынын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, философия илимдеринин доктору “Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети” деп өзгөртүлдү.

  • Ушуга улай “Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл

аралык университети” деген макам дагы кошулбадыбы…

  • Ооба. Кыргыз-Өзбек университети этностор аралык ынтымакты

ого бетер бекемдеп, негизги вазийпасы катары саналган Кыргыз жана Өзбек элдеринин ортосундагы карым-катнашты, достукту – илим, билим, маданият аркылуу жигердүү жүзөгө ашырып келатат. Биздин университетибиз жалгыз Өзбекстанга эле он миңден ашуун өз ишин мыкты билген адистерди даярдап берди.Булардын көпчүлүгү ушул тапта жетекчилик кызматтарды дагы абийирдүү аркалап жүрүшөт. Мындан тышкары Казакстан, Орусия, Тажикстан, Түркия өңдүү алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө биздин бүтүрүүчүлөрүбүз көп эле кездешет.

Айтмакчы, университетибиздеги билим берүүнүн сапаты кезек-кезеги менен ички жана сырткы текшерүүлөрдөн дагы өтүп турат. Бул учурдагы маанилүү көрсөткүч катары Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин бардык Билим берүү Программаларынын Мамлекеттик жана Эл аралык Агенттиктер тарабынан көз карандысыз аккредитациядан беш жылдык мөөнөткө ийгиликтүү өткөрүлүп, тиешелүү сертификаттарга ээ болгондугун белгилөөгө болот. Ал эми негизги жетишкендигибиз деп 2019-жылы Эл аралык Көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг (НААР, Казакстан) Агенттигинин эксперттик комиссиясы тарабынан Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети институтционалдык аккредитациялоодон беш жылдык мөөнөткө өтүп, ишмердүүлүгүбүздүн, билим берүүнүн сапатынын Эл аралык стандарттарына туура келгендигин тастыктаган документ тапшырылгандыгын сыймыктануу менен белгилемекчимин. Ошондой эле Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети – жамаат тарабынан кабыл алынган миссиясына ылайык билим берүү аркылуу элдердин достугун мындан ары дагы бекемдөөнү максат кылган окуу жай. Ошон үчүн дагы Эл аралык деген макам алып олтурабыз.

  • Бүтүрүүчүлөрүңүздөрдүн жумушка жайгашуусуна кандай

шарттар каралган?

  • Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык

университети өзүнүн чейрек кылымдык тарыхында жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү Программалары боюнча 40 миңден ашуун бүтүрүүчүлөрдү даярдап чыгарды. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн ишке жайгашуусу окуу жайыбыздын Карьераны өнүктүрүү борбору тарабынан дайыма тыкыр көзөмөлгө алынып турат. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрүбүздү жумуш менен камсыздоо максатында Бош орундар Жарманкесин дагы такай уюштуруп турабыз. Булардын тышкары бизде бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы дагы түзүлгөн.

  • Чаткалбай Кенейбаевич, Сиз дегеле билим берүүнү байма-бай

экспорттоого кандай карайсыз?

  • Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык

университетинин билим берүү ишмердүүлүгүн Эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу, коомчулуктун талаптарына шайкеш келтирүү негизги максаттарыбыздын бири болуп эсептелет. Студенттердин жана мугалимдердин ички жана тышкы Академиялык мобилдүүлүгүн толук кандуу колго алдык. Эл аралык байланыштарыбызды ого бетер күчөтүп, 53төн ашык чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен өз ара кызматташуу келишимин түзүп, алар менен тыгыз байланышта иш алып барууга жетишип олтурабыз.

 Биздин окуу жайыбыздын окутуучулары өз дараметин көрсөтүү менен чет өлкөлүк студенттерибизге билим экспортун татыктуу гана жүргүзүп келишүүдө. Сырттан келишкен студенттерибиз окуусун толук кандуу аяктаган соң, бизден алган билимин өз өлкөлөрүндө татыктуу  жана максаттуу пайдаланууга жетишип жатышат. Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети мезгил агымы менен тең жарыша өнүгүү жолуна түшүп, билим берүү сапатынын көрсөткүчү Кыргызстандагы алдыңкы жогорку окуу жайлардын катарына жетти деп айтсак жаңылышпаймын.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ,

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17