Аймак

КАЙСЫ ПАРТИЯ ЭЛ ИШЕНИМИН АКТАЙТ?

КАЙСЫ ПАРТИЯ ЭЛ ИШЕНИМИН АКТАЙТ?

 1,368 Бардыгы /

Ушул жылдын 11-апрель күнү жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо болуп өтөт. Айрым партиялар түзүлгөнүнө 1 ай болбой туруп жергиликтүү кеңештик шайлоого бет алышкан. Жалал-Абад шаарынын эле эмес, жалпы Кыргызстан эли шайлоодо шайлай берип, шайлоонун адилеттүү өтүүсүнө ишенимдери солгундагандай. Алдыда Жалал-Абад шаарынын тургундары кайсыл партияны колдойт жана кайсы партия алдыга чыга тургандыгы тууралуу алдын ала сурамжылоо жүргүздүк.

Залкарбек ШАРАБИДИН УУЛУ, “Китепкөй аалам” долбоорунун негиздөөчүсү:

“МЕН “ЫЙМАН НУРУ” ПАРТИЯСЫН КОЛДОП ЖАТАМ”

-Баарыбызга маалым көпчүлүк шаар, айылдарда шайлоолор жүрүп жаткан учур. Анын катарында Жалал-Абад шаарында шайлоого карата 31 мандат үчүн 5 партия ат салышууда. Менин көз карашымда өзү жаңы түзүлсө да, бирок бийлик партиясынын адамдары менен коштолгон “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан айрым эл тажагансыйт, ооба аталышы жаңы партия болгону менен адамдары, алардын саясаты мурунку эле. Анткен менен бул партиянын да шайлоочулары, колдоочулары көп, 31 мандаттан эң көп мандатты ушул партиянын адамдары алуусуна да мүмкүнчүлүктөр жогору.

Мен шайлоого аттанган партиялардан ыйманы, адептүүлүгү, тазалыгы менен айырмаланган “Ыйман Нуру” партиясын колдоп жатам. Себеби жаштарды колдоп, аларга үлгү болуп акыл-насааттарын айтып келе жаткан Нуржигит Кадырбеков ошол партиянын лидери, ошондуктан “Молдо эмнени билсе, шакиртин ошого үйрөтөт” дегендей, агайдын артынан ээрчигендер да лидериндей инсандар деп ишенем. Андан сырткары шаарыбыздын көйгөйүн билип, угуп жаштарды колдоп жүргөн Түгөлбай Сейдалиев агабыз аталган партияны жетектеп чыкканы да өзүнчө кубанычтуу жаңылык. Партиянын ишке ашырууга багытталган долбоорлорун интернеттерден, көрнөк-жарнактарынан окуп жүрөм. Ар бир талапкердин же партиянын алып чыккан платформалары Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө багытталган. Эми өз ойлорун толук айтканга жараша өзүнүн элге убадалап жатышкан пландарын толук аткарышуулары керек. Ал эми калган партияларга анчейин кызыга деле бербедим, бирок уккандарым боюнча “Бүтүн Кыргызстан” партиясы шайлоого аттана берет, бирок маара чыгууга мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Бул да балким мандат аз алганынанбы же саясий басымбы ал жагы бизге караңгы. “Нур”, “Өнүгүү Прогресс” саясий партияларынын көрнөк-жарнактарын анчейин кезиктирбей жатам. Негизи эле партиялардын күн-түн дебей иштей турган мезгили шайлоо алдында эле болот.

Жаныузак САДИР уулу, жарандык активист:

“ЭЛ КОЛДОГОН ПАРТИЯГА ИЙГИЛИК ЖЫЙМАЯТ”

-Көп жылдан бери ар кайсыл партияга үмүт артып шайлай берип, биз шайлабасак да жыйынтык алдын ала чечилип калганбы деген ойлор тынч койбойт. Кантсе да шайлоого барып өз милдетимди аткарам. Азырынча так бир жоопко келе элекмин, ким билет мурун саясатка барбаган инсандар шаарыбызды өнүктүрө алабы же аларда тажрыйба барбы, жокпу? Бул да жандырмак. Негизи элдин көпчүлүк бөлүгү кайсыл партияны тандаса, ошол партия жеңишке жетет. Ачык айтканда бийлик партиясынын атын жамынбаганы менен алардын курамы менен толукталган “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын жарнактары шаарда арбын кезигүүдө. Эл азыркы учурда бийлик өз ишин так аткарып жатат деп позицияда болгондор “Ата-Журт Кыргызстан” партиясын колдоп жатышат, ал эми оппозициядагы бийлик иштебей, убадасын аткарбай жатат деген инсандар башка партиялардан үмүт артышууда. Тездик менен жаштардын ишеничине кире алган “Ыйман Нуру” партиясы болду. Аталган партиянын лидери Нуржигит Кадырбеков жаштар арасында өтө таанымал, балким ошол үчүн да эл көп колдошууда. “Нур” партиясы Жалал-Абад шаарына анчейин таанымал эмес партиялардын сап башында. Аталган партияны белгилүү журналист, тренер Мыктыбек Арстанбек түптөгөн. Анын Бишкек шаарындагы өтө таанымал жаштарга белгилүү “Ийгилик Академия” аталышындагы окуу борбору бар. Биздин шаарда партияны Бакыт Борошов жетектеп жатат. Ал инсан өз чөйрөсүндө аброю бийик. “Өнүгүү прогресс” партиясынын лидерин да, жарнактарын да эч бир жерде кезиктирбедим, маалыматым да жок экен. “Бүтүн Кыргызстан” партиясына келсек, аталган партияда жаштарга таанымал, журналистика тармагында өз ордун тапкан жаш жигит Шергазы Турдукулов да бар. Ал көтөргөн көйгөйлөр, шаарды жарыктандыруу, экологияны көзөмөлдөө бүгүнкү күндө шаарыбызга аябагандай керек.

Азырынча бул партия өтөт деп айтуудан алысмын, эл колдогон партияга ийгилик жыймаят. Айткым келгени кайсыл партия өтсө да, шаар үчүн кызмат кылган инсандар келишин каалайм.

Рысбай ЖУМАБЕКОВ, Ардактуу ардагер:

“МЕНИН ТАНДООМ “АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН” ПАРТИЯСЫ”

– “Талапкерлер тандалат, татыктуусу шайланат”-дегендей алар эң оболу элдин ыссыгынан, элегинен, элдин  сынынан өтүп жатышкан учур. Азыркы партиялардын кийин кандайдыр бир даражада элди ээрчитип кете турган платформасы, концепциясы болбогону мени өкүндүрөт. Эл куру убадалаган партиялардан тажап калды. Элди ынандырган мамлекеттин өнүгүүсү үчүн салым кошо ала турган платформалар болсо жакшы болмок. Шайлоо жакындаганда эле арыдан-бери жаңы партия түзүү бизде өнөкөт боло баштады. Аларды эл тааныбайт деле. Жакында эле түзүлө калган “Ата-Журт Кыргызстан” партиясын айтсам болот, бирок буларда өнүгүү үчүн бир шанс бардай. “Өнүгүү прогресс” партиясы да элдин ишениминде бар. Булар элге күйүмдүүлүгү, жардам бергени менен айрымаланып турат. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы деле өз колдоочуларына эгедер болууда. Аларда да шайлоодо шанс бар. “Ыйман Нуру” партиясы жаңы болсо да, терең тамырлап жаштардын жүрөгүнөн орун таап жатканы да ачык айкын. Ушул партия үчүн жан үрөп иштеген жаштардын көптүгү кубандырат. Бирок булар 31 мандаттын арасына илешет деп да ойлойм. Жаңыдан пайда болгон “Нур” партиясы жөнүндө тиги-бу деп айтыш да кыйын.

Мен колдогон партия “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы. Алар көп мандатка жетишет. Жаңы уюшулганы менен эскиден тажрыйбасы бар. Стабилдүүлүк жагы орун алып, эл үчүн ак пейил менен жан үрөп иштеп келе жатат деп ойлойм. Аялдарга да 30% үчүн орун бергени да жакшы, бирок шайлоонун жыйынтыгы менен канчалык деңгээлде сакталат ал жагы да жандырмак.

Сейдалы ЖЭЭНАЛИЕВ, Ардактуу ардагер:

“БАРДЫК ПАРТИЯНЫН ПЛАНДАРЫ КОЁНДОЙ ОКШОШ”

-Азыркы учурда эч бир партияны колдобойм,  себеби эч бир партиянын кереги жоктугун 2020-жылдын 5-октябрында жарандарыбыз көрсөтүшүп, бийликти алмаштырышкан. Мен ошол жаштардын саясатын колдойм. Кыргыз элде жакшы кеп бар, “Балыкты башынан тазалайбы же куйругунанбы?”-деген. Азыр кереги жок депутаттар биригип “Биримдик”,”Мекеним Кыргызстан” өздөрүнүн кызыкчылыгын гана коргоо максатында жүрүшөт. Эми аларга карата бийликти алмаштырганыбыз менен шаар депутаттары кайра эле эски саясат менен гана шайлоого аттанышты. Булар да жаңыланбастан эски саясат менен жүрө беришет. Ар бир партиялардын курамында 2-3төн гана эл урматтап сыйлаган жаштар бар, алардын артына калган эски бийликтегилер туруп алышкан, ошондуктан депутаттар партиялык негизде эмес жекече шайлоого барышса, эл урматтаган татыктуулар шайланышмак. Элдин калың катмары партиялык таризге толугу менен каршы. Биздин бийликтегилер шаардык бюджетти бөлүштүрүүнү эмес, аларды кантип толтуруу керектигин изилдешсе жакшы болмок. Шаардык депутаттардын көпчүлүгү шаардык бюджетти толтурууга салымдарын кошпой келишет. Базарлардын баарын 10-15 адам бөлүп алышып, кайра анын ар бирин элге бөлүп ижарага беришүүдө. Мына ошолорду жоготуш керек. Эски пахта заводу базар үчүн эмес турак жай үчүн бөлүнгөн эле. Турак жай деген жерге базар уюштуруп алышып, ижараны турак жай үчүн гана төлөп коюп жатышат. Бул маселелерди көтөргөн эч бир депутат жок, ошол үчүн да колдобойм.

Ар бир депутат отчёт бериши керек, шаар бюджетине кантип кайсыл жол менен киреше алып келди. Кайсыл коррупциянын бетин ачты? Ошолорду эл алдында айтса гана аларга эл ишеним арта баштайт. Бардык партиянын программалары коёндой окшош. Бирөө айдан же Америкадан алып келген жок. Баары интернеттен көчүрүп алгандай. Шаар мэри салык тарабын көзөмөлгө алууга тийиш, ким төлөбөй жатса, ошолорду мыйзам чегинде өндүрүп шаарыбыздын бюджетин толукташы керек.

Кадыралы ИМАНОВ, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын регионалдык ассоциациясынын аткаруучу директору:

“МЫКТЫ ЖАШТАР АРГАСЫЗДЫКТАН АР КАНДАЙ ПАРТИЯГА КОШУЛУП ЖАТЫШАТ”

-Бизде 352 айыл аймак, 32 шаар бар, азыркы учурда алардын көпчүлүгүндө депутаттык мандат үчүн шайлоо жүрүүдө. Шайлоонун өзгөчөлүгү болуп аялдар үчүн 30%дык квота берилгендиги эл оозунда кеңири айтылууда.

Азыркы учурда депутат болуусу үчүн татыктуу жаштар арбын. Алардын билим даражасы, өз ишинде тажрыйбасы да жетиштүү. Бирок андай жаштар айласыздан башка партиялардын жүзү болуп берүүдө. Андай жаштар өз күчтөрү менен биригейин дешсе, алар карапайым үчүн башка партиялар саясий басмырлоого алышат. Андан сырткары өздөрүнүн шайлоого аттанууга башталгыч капиталы болбогон үчүн да ар кайсыл партияга кошулууга аргасыз болуп жатат. Партиялык системанын эң аксаган көрүнүшү ошондой. Шайлоо үчүн бир партияны тандап аласың, бирок тилекке каршы ал партиянын курамында бычакка сап боло турганы да, болбой турганы да бар. Ал эми азыркы шайлоодо айтылып жүрөт, ким көп добуш алган болсо, ошол гана депутат боло алат. Эгер ошондой болсо жакшы. Эми дагы бир кемчилиги аял кишилерге квота берип койгону да кемчиликтей сезилет, бирок саясатта алардын ордун көрбөй жатам. Шайлоонун адилеттүү өтүүсүн бийлик чечпейт, аны мен жана сен чечебиз. Адилеттүү шайлоо өтүшү үчүн өзүбүз адилеттүү добуш беришибиз керек.

Мен ишенем шаарыбызга мыкты жаштар депутат болуп келсе, акырындык менен шаардын өнүгүүсү үчүн өбөлгө түзүшөт.

Байканбек САДЫКОВ, “Аймак”   

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17