Аймак

ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНУН МАЙТЫ ТИЛКЕСИНДЕГИ 2,67 ГЕКТАР АЯНТ ЭКИ МАМЛЕКЕТТИН ЧЕК АРАСЫН ДЕЛИМИТАЦИЯЛОО ЖАРАЯНЫНЫН ЖҮРҮШҮНДӨ ГАНА БИРЖАҢСЫЛ ЧЕЧИЛЕТ

ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНУН МАЙТЫ ТИЛКЕСИНДЕГИ 2,67 ГЕКТАР АЯНТ  ЭКИ МАМЛЕКЕТТИН ЧЕК АРАСЫН ДЕЛИМИТАЦИЯЛОО ЖАРАЯНЫНЫН ЖҮРҮШҮНДӨ ГАНА БИРЖАҢСЫЛ ЧЕЧИЛЕТ

 1,839 Бардыгы /

БАТКЕН. Лейлек районунун Кулунду Айыл Өкмөтүнүн Майты тилкесиндеги 2,67 гектар үлүш жери Тажикстан менен чектеш аймакта жайланышкан.

Баса, аталган аймакта 2005-жылы 32 гектар суулуу жер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан трансформацияланып, мунун 24 гектары үлүшү жок жергиликтүү тургундарга үлүш катары бөлүнүп берилген. Ал эми 8 гектары Айыл Өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун балансында калтырылган.

Ушул тапта талаш жараткан 2,67 гектар жер тилкеси үлүш сыңары жергиликтүү тургундарга бөлүнүп берилген. Бул аянтты жергиликтүү тургундан дагы башка жаран ижарага алып, 2017-жылга чейин Тажик Республикасынын жарандары менен чогуу-чараан иштетип келген. Бирок, акыркы үч жылдан бери чек аранын алигүнчө такталбагандыгынан, аталган 2,67 гектар жер Кыргыз-Тажик жарандарынын  талаш-тартышын жараткандыктан,  таптакыр иштетилбей келатат. Ушул жылдын 6-апрелинде жергиликтүүлөр жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн чакырышып, түз эфир аркылуу чыгышып, аталган жер аянтында кайрадан жер айдоо иштерин улантышаарын айтышкан эле. Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан  менен Тажикстан Кадастр кызматтарынын карталарынын дал келбестиги, маселе жаратып жаткан 2,67 гектар жер аянты делимитация жумуштары жасалбаган, тактала элек аймак экендиги аныкталган.

         Ушундан соң Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өмүлү Өмүрбек Субаналиев аталган аймакка атайын барып, маселе менен жеринде танышып кайтты. Баткен облусунун жетекчиси  Кыргызстан  менен Тажикстан Өкмөттөр аралык чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясынын кабыл алынган протоколдорун аткарылаарын убадалап, мындан ары мыйзамдуу иш-аракеттер улантылаарын убадалады. Ошондой эле калк арасында  түшүндүрүү иштерин күчөтүү  тапшырмасын дагы берди. Ушундан соң гана эки тараптын акимдери, кадастр кызматтары жолугушуп, жер иштетүү жумуштарын токтотуу жана эки тарап тең маселе жараткан 2,67 гектар аймакка кирбей турууну өз ара макулдашышты. Эми алдыда бул жер аянтын пайдаланууну токтотуп туруу, же  Тажикстандын жарандары менен биргеликте пайдалануу  маселесин кароо зарылчылыгы турат.   

Орун алган окуяга байланыштуу чек арада ок атуулар боюнча айтылган маалыматтар жалган, ок атуулар болгон жок жана  буга чейин дагы болгон эмес.   Бул боюнча чек ара кызматы жана тийиштүү органдар расмий маалымат дагы тарытышты. Аймакта ушул тапта абал тыптынч. Ал эми Баткен облустук милиция жана УКМК кызматкерлери, чагымчыл мүнөздөгү маалымат тараткандар боюнча тийиштүү иш-аракеттерли күчөтүштү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17