Аймак

ЖЕТИ ПАРТИЯ ОШТО ЖАҢЫ ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛЫП ЖАТЫШАТ

ЖЕТИ ПАРТИЯ ОШТО ЖАҢЫ ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛЫП ЖАТЫШАТ

 678 Бардыгы /

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышкан, ошондой эле маанилүү жараянга такай абай салышкан “Бир бол”, “Улуу Журт”, “Ишеним”, “Улуттар Биримдиги”, “Республика”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Тилектештик” саясий партиялары бул шайлоонун жыйынтыктарын таптакыр тааныбай турушкандыгын баса белгилешип, аны сөзсүз жокко чыгарууну мыйзамга ылайык жаңы шайлоо дайындоону БШКдан дагыле катуу талап кылып жатышат. Алар эгерде бул талаптары чукул арада аткарылбаса, Кыргызстандын Түштүк башкалаасында мөөнөтсүз нааразычылык акцияларын үстөккө-босток уюштурушаарын улам-улам эскертип жатышат.

-Биз 2021-жылдан 11-апрелиндеги шайлоого чейин эле ар бир тилкедеги шайлоочулардын тизмелери алдын ала түзүлүп, анан дагы аларга үгүтчүлөр тарабынан кадимкидей акчалар дагы таратылып жаткандыгын Ош шаардык аймактык жана Борбордук шайлоо комиссияларына арызданып жүрүп чарчадык, – деп аябай чырылдады “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Ош шаарындагы  штабынын өкүлү Замирбек ШАМИДИН уулу. – А түгүл биз мындай фактыларды видеотасмага жана сүрөткө дагы тартып, дароо БШКга жөнөткөнбүз. Бирөөнө дагы чукул чаралар көрүлгөн жок! Баарына тең көз жуумп ташташты….

Бул шайлоодо экинчи орунду ээлеген “Улуттар Биримдиги” партиясынын жолбашчысы. Ош шаарынын мурунку мэри Мелисбек Мырзакматов дагы  2021-жылдан 11-апрелиндеги саясий өнөктүк кадам сайын одоно мыйзам бузуулар коштолгондугун моминтип шардана кылды.

-Кечээ эле мурунку бийликтин “Биримдик” жана “Мекеним – Кыргызстан” партияларынын тизмесинде Жогорку Кеңеш депутаттыгына шайланышып, бирок, мандат алыша электе куп жыдышып, а түгүл Президент Сооронбай Жээнбековдун бийликтен мөөнөтүнөн мурда кулатылышын дагы шарттагандар бүгүн моминтип кайрадан эле Ош шаардык Кеңешинин депутаттыгына Бийликтин “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынан депутат болуп шайланышпадыбы, – деп агынан жарылды “Улуттар Биримдиги” партиясынын жолбашчысы, Ош шаарынын мурунку мэри Мелисбек Мырзакматов. – Ыя, айланайындар! Президент  Садыр  Жапаровдун азыркы Бийликти коррупциядан тазалаганы ушулбу? Мамлекет жетекчисин алмаштыруудан Кыргызстан уткан жок!

Анткени менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлү Сейитбек Довлотов добуштарды сатып алууну бир-бирден териштирүү, бюллетендерди шайлоо тилкелерине ашыкча таратуу учурларын дагы сүрүштүрүү талаптары сөзсүз аткарылбаса, мөөнөтсүз нааразычылык акцияларын башташаарын катуу эскертти.

-Жашырып не. Бардык эле шайлоо тилкелеринде административдик ресустарды эч коркпостон ачык эле колдонушпадыбы. Буга улай шайлоочуларга кадимкидей акчалар дагы таратылып, добуштар көз көрүнөө сатылды. Ошентип, бул жолку шайлоо башынан аягшына дейре одоно мыйзам бузуулар менен коштолду. Биз, чындыгында, Президент алмашканда 11-апрелдеги Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоосу сөзсүз таза өткөрүлөт деп абдан ишендик эле, – деп кейип-кепчиди  “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлү Сейитбек Довлотов. – Тилекке каршы, бул аруу тилегибиз моминтип таш капты. Андыктан, биз бул жолку шайлоонун жыйынтыгын таптакыр тааныбайбыз!Аны токтоосуз жокко чыгарып, жаңы жана таптаза шайлоо дайындоонуБШКдан дагыле талап кылабыз!

Айтмакчы, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлү Сейитбек Довлотов бул кир шайлоонун артында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жетектеген жергиликтүү бийлик башчылары турушкандыгын дагы кошумчалады.

          Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзилдаев жети партиянын Кайрылуусу менен тааныштыгын танган жок.

-Кайрылууда жазылгандарды чекесинен дыкаат териштирип жатабыз,  – деди Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзилдаев. – Бир дагы факты көңүл сыртында калбайт. Баарына тең сөзсүз укуктук баа берилет.

Ал эми соңку сааттарда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова дагы үн катты.

БШКнын маалыматына ылайык Ош шаарындагы шайлоочулардын 48 пайызы Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоосунда добуш берүүгө катышышты. Тактап айтканда, 151 960 шайлоочунун 72 841и добуш берүү үчүн келишти, – деди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова. – Бул маалыматтар автоматташтырылган эсептөөчү үкөктөр менен кол эсеп толук аяктаганда гана өзгөрөт. Азырынча шайлоонун адепки жыйынтыгына караганда, “Ата Журт – Кыргызстан”  – 48,82 пайыз, “Улуттар Биримдиги” – 17,79 пайыз, “Ыйман нуру” – 8,38 пайыз, ал эми “Ынтымак” 7,03 пайызы добуш топтошуп, жети пайыздык босого чекти багындырышты.

Ошентип БШКнын алдын ала эсептөөлөрүнө таянып, Ош шаардык Кеңешинин курамы болжолдуу түрдө аныкталды. Андыктан, автоматташтырылган системанын (АСУнун) маалыматына караганда,  мандаттар төрт партия арасында гана алган добуштарына жараша өз ара бөлүштүрүлөт.

          “Ата Журт – Кыргызстан”  – 27 мандат;

“Улуттар Биримдиги” – 11 мандат;

“Ыйман нуру” – 4-5 мандат;

“Ынтымак” – 3-4 мандат.

АЛ ЭМИ СОҢКУ СААТТА…

Европа Биримдиги Кыргыз Бийлигин 2021-жылдын 11-апрелиндеги Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоосундагы одоно мыйзам бузууларга, мунун ичинде добуш сатып алууга, добуш берүүнүн жашыруундугун камсыз кылууга жана үгүт эрежелеринин бекем сакталышына көңүл бөлүүгө үндөдү.

А серепчилердин пикиринде, партиялар эч бир мамлекеттик органга каржылык отчет беришпегендиктен, жашыруун бухгалтериясы аркылуу добуштарды сатып алууга ири өлчөмдөгү каражатты дагыле коркпостон сарптап келатышат.

-Добуш сатып алуу — бул саясый коррупциянын өтө эле терс таасири. Партиялардын киреше-чыгашалары ачык айкын болушу шарт. Ар бир саясий уюмдун, менимче, өзүнүн жашыруун кассасы бар. Андан акча кай жакка жана эмне максатта жумшалып жаткандыгын, жадагалса Борбордук шайлоо комиссиясы дагы өзү көзөмөлдөй албайт! — дейт юрист Эрик Ирискулбеков. – Партиялар дагы Банк аркылуу милдеттүү төлөмгө өтүшү абзел! Ошондо гана БШК алардын акчасын толук кандуу көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүк алат. А мунсуз добуштарды сатып алуудан дегеле кутулуу кыйын. Ал мындан ары, тескерисинче, бара-бара өөрчүйт.

Баса, шайлоо укуктары боюнча адис Айнура Усупбекованын айтымында, партиялар чыгымдары боюнча милдеттүү түрдө отчет бериши кажет! 2020-жылдын май айында Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарын кайрадан караштырган. Андагы акыркы өзгөртүүлөргө ылайык мамлекеттик бюджеттен каржыланган партиялар гана каржылык отчет тапшырмак. Бирок, долбоор биринчи окуудан өтпөй, токтотулган.

-Менин оюмча, добуш сатып алууга шектелген талапкерлерди шайлоодон сөзсүз түрдө четтетүү керек! Партиянын тизмесин толугу менен жокко чыгаруу – бул абдан чоң жана өтө оор жумуш. Анүстүнө баардык эле партиялар добуш сатып алууга жөндөмсүз! Эки-үч кишини тизмеден чыгарса, ошондо гана бардык партиялар өз катарын тазалоого аргасыз жана милдеттүү болушат! — деп эсептейт Айнура Усупбекова.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17