Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
694 Бардыгы / Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин 15-апрелде аял укугун коргоону талап кылып чыккан активисттерди белгисиз топ Ички иштер министрлигинин алдынан сүрүп чыгарышты. Нааразы тарап бүгүн экинчи ирет митингге чыгышып, аялдарга карата зомбулукту токтотууну жана министр Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышты. Алар Айзаданын өлүмүнө тиешелүү кызматкерлер жетиштүү жаза албай жатат деп сынга алышты. […]
695 Бардыгы / Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин 15-апрелде аял укугун коргоону талап кылып чыккан активисттерди белгисиз топ Ички иштер министрлигинин алдынан сүрүп чыгарышты. Нааразы тарап бүгүн экинчи ирет митингге чыгышып, аялдарга карата зомбулукту токтотууну жана министр Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышты. Алар Айзаданын өлүмүнө тиешелүү кызматкерлер жетиштүү жаза албай жатат деп сынга алышты. […]
ЗОМБУЛУККА КАРШЫ ЧЫККАНДАР ИИМДИН АЛДЫНАН СҮРҮЛДҮ
15.04.2021 / Автор anarkan_kg

696 Бардыгы /
Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин 15-апрелде аял укугун коргоону талап кылып чыккан активисттерди белгисиз топ Ички иштер министрлигинин алдынан сүрүп чыгарышты.
Нааразы тарап бүгүн экинчи ирет митингге чыгышып, аялдарга карата зомбулукту токтотууну жана министр Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышты. Алар Айзаданын өлүмүнө тиешелүү кызматкерлер жетиштүү жаза албай жатат деп сынга алышты.
Митинг өтүп жаткан жерге бейөкмөт уюмдарга каршы чыккан жана жалаң эркектерден турган топ келип, эки тарап кайым айтыша кетти.
Бул топтун өкүлдөрү Айзаданын өлүмүнө жооптуу милиция кызматкерлери жазасын алганын, мыйзамдар укук коргоо органдарынын ишине тоскоол болуп жатканын, аны өзгөртүү зарыл экенин айтышты.
Митингге келген ИИМдин ардагерлери да журналисттердин суроолоруна ушундай эле өңүттө жооп берип жатышты.
Каршы топ “ЛГБТга жол жок!” деп кыйкырышып, зомбулукту токтотууну талап кылгандарды имараттын алдынан сүрүп чыгарды. Милиция айрым активисттерди такси менен ал жерден кетирди. Натыйжада митинг үзгүлтүккө учурады.
Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү аялдар укугун коргоо, зомбулук маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды.
Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. 8-апрелде Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өткөн. Анын катышуучулары ар бейшемби сайын министрликтин алдына чыгарын билдиришкен.
5-апрелде үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткен Айзада Канатбекованын жана аны уурдаган адамдын сөөгү эки күндөн кийин Бишкектин четинде талаадан, автоунаадан табылган.
Шаардык милиция шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйганын билдирген. Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн соттолуп, абакта отуруп чыкканы, Бишкекте да ага эки жыл мурда коркутуу боюнча арыз милицияга түшкөнү белгилүү болду. Бирок милициянын ага эмнеге чара көрбөгөнү белгисиз.
ИИМ кыз уурдалгандан кийин убагында аракет көрбөй, шалаакылык кылганы үчүн 40тан ашык милиция иштен алынып, жазасын алганын билдирүүдө.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
22.10.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО 6 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ
-
22.10.2025 / Автор anarkan_kg КЕПИЛДИК ФОНДУ: АЯЛ ИШКЕРЛЕР 1,5 МЛРД. CОМДОН АШЫК НАСЫЯ АЛЫШТЫ
-
24.10.2024 / Автор anarkan_kg СУЗАКТА МАҢЗАТ ЛАБОРАТОРИЯСЫ АНЫКТАЛЫП, АНЫН ИШИНЕ ДАРОО БӨГӨТ КОЮЛДУ
-
-
11.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ❗ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ ӨЛКӨНҮН ТҮШТҮГҮНДӨ ҮШҮК ЖҮРҮШҮ КҮТҮЛӨТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.