Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
757 Бардыгы / Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүү токтотулду жана аны камакка алуу тууралуу бөгөт чарасы жокко чыгарылды. Бул тууралуу 15-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөлөрдө кандайдыр бир мүлкү бар же жогун аныктоо […]
758 Бардыгы / Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүү токтотулду жана аны камакка алуу тууралуу бөгөт чарасы жокко чыгарылды. Бул тууралуу 15-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөлөрдө кандайдыр бир мүлкү бар же жогун аныктоо […]
УКМК: МАТРАИМОВДУН КЫЛМЫШ ИШИ ТОКТОТУЛДУ, АНЫ КАМАККА АЛУУ ТУУРАЛУУ ЧЕЧИМ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
15.04.2021 / Автор anarkan_kg

759 Бардыгы /
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүү токтотулду жана аны камакка алуу тууралуу бөгөт чарасы жокко чыгарылды. Бул тууралуу 15-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөлөрдө кандайдыр бир мүлкү бар же жогун аныктоо үчүн КМШ жана Европа өлкөлөрүнө, Кытайга, Түркияга жана Дубай эмиратына өтүнүчтөр жөнөтүлгөн. Бирок, УКМК билдиргендей, “аталган мамлекеттердин компетенттүү органдарынын расмий документтерине ылайык, Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ал жактарда кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жок болуп чыкты. Мындан улам, журналисттердин материалдарында келтирилген жүйөлөр ырасталган жок жана тергөөгө далилдер табылган жок, алар Кыргызстандын чегинен тышкары ар кандай кыймылсыз мүлктү сатып алуу фактылары тастыкталган жок”.
УКМК Матраимовду 2021-жылдын 18-февралында кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармап, камакка алган. Ал Бишкектеги №47 колонияда кармалып турган.
Атайын кызмат бул сотко чейинки териштирүүнү баштоого “Азаттык” радиосунун Матраимовдун Дубайда кымбат мүлкү бар экендиги тууралуу журналисттик иликтөөсү негиз болгонун кошумчалады жана ал “өз ыктыяры менен баасы 20 млн сомдон жогору, жалпы аянты 232,3 чарчы метрлик батирин мамлекеттин бюджетине өткөрүп бергенин” белгиледи.
Эгерде Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экендиги аныкталса тергөө иштери улантыларын УКМК 15-февралда билдирген.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 11-февралдагы отурумунда Райымбек Матраимов Жазык кодексинин “Коррупция” деген 319-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча айыптуу деп табылып, жаза чарасы тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык 260 миң сомдук айыппул деп чегерилген.
Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айткан.
УКМК Матраимовду алгачкы жолу 2020-жылдын 17-октябрында кармап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.
Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Кийинчерээк Матраимов белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган.
«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.
Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
01.10.2026 / Автор anarkan_kg СУЗАК РАЙОНУНДАГЫ КАРЫЛАР ҮЙҮНҮН ЖАШООЧУЛАРЫНАН КАБАР АЛЫНДЫ
-
-
01.10.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
-
10.10.2025 / Автор anarkan_kg СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН МЫЙЗАМ БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЛЕКЦИЯ ӨТҮЛДҮ
-
29.10.2025 / Автор anarkan_kg БШ БШК: ЭРТЕҢ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН АРЫЗДАРЫН КАБЫЛ АЛУУ АЯКТАЙТ
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЭНЕРГЕТИКТЕР КҮНҮНӨ КАРАТА МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.