Аймак

ЧЕК АРАДАГЫ ТИРЕШТЕ ЖҮЗДӨЙ ҮЙ ӨРТТӨЛДҮ

ЧЕК АРАДАГЫ ТИРЕШТЕ ЖҮЗДӨЙ ҮЙ ӨРТТӨЛДҮ

 684 Бардыгы /

БАТКЕН. Чек арадагы тиреште Баткен облусунда 78 турак-үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик жай, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлдү. Бул жөнүндө өзгөчө кырдаал министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Маалыматка караганда, Миң-Булак, Достук жана Максат чек ара тозоттору талкаланды. Сада, Раззаков, Арка, Максат, Достук жана Борбордук айылдарындагы үйлөр, имараттар өрттөлүп, а түгүл дүкөндөр таланып-тонолгон.

Расмий маалыматка таянсак, Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышта 34 адам каза тапты. Жараат алгандардын саны 178 кишини чапчыды. Ал эми тажик тараптан 15 киши каза таап, 90 жараны жараат алгандыгын “Азаттыктын” тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып жазды. Бирок, Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

33 МИҢДЕН АШУУН КИШИ КООПСУЗ ЖАЙГА КӨЧҮРҮЛДҮ

БАТКЕН. Баткенде Кыргыз-Тажик чек ара тилкесинде жайгашкан айылдардан 33 388 киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Мунун 20 миңге жакыны балдар. Бул жөнүндө Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Маалыматка таянсак, кооптуу абал түзүлгөн айылдардан эвакуацияланган кары-картаңдар, аялдар жана балдар үчүн Баткен жана Сүлүктү шаарларындагы мектептерде, чайканаларда жана мейманканаларда убактылуу жай ачылып, туруктуу иштеп жатат. Мындан тышкары тургундар жакындарынын жана туугандарынын үйлөрүнө дагы жайгаштырылган. Айылын таштап качып чыккандарга гуманитардык жардам берүү демилгеси өлкөнүн жер-жерлеринде көтөрүлүп жатат.

Баса, 28-апрелдеги Кыргыз-Тажик чек арасында чырдын кесепетинен  29-30-апрелде Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, ондогон үй, имараттар өрттөлдү. Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылыштарда 34 адам каза тапты. Жараат алгандардын саны 178 кишиге жетти.

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДА АБАЛ ТУРУКТАШТЫ. КОШУМЧА КҮЧТӨР АЛЫНУУДА

БАТКЕН. Ушул тапта Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда. Кыргызстандын жана Тажикстандын коргонуу ведомстволорунун офицерлер курамынан турган биргелешкен комиссиясы кошумча күч жана каражаттарды мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгашкан жайларына тартып кетүү иштерин улантууда. Бүгүн Баткен районунун Карабак айылынын жана “Головной” суу бөлүштүрүү түйүнүнүн аймагын тараптар биргелешип кароо иштерин улантышты. Азыркы тапта комиссия Баткен облусунун Баткен районунун Аксай жергесинде катуу иштеп жатат.

Коопсуздукту камсыздоо максатында Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында чек ара чыр-чатагы башталгандан тартып адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү токтотулган.

БАТКЕНДЕГИ ОКУЯЛАРГА БАЙЛАНЫШТУУ ЖАЛПЫ 11 ИШ КОЗГОЛДУ

БАТКЕН. Баткендеги кайгылуу окуяларга байланыштуу жалпысынан 11 иш козголду. Бул жөнүндө Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

Ички иштер министринин орун басарынынайтымында, “Киши өлтүрүү”, “Массалык башаламандыкты уюштуруу”, “Тынчтыкка каршы кылмыштар”, “Бейбаштык”, “Бөтөн мүлктү жок кылуу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери боюнча кылмыш иштери козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетээрибиз, Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана тогуз жергиликтүү тургундун барымтага алынышы боюнча кылмыш иши козголду.

«ГОЛОВНОЙДО» 25 ЖЕРГИЛИКТҮҮ ТУРГУНДУН ЖАНСЫЗ ДЕНЕСИ ТАБЫЛДЫ

БАТКЕН. Минометтон аткылоодон кийин Баткен облусунун Ак-Сай айылынын «Головной» аймагынан жашы жыйырма бештен ашкан жергиликтүү тургундун сөөгү табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Массалык өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Лейлек районунда мылтыктан аткылоонун натыйжасында каза тапкан он эки жаштагы кыздын өлүмүн жана унаа жолдорунда автоунааларды аткылоодон каза болгондор боюнча фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.

Баткендеги чек ара чырына байланыштуу жалпысынан 11 иш козголуп. Кызуу тергелип жаткан чагы.

БАТКЕНДЕ КЫРГЫЗ-ТАЖИК МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРАСЫН ДЕЛИМИТАЦИЯЛОО ЖАНА ДЕМАРКАЦИЯЛОО БОЮНЧА ЭКИ ӨКМӨТТҮК ДЕЛЕГАЦИЯЛАРДЫН КЕҢЕШИП-ТАҢАШЫШТЫ

         БАТКЕН. Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кеңешмеси болуп өттү. Расмий делегацияларды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектешти.

Чектеш аймактардагы абалды талкуулоо учурунда эки тарап орун алган окуяларга өкүнүүсүн билдирип, курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышты. Келечекте мындай окуяларга жол берилбеши тийиш экендиги дагы убадаланды. Тараптар аскер техникасын токтоосуз түрдө туруктуу жайгашкан ордуна кайтарууга киришүүнү макулдашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча ар тараптуу олуттуу жана кызуу пикир алмашуу жүрдү. Топографиялык жумушчу топторго жакын арада мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин жазууга киришүү тапшырмасы берилди.

Соңунда тараптар бир тууган элдердин байыркы тарыхына таянуу менен чек арага тийиштүү бардык маселелерди өз-ара түшүнүшүү жана өз-ара ишеним духунда чечүүгө даяр экендигин билдиришти.

ЛЕЙЛЕКТЕ ТАЖИКТЕР МЕКТЕПТИ ӨРТТӨП КЕТИШТИ

БАТКЕН. Лейлек районундагы чек ара чырынын кесепетинен Максат айылындагы мектеп дагы өрттөлдү. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өрттөлгөн мектепти кыска аралыкта ремонттой турушкандыгын убадалады.

  • Өрттөлгөн мектепте 200-300 окууч билим алышчу. Буларга 20

мугалим сабак берчү. Мындан тышкары 12 техникалык кеызматкере эмгектенчү, – деди Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев. – Ошондуктан. мүмкүнчүлүгүбүзгө карап бул мектепти сөзүсүз калыбына келтиребиз. Балдар ушул эле агартуу мекемесинде билим алууну улантышат.

Баса, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткен жергесине атайын сапарлап, жапа чеккен мектепти, бала- бакчаларды кыдырып, мугалимдер жана окуучулар менен жолугушту.

ӨКМӨТ МҮЧӨСҮ БАТКЕНДЕГИ АРАЗДАШУУДАН ЖАПА ЧЕКЕНДЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

         БАТКЕН. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектен кошо барган дарыгерлер тобу менен Лейлек районунун Исфана шаарына эвакуациялангандаржун ал-акыбалын сураштырды.

Өкмөттүн мүчөсү Алымкадыр Бейшеналиев азыркындай медийиналык жардамдар мындан ары күчөтөлөөрүн убадалады. Ошондой эле Ата Журтунан көчүрүлгөндөрдүн көбүндө стресс жана кан басымынын көтөрүлүшү күч экендигин дагы жашырган жок. Ушул тапта буларга дары-дармектер жана башка дагы медициналык каражаттар дээрлик жетиштүү.

Сапарынын соңунда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен жергесинин жапа чеккен тургундары мындан ары дагы жергиликтүү медициина кызматкерлеринин такай көзөмөлүндө болооруна ишендирди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17