Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,120 Бардыгы / 2017-жылы болгон Санкт-Петербург метросундагы жарылуу иши боюнча 20 жылга соттолгон 49 жаштагы өзбекстандык Шохиста Каримованын күнөөсү жок. Бул тууралуу кылмыш ишинин материалдары менен таанышып чыккан Санкт-Петербург шаарынын тургуну Елена Бабинцева билдирди. Ал Каримова менен эки жыл бою интернетте жазышкандан кийин анын эч кандай күнөөсү жок экенине көзү жеткенин айтууда. «Эми мен анын күнөөсүз […]
1,121 Бардыгы / 2017-жылы болгон Санкт-Петербург метросундагы жарылуу иши боюнча 20 жылга соттолгон 49 жаштагы өзбекстандык Шохиста Каримованын күнөөсү жок. Бул тууралуу кылмыш ишинин материалдары менен таанышып чыккан Санкт-Петербург шаарынын тургуну Елена Бабинцева билдирди. Ал Каримова менен эки жыл бою интернетте жазышкандан кийин анын эч кандай күнөөсү жок экенине көзү жеткенин айтууда. «Эми мен анын күнөөсүз […]
«КҮНӨӨСҮ ЖОК». ПЕТЕРБУРГ МЕТРОСУНДАГЫ ЖАРЫЛУУ БОЮНЧА СОТТОЛГОН ШОХИСТА КАРИМОВАНЫН ТАГДЫРЫ
06.05.2021 / Автор aymak

1,122 Бардыгы /
2017-жылы болгон Санкт-Петербург метросундагы жарылуу иши боюнча 20 жылга соттолгон 49 жаштагы өзбекстандык Шохиста Каримованын күнөөсү жок. Бул тууралуу кылмыш ишинин материалдары менен таанышып чыккан Санкт-Петербург шаарынын тургуну Елена Бабинцева билдирди.
Ал Каримова менен эки жыл бою интернетте жазышкандан кийин анын эч кандай күнөөсү жок экенине көзү жеткенин айтууда.
«Эми мен анын күнөөсүз экенинен күмөнүм жок! Шохиста менен таанышкан эки жылдан бери анын психологиялык портретин түзүп, кылмыш ишинин бардык материалдары менен толук таанышып чыктым. Мындан тышкары жардыруу тууралуу тасмаларды көрүп, көптөгөн карама-каршылыктарды байкадым. Андан соң сот өкүмүн окуп чыктым, ал жакта да дал келбестиктер көп экен», — деди ал.
Прокуратура Каримованы террористтерге мобилдик телефону менен колдонууга уруксат берген деп айыптаган. Узакка созулган соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө Шохиста күнөөсүн мойнуна алган эмес.
Facebook социалдык түйүнүндө «Шохиста Каримованы колдоо тайпасы» бар. Адвокаттар анын иши Страсбургдагы Адам укуктары боюнча жогорку сотко жетет деп үмүттөнүшүүдө. «Мемориал» укук коргоо борбору Каримова «саясий негиздер менен камалганын» билдирген.
2019-жылы Петербург метросундагы жарылуу боюнча жалпысынан Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан барган 11 мигрант узак мөөнөттөргө соттолгон. Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулар кыйноого алынып, көптөгөн тергөө эрежелери одоно бузулганы, сот аларга көңүл бурбаганы бир нече жолу кабарланган.
Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган бир тууган Аброр жана Акром Азимовдорго бул иштин алкагында терроризм менен курал-жарак сактоо айыбы тагылган. Сотто алар жалган жалаага кабылып, айыпты моюнга алган баштапкы көрсөтмөлөрүн кыйноо алдында жазышканын айтышкан.
2017-жылы 3-апрелде болгон Санкт-Петербург метросундагы жарылуудан 16 киши каза болуп, 103 киши жаракат алган.
www.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ 479 МЕКТЕПТЕ АКЫРКЫ КОҢГУРОО САЛТАНАТЫ ӨТТҮ
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg ҮЧ АЙ ИЧИНДЕ ОЛУТТУУ МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР АНЫКТАЛДЫ
-
29.05.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНА КЫТАЙЛЫК ИНВЕСТОРЛОРДУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
-
10.06.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО ИЮНЬ КООГАЛАҢЫНДА КУРМАН БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛДИ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.