Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,138 Бардыгы / 5-майда «Эзгулик» укук коргоо уюмунун төрагасы Занготадагы түрмөгө барып, мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыров жана мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Ихтиер Абдуллаев менен сүйлөштү. Рашид Кадыров 2019-жылы 10 жылга, Ихтиёр Абдуллаев 2020-жылы февралда 19 жылга соттолгон. «Эзгулик» коомдук уюмунун төрагасы Абдурахмон Ташановдун айтымында, ал 22-колониянын абалы менен Конституциялык укуктар жана эркиндиктин сакталышы боюнча […]
1,139 Бардыгы / 5-майда «Эзгулик» укук коргоо уюмунун төрагасы Занготадагы түрмөгө барып, мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыров жана мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Ихтиер Абдуллаев менен сүйлөштү. Рашид Кадыров 2019-жылы 10 жылга, Ихтиёр Абдуллаев 2020-жылы февралда 19 жылга соттолгон. «Эзгулик» коомдук уюмунун төрагасы Абдурахмон Ташановдун айтымында, ал 22-колониянын абалы менен Конституциялык укуктар жана эркиндиктин сакталышы боюнча […]
КӨЙНӨК ТИГҮҮ ЖАНА ИДИШКЕ ГҮЛ ТАРТУУ: ӨЗБЕКСТАНДЫН МУРДАГЫ БАШКЫ ПРОКУРОРУ МЕНЕН УКМК ТӨРАГАСЫНЫН ТҮРМӨДӨГҮ ЖАШООСУ
07.05.2021 / Автор aymak

1,140 Бардыгы /
5-майда «Эзгулик» укук коргоо уюмунун төрагасы Занготадагы түрмөгө барып, мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыров жана мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Ихтиер Абдуллаев менен сүйлөштү.
Рашид Кадыров 2019-жылы 10 жылга, Ихтиёр Абдуллаев 2020-жылы февралда 19 жылга соттолгон.
«Эзгулик» коомдук уюмунун төрагасы Абдурахмон Ташановдун айтымында, ал 22-колониянын абалы менен Конституциялык укуктар жана эркиндиктин сакталышы боюнча комиссиянын мүчөсү катары таанышып келген.
«Башында Рашид Кадыровду соттолгондордун арасын таануу мен үчүн кыйын болду. Себеби баары беткап тагынып алышыптыр. Мен түрмөнүн администрациясынан ага жолуктурууну сурагам. Жакшы көрүндү. Ал: «Ден соолугум жана маанайым жакшы. Бир айдан кийин жатак абакка которушат », деп айтты. Мен мурдагы башкы прокурор менен 10 мүнөт сүйлөштүм», – деди Абдурахмон Ташанов.
Укук коргоочунун айтымында, ушул тапта Рашид Кадыров кийим тигүү цехинде иштейт:
«Ал аялдардын кооз кийимдерин, жоолуктарын жана башка буюмдарды тигет экен. Биз аларды өз көзүбүз менен көрдүк».
Өлкөнүн Башкы прокуратурасын 15 жыл башкарган Рашид Кадыров 2018-жылы февралда кармалып, 2019-жылы июнда 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал «Пара алуу», «Салык төлөөдөн качуу», «Алдамчылык», «Кылмыш иштери боюнча тергөө иштерине кийлигишүү» жана «Кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.
«Ихтиёр Абдуллаев тергөө учурунда аны кыйнашканын айтты. Ошол эле маалда анын колониянын администрациясына дооматы жок экен. Ал мага: «Менин ишимди кайра карашын каалайм. Эгер мүмкүн болсо, бул өтүнүчүмдү президентке айта барыңыз» деди. Мен Ихтиер Абдуллаев менен иш үстүндө сүйлөштүм. Ал фарфор табактарга гүл тартат экен», – деди Абдурахмон Ташанов.
Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору жана Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Ихтиёр Абдуллаев 2020-жылы 19 жылга абакка кесилген.
Ихтиёр Абдуллаев кызмат абалынан кыянат пайдалануу менен кылмыштуу биримдикти уюштурууга, пара алууга, Өзбекстандын кызыкчылыгына каршы соодалашууга, кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн ири суммада бажы мыйзамдарын бузууга жана башка кылмыш иштери боюнча айыптуу деп табылган.
www.
Автор aymak
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫТАЙ МЕНЕН ЧЕКТЕШКЕН ЧЕК АРАДА ӨТКӨРҮҮ БЕКЕТТЕРИ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ
-
12.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна БАЗАР-КОРГОН ШААРЫНЫН МЭРИ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ ТЕКШЕРДИ
-
28.05.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ ЧЕК АРАНЫ КОРГООДО КУРМАН БОЛГОН ЖООКЕРЛЕРДИН ЭСТЕЛИГИН АЧТЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.