Аймак

ОБЛУС БАШЧЫНЫН КУТТУКТООСУ

ОБЛУС БАШЧЫНЫН КУТТУКТООСУ

 1,704 Бардыгы /

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад областындагы согуш, ардагерлерин , ооруктун каармандарын жана жалпы элди Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады.

Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун каармандары!

Кадырлуу Жалал-Абад облусунун тургундары!

Баарыңыздарды Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!

Ардактуу биздин ардагерлерибиз, Сиздердин улуу эрдигиңиздердин арты менен биз тынч заманда жашап жаткандыгыбызга туура 76 жыл толду.

Биздин ата-балаларыбыз адамзатына туш келген эң бир оор мезгилдерди башынан өткөрүп, кан майданда салгылашып, жеңишти камсыздашкан. Мындагы апаатка Жалал-Абад облусунан 30 миңдей адам катышып, анын 18 миңден ашууну кайтпай калган.

Жыл сайын 9-май бүткүл союздаш өлкөлөр менен катар кыргызстандыктар үчүн да маанилүү күнгө айланган. Ардагерлерибизге сый-урмат көрсөтүп, дагы бир ирет ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда согуштун 18, оруктун 41 гана ардагери калды. Бул жылы мамлекет тарабынан согуш ардагерлерине 70 миң сомдон акча каражаты тапшырылды. Облус өкүлүнүн резервдик фондунан согуш ардагерлерине 10 миң, тылда эмгектенгендерге 5 миң сомдон акча каражаты бөлүндү. Аны менен бирге жергиликтүү бийликтер тарабынан да материалдык колдоолор көрсөтүлүүдө. Биздин эң өкүндүргөнү жылдан жылга алардын катары суюлуп бараткандыгы. Андыктан Улуу Жеңиштин баркына жетип, ардагер аталарыбызды урматтап калалы.

Кадырлуу замандаштар! Мекендин тынчтыгы, эл-жерибиздин бүтүндүгү баарынан кымбат экени кечээки болуп өтөн Баткен окуяларында дагы бир ирет көрүндү. Акылман элибиз оор күндөрдү биримдик менен жеңип, кайраттуулугун көрсөтүүдө. Мындай шартта ар бирибиздин алдыбызда өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуу милдети турат. Ага кайдыгер карабай, аракеттенүүдөн талбайлы.Баарыңыздарды дагы бир жолу Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайм! Ардагерлерибиз биздин сыймыгыбыз болуп көп жашасын!

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17